Ал яхудилер жалганды көп угат, сүткордук сыяктуу арам тамакты көп жешет. Эй, элчи, эгер алар сенден өкүм сураса, каалсаң өкүм чыгар, кааласаң баш тарт, бул эки ишти кылууда ыктыярлуусуң. Аларга өкүм чыгарбай койсоң, алар сага зыян тийгизе албайт. А эгер өкүм чыгарсаң, алар заалым, душман болгонуна карабай анда адилдик менен өкүм чыгар. Өкүм кылынгандар өкүм кылуучунун душманы болсо да, аларга адаил өкүм чыгаргандарды Аллах Таала жакшы көрөт.
Бул яхудилердин кылганы таң калыштуу, алар сага ишенишпейт, алар сенден өздөрүнүн каалоосуна ылайык өкүм чыгарып берүүңдү үмүт кылышат. Аларда өздөрү ишенимиш болгон Тоорот китеби бар, анда Аллахтын өкүмү бар. Кийин сен чыгарган өкүм алардын каалоосуна туура келбей калса, андан баш тартышат, китептериндеги өкүмдөргө каапырлык кылгандай кылышат. Сенин өкүмүңө каршы болуусу, алардын кылганы ыймандуулардын кылганы эмес, демек алар сага да, сен алып келген Куранга да ыйман келтиришпейт.
Биз Мусага (ага Аллахтын саламы болсун) Тооротту түшүрдүк. Анда жакшылакка багыттаган далилдер, жарык чачкан нур бар. Аны менен Исраил урпагынан чыккан, Аллахка баш ийген пайгамбарлар өкүм кылат. Аллахтын китебинде сакталып калган нерсе менен адамдарды тарбиялоочу факых, аалымдар өкүм кылат. Аларга китепти өзгөртүү, алмаштыруудан сактоо аманат кылынган. Алар анын чындык китеп экенине күбө, аларга адамдар ар иштери менен кайрылат. Эй, яхудилер, элден коркпогула, Менден корккула, Менин аяттарымды арзыбаган билик, мансап, мал-мүлккө алмаштырбагыла. Ким Аллах Таала аян-кабар менен түшүргөн өкүм менен өкүм чыгарбай жана мунусун адал десе, же башканы андан артык же тең деп эсептесе, анда ал анык каапыр.
Тооротто яхудилерге, кимде-ким бирөөнү атайлап өлтүрсө, өлтүрүлөт, кимде-ким бирөөнүн көзүн атайлап оюп алса, көзү оюлат, кимде-ким бирөөнүн мурдун атайлап сындырса, мурду сындырылат, кимде-ким бирөөнүн кулагын атайы жулуп алса, кулагы жулунат, кимде-ким бирөөнүн тишин сындырса, тиш сындырылат, кыскасы, кандай жаракат берсе, ошонун өзүндөй жаракаттандырылат деп жазганбыз. Кимде-ким өч албай кечирип жиберсе, ага залым кылган адамга болгон анын кечирими күнөөсү кечирилүүгө себеп болот. Өч алууда жана башка иштерде Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм чыгарбагандар Алахтын чегинен чыгыптыр.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تعداد بعض صفات اليهود، مثل الكذب وأكل الربا ومحبة التحاكم لغير الشرع؛ لبيان ضلالهم وللتحذير منها.
Яхудилердин адашуусун баяндоо жана андан сак болууну эскертүү үчүн алардын жалганчылыгы, сүткордугу, шарияттан башка нерсе менен өкүм кылганы сыяктуу кээ бир жаман сапаттары айтылды.
• بيان شرعة القصاص العادل في الأنفس والجراحات، وهي أمر فرضه الله تعالى على من قبلنا.
Адам өлтүргөндө же жаракаттандырганда адилеттүү өч алуу тууралуу шарият баян кылынды, бул иштерди Аллах Таала бизден мурдагы коомдорго парз кылган эле
• الحث على فضيلة العفو عن القصاص، وبيان أجرها العظيم المتمثّل في تكفير الذنوب.
Өч албастан кечирип жиберүү күнөөлөрдүн кечирилүүсүн себеп боло турган улуу иш
• الترهيب من الحكم بغير ما أنزل الله في شأن القصاص وغيره.
Өч алууда жана башка иштерде Аллах түшүргөн нерседен башка нерсе менен өкүм чыгаруудан сак болуу зарыл