Иса пайгамбар алардын талабын кабыл кылып Аллах Талаага мнтип дуба кылды: "Раббибиз, бизге тамак-ашы менен дасторкон түшүр, ал түшкөн күндү майрамдайбыз, биз өзүбүз жана бизден кийин келүүчүлөр Сага шүгүр кылып ошол күндү улуктайбыз. Бул Сенин Жалгыздыгыңа, диниңдин чындыгына белги жана далил болсун. Бизге ырыскы бер, оо, Жаратуучубуз, Өзүң эң жакшы ырыскы берүүчүсүң.
Аллах Таала Иса пайгамбардын дубасын кабыл кылды жана мындай деди: силер түшүрүүнү суранган дасторконду түшүрөм, бирок аны түшүргөндөн кийин ким каапыр болсо, өзүнөн көрсүн, аны эч кимди азаптабаган катуу азап менен азаптайм; анткени ал айдан ачык далилге күбө болду, анын каапырлыгы кежирликтен улам болуп жатат. Аллах аларга берген убадасынын өтөөсүнө чыгып, дасторконду түшүрдү.
Эстегин, кыямат күнү Аллах Таала Иса пайгамбарга кайрылып: Эй, Марямдын уулу Иса, сен адамдарга Аллахты ары коюп мага жана менин апама ибадат кылгыла дедиң беле? - деп сураганда, Иса Жаратуусун аруулап: мага алар үчүн чындыктан башканы айтуу ылайык эмес, эгер менин колумдан келип минтип айтканымда, Сен аны билет элең, анткени Сага эч нерсе жашыруун эмес, өзүмө бек жашырганды да билесиң. Ал эми мен Сендеги нерсени билбейм, чынында Сен бардык ачык, купуя жана кайып иштерди билесиң.
Иса Жаратуучусуна мындай деди: Мен адамдарга Сен мага буйруган сөздү: ибадат кылууга ылайык бир гана Сен экениңди айттым. Мен алардын арасында жашап турган учурда алардын айткандарына күбө болуп турганмын, кийин Сен мени тирүү асманга көтөрүп, алардын арасындагы мөөнөтүм бүткөн соң алардын ишин Сен Өзүң көзөмөлдөп калдың, оо, Жаратуучум. Сен бардык нерсеге күбө болуучусуң, Сага эч нерсе жашыруун калбайт, менин аларга эмне дегеним жана мен кеткенден кийин алардын эмне дегени Сага жашыруун эмес.
Оо, Жараткан, эгер азаптайм десең, алар өзүңдүн пенделериң, каалаганыңды кыласың. Эгер алардын ыйман келтиргендерин кечирим менен сыйлайм десең, Сени мындан эч ким тыя албайт, Сага эч ким үстөмдүк кыла албай турган Кубаттуусуң, башкарууда Даанышмансың
Аллах Таала Иса пайгамбарга мындай деди: Кыямат күнү чынчылдарга ниетинин жана иштеринин чындыгы пайдасын тийгизе турган күн. Аларга ак сарайларынын жана бак-дарактарынын астынан дарыялар агып турган бейиш бар, анда түбөлүк калышат, аларга өлүм болбойт. Аллах аларга ыраазы болду, эми такыр ачууланбайт. Алар да, төбүөктүү жакшылыкка жеткиргендиги үчүн Аллахка ыраазы болду. Мына ушул сый жана ыраазылык өтө чоң жеңиш, мындан өткөн жеңиш болбойт.
Асман-жердин мүлк-падышалыгы Жалгыз Аллахка тиешелүү, Аллах ал экөөнү жараткан жана аларды башкарып турат. Ошондой эле асман-жердеги бардык жаратылыштын мүлк-падышалыгы да Аллахка таандык, Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, эч нерсеге күч-кубаты жетпей калбайт.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• توعد الله تعالى كل من أصرَّ على كفره وعناده بعد قيام الحجة الواضحة عليه.
Ачык-айкын далил, белгилерди келтиргенден кийин деле каапырлыгын жана кежирлигин уланта бергендерге Аллах Таала жаман нерсени убада кылган
• تَبْرئة المسيح عليه السلام من ادعاء النصارى بأنه أبلغهم أنه الله أو أنه ابن الله أو أنه ادعى الربوبية أو الألوهية.
Христиандардын: Иса бизге өзүн кудай деген, кудайдын уулумун деген, Аллахтын ибадатка ылайыктуулук жана жаратуучулук сыпаттарын өзүнө ыйгарган деген сөздөрүнөн Иса пайгамбар аруу-таза
• أن الله تعالى يسأل يوم القيامة عظماء الناس وأشرافهم من الرسل، فكيف بمن دونهم درجة؟!
Кыямат күнү Аллах Таала адамдардын эң кадыр-барктуусу болгон элчилерди да сурак кылат, анан башкаларды кантип сурабай койсун?!
• علو منزلة الصدق، وثناء الله تعالى على أهله، وبيان نفع الصدق لأهله يوم القيامة.
Чынчылдыктын орду бийик, Аллах Таала аларды мактады, кыямат күнү алар чынчылдыгынын пайдасын сөзсүз көрөт