Эгер яхудилер жана христиандар Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген нерсеге ишенишсе, күнөөлөрдөн тыйылып Аллахка такыба болсо, анда алардын мурдагы күнөөлөрүн чоң болсо да кечиребиз, кыямат күнү жакшылыгы тугөнгүс - Наим - бейишине киргизебиз, анда түгөнбөс жакшылыкка чөмүлүшөт.
Эгер яхудилер Тооротто жазылгандарды ишке ашырганда, христиандар Инжилде жазылганды ишке ашырганда, ошондой эле экөө тең Куранда түшүрүлгөн нерселерди ишке ашырганда, аларга жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү өстүрүп ырыскынын себептерин жеңилдетмекмин. Китеп берилгендердин арасында орточо чындыкты карманып жашагандары да бар. Көбүнүн ыйманы жок болгону үчүн кылган иштери өтө жаман.
Оо, элчи, Жаратуучуңдан сага түшүрүлгөн нерсени толук тарат, андан эч нерсени жашырып калба. Эгер андан жашырып калсаң, сен анда Жаратуучуңдун динин жеткирүүчү болбой каласың. (Пайгамбар, ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун, жеткирүүгө буйрулган нерсенин баарын жеткирди, ким мындан башкача күмөн кылса, ал Аллахка чон жалганчы болот) Бүгүндөн кийин адамдардан сени Аллах Өзү сактайт, алар сага жамандык кыла алышпайт, сенин милдетиң жеткирүү гана. Туура жолго түшүүнү каалабаган каапырларды Аллах Таала бул жолго багыттабайт
Эй, элчи, айткын: "Эй, яхудилер жана христиандар, силер Тоорот жана Инжилдеги буйруктарды аткармайынча, силер ага ишенгенде гана ыйманыңар ачык боло турган Куранда айтылган буйруктарды аткармайынча, андагыларды ишке ашырмайынча, бул диндердин бирин да кармаган болуп эсептелбейсиңер. Жаратуучуң сага түшүргөн Куран, китеп берилгендердин көбүнүн каапырлыгынын үстүнө каапырлыгын, чектен чыгуусунун үстүнө чектен чыгуусун күчөтөт. Себеби алар көралбастык кылышат. Сен ал каапырларга капа болбо. сени ээрчиген ыймандуулар жетиштүү
Ыймандуулар, яхудилер, сааибиндер (кээ бир пайгамбарларга ишенген тайпа) жана христиандар, булардан кимиси болсо да Аллахка жана кыямат күнүнө ишенип, жакшы иштерди кылса, акыретте аларга коркунуч болбойт жана бул дүйнөдө кылгандарына да өкүбөйт.
Исраил урпактарынан угууга жана баш ийүүгө ант-убада алып жана аларга Аллахтын шариятын жеткирүү үчүн элчилерди жибердик эле, бирок алар ал ант-убадасын бузушту. Алар пайгамбарлары алып келген нерседен жүз буруп, кээ бирин жалганга чыгарып, кээ бирин өлтүрүп, напси-каалоолорун ээрчип кетишти.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• العمل بما أنزل الله تعالى سبب لتكفير السيئات ودخول الجنة وسعة الأرزاق.
Аллах Таала түшүргөн буйруктарды аткаруу, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө, бейишке кирүүгө, ырыскынын берекелүү болуусуна себеп болот
• توجيه الدعاة إلى أن التبليغ المُعتَدَّ به والمُبْرِئ للذمة هو ما كان كاملًا غير منقوص، وفي ضوء ما ورد به الوحي.
Даават кылуучуларды моюнга жүктөлгөндү жеткирүүдө аны эч кемчиликсиз толук жана аян-кабардын негизинде гана жеткирүүгө багыттоо
• لا يُعْتد بأي معتقد ما لم يُقِمْ صاحبه دليلًا على أنه من عند الله تعالى.
Кайсы ишеним болбосун ага ишенген адам анын Аллахтан экенине далили болбосо, анда ал дин катары эсептелебейт