Ошондой эле намазга азан чакырсаңар да (бул чоң курбандык) алар шылдың кылышат. анткени алар Аллахка жана Ага кылынган ибадаттын маанисине жана Аллахтын адамдарга түзгөн шариятына акылы жетпейт.
Оо, элчи, ыймандууларды шылдыңдаган яхуди жана христиандарга айт: биз Аллахка ишенгенибиз үчүн, Аллах бизге түшүргөн, бизден мурдагыларга түшүргөн китептерге ишенгенибиз үчүн, силердин көбүңөр Аллахка ишенбей, Анын буйруктарын аткарбаганыңар үчүн динден чыгып кеткенсиңер деп ишенгенибиз үчүн эле жек көрө бересиңерби?!
Оо, элчи, тигилерден катуу азапталчу, жазага татыктуулар кимдер экенин кабарлайынбы? Булар тигилерден мурда жашап өткөн адамдар, аларды Аллах Таала ырайымынан алыстатып, каарын төккөн, аларды маймыл жанан чочкого айландырып койгон, кээсин таагутка сыйындырып койгон. Таагут - бул, адамдар өз ыктыяры менен сыйынып алышкан Аллахтан башка нерселер. Ушул аталгандар кыямат күнү эң жаман орунда болот, булар туура жолдон такыр адашып кетишкен.
Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр силерге келгенде эки жүздүүлүгүн жашырып, сыртынан ыймандуу болуп көрүнүшөт. А, чынында, алар силерге келгенде да, кеткенде да каапырлыкты жамынып сыр алдырышпайт. Силерге ыймандуу көрүнгөнү менен алардын жашыруун каапырлыгын Аллах жакшы билет. Кийин ошого жараша жазасын берет.
Оо, элчи, яхуди жана эки жүздүүлөрдүн көбүн жалганчылык, бирөөлөргө залым кылуу, адамдардын мал-мүлкүн арам жол менен алуу сыяктуу күнөөлөргө баш оту менен киргенин көрөсүң. Булардын кылганы өтө жаман.
Имамдары жана аалымдары аларды жалган сүйлөөдөн, жалган күбөлүк берүүдөң, элдин малын арам жол менен алуудан тыйып эскертишпейби. Имамдары менен аалымдары элди күнөө иштен тыйбай койгон өтө жаман иш.
Яхудилердин башына оорчулук түшүп, кургакчылык болгондо: Аллахтын колу жабык, бизге Өзүндөгү жакшылык, белектерин бербей койду дешет. Жок, жакшылык кылуудан алардын өздөрүнүн колу жабылган. Мына ушул айткандары үчүн Аллахтын ырайымынан куулушту. Чындыгында, жакшылык кылууда Аллахтын колдору ачык, кандай кааласа, ошондой берет. Берет жана тыйып коёт, Ага тоскоолдук кылуучу да, мажбурлоочу да жок. Эй, элчи, сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) алардын чектен чыгуусун жана тануусун күчөттү; анткени аларда көралбастык бар эле. Яхудилердин тайпаларына бири-бирине душмандык жана жек көрүү пайда кылдык. Алар согушка чогулуп, топтолгондо, же согуш отун тутантканда, Аллах алардын тобун чачыратат, күчүн кетирет. Алар Исламды бузуу үчүн куулук кылып, жер бетине бүлгүн салып жүрө беришет, Аллах Таала бузуку-бүлгүнчүлөрдү жакшы көрбөйт.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• ذمُّ العالم على سكوته عن معاصي قومه وعدم بيانه لمنكراتهم وتحذيرهم منها.
Элинин күнөө кылганына унчукпай, туура эмес жаман иштерди айтып эскертпеген аалым чоң күнөөкөр болот
• سوء أدب اليهود مع الله تعالى، وذلك لأنهم وصفوه سبحانه بأنه مغلول اليد، حابس للخير.
Яхудилердин Аллах Таалага адеби жаман, анткени алар Аллахты жакшылык бербеген сараң деп сыпатташты.
• إثبات صفة اليدين، على وجه يليق بذاته وجلاله وعظيم سلطانه.
Аллах Тааланын Өзүнүн улуктугуна, затына жараша колдору бар
• الإشارة لما وقع فيه بعض طوائف اليهود من الشقاق والاختلاف والعداوة بينهم نتيجة لكفرهم وميلهم عن الحق.
Яхудилердин кээ бир тайпаларынын бири-бири менен келишпестиги, душмандыгы, карама-каршылыгы, алардын каапырлыгынын жана акыйкаттан жүз бургандыгынын натыйжасы.