Кээ бир малдардарды арам кылган деп Аллахка жалганды оодарган бутпарастарга: Аллах түшүргөн Куранга жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтүнө кайткыла, ошондо арам менен адалды ажыратасыңар деп айтылса, алар: бизге ата-бабаларыбыздан мурас калган ишеним, айтым жана иштер жетиштүү дешет. Булар кантип жетиштүү болсун, алардын бабалары эч нерсени билбесе жана туура жолго баштабаса?! Аларды алардан өткөн илимсиздер жана алардан өткөн адашуучулар гана ээрчийт, алар караңгы, адашуучулар
Оо, ыймандуулар, өз напсиңерге өзүңөр жооп бересиңер, аны оңдой турган ишке бекем болгула. Эгер силер туура жолго түшсөңөр, адамдардын адашкандары зыянын тийгизе албайт, силерге жооп да бербейт. Туура жолго түшкөнүңөрдүн бир белгиси жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйганыңар. Кыямат күнү жалгыз Аллахка кайтасыңар, ошондо бул дүйнөдө эмне кылганыңардын кабарын билдирет жана ошого жараша сыйлайт же жазалайт
Оо, ыймандуулар, эгер сапарда жүргөнүңөдө кимдир бирөөңөргө өлүмдүн белгилеринен көрүнүп, өлүмү жакындап калса, эки адилеттүү мусулманды, мусулмандар жок болуп, муктаждык туулса, каапырлардан эки кишини калтырчу мурасыңарга күбө кылгыла. Эгер каапырларды күбө кыла турган болсоңор, аларды кайсы бир намаз окулуп бүткөндөн кийин кармагыла. Анан алар: бул күбөлүктү бир максатта сатып жибербейбиз, жакын туугандарыбызга тартпайбыз жана жашырып койбойбуз деп Аллахтын аты менен ант беришсин. Кийин анттарын бузуп, айтылгандарды кылса Аллахка да пендеге да күнөөкөр болот
Ант беришкенден кийин күбөлүктү же антты бузуп кыянат кылары белгилүү болуп калса; маркумдун туугандарынан күбөлүккө акылуураак болгон эки киши күбө болуп, алар да: Биздин күбөлүгүбүз алардын жалганчы жана кыянатчы күбөлүктөрүнө караганда чындыкка жана аманатка бек, биз акыйкаттан тайбай ант бердик, эгер акыйкаттан тайсак Аллахтын чегинен чыккан залымдардан болуп калабыз деп ант беришет.
Намаздан кийин күбө болгон күбөлөрдүн күбөлүгү шектүү болуп калуусунан же аны кабыл кылбай коюуларынан, жогоруда айтылган эки адамдын күбөлүгү шариятка ылайык күбөлүккө жакыныраак болот. Алар күбөлүктү бузбайт, алмаштырбайт жана кыянат кылбайт. Ошондой эле мурас кылуучу кишинин туугандарынын кабыл кылуусуна да жакыныраак болот. Булар тиги экөө күбө болуп дуушар болгондон башка ант беришет. Күбө болууда жана ант берүүдө кыянаттыкты жана жалганды таштап Аллахка такыба болгула, буйрулган нерсени кабыл кыла тургандй берилип уккула. Ага баш ийбегендердин ишин Аллах Таала ийгиликтүү кылбайт.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إذا ألزم العبد نفسه بطاعة الله، وأمر بالمعروف ونهى عن المنكر بحسب طاقته، فلا يضره بعد ذلك ضلال أحد، ولن يُسْأل عن غيره من الناس، وخاصة أهل الضلال منهم.
Пенде эгер Аллахка бекем баш ийсе, мүмкүнчүлүгүнө жараша башкаларды жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыйса, мындан кийин кимдир бирөөнүн адашканы ага зыянын тийгизбейт, башка адамдар тууралуу суралбайт, айрыкча, адамдардын арасындагы адашуучулар тууралуу суралбайт
• الترغيب في كتابة الوصية، مع صيانتها بإشهاد العدول عليها.
Мурасты адилеттүү адамдарды күбө кылуу менен бирге жазып калтыруу жакшы иш
• بيان الصورة الشرعية لسؤال الشهود عن الوصية.
Мурас тууралуу күбөлөрдүн суралуусу шариятта кандай болору баяндалды