ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
96 : 5

أُحِلَّ لَكُمۡ صَيۡدُ ٱلۡبَحۡرِ وَطَعَامُهُۥ مَتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِلسَّيَّارَةِۖ وَحُرِّمَ عَلَيۡكُمۡ صَيۡدُ ٱلۡبَرِّ مَا دُمۡتُمۡ حُرُمٗاۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ

Мусаапыр болобу, жергиликтүү тургун болобу, кыскасы силер аны азык кылып пайдаланууңар үчүн деңиз жаныбарларына уучулук кылуу, деңиз жээкке түртүп чыгарган жаныбарлар, ал мейли тирүү, мейли өлүк болсун силерге адал болду. Ажы же умрада ихрамда турганыңарда кургактыктагы жаныбарларга аңчылык кылуу арам. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болгула. Ал кыямат күнү баарыңар Анын алдына чогула турган Жалгыз Аллах, силерди иш-аракеттериңерге жараша сыйлайт же азаптайт info
التفاسير:

external-link copy
97 : 5

۞ جَعَلَ ٱللَّهُ ٱلۡكَعۡبَةَ ٱلۡبَيۡتَ ٱلۡحَرَامَ قِيَٰمٗا لِّلنَّاسِ وَٱلشَّهۡرَ ٱلۡحَرَامَ وَٱلۡهَدۡيَ وَٱلۡقَلَٰٓئِدَۚ ذَٰلِكَ لِتَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ

Аллах Таала Каабаны - Байт ал-Харамды - адамдар турчу жер кылды. Анда алар диний иштерин намазды, ажыны, умраны, аткарышат. Ошондой эле харамдагы аманчылык, мөмө-жемиштерди чогултуу сыяктуу дүйнөлүк жакшылыктар бар. Арам айларында (Зул-Каада, Зул-Хиджа, Мухаррам, Ражаб) башкалар менен согушуудан силерди аман кылып койду. Ошондой эле харамга айдалып барчу белек-курмандыктарды, аларды билүү үчүн моюндарына тагып койгон мончок белгилерди ээси аларга зыян тийгизүүдөн аман болсун үчүн кылды. Мунун баарын Аллах Таала силер Ал асман-жердегинин баарын билерин аңдооңор үчүн кылды. Чынында Аллах Таала бардык нерсени Билүүчү. Жогорудагыдай шарияттары келечекте силерди зыяндан сактап, жакшылыкка дуушар кылуу үчүн. Бул пенделерине эмне пайдалуу экенин алдын-ала билгенине далил. info
التفاسير:

external-link copy
98 : 5

ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ وَأَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Эй, адамдар, Аллах Таала күнөө кылган адамды катуу азаптоочу, ал эми тообо кылган адамга ырайымдуу, кечиримдүү info
التفاسير:

external-link copy
99 : 5

مَّا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تُبۡدُونَ وَمَا تَكۡتُمُونَ

Элчинин милдети Аллах Таала жеткирүүсүн буйруган нерсени жеткирүү гана, адамдарды туура жолго анда мүмкүнчүлүк жок. Туура жолго салуу Жалгыз Аллахтын колунда. Аллах Таала туура жолдо же адашуудагы силердин ачык жана жашыруун ишериңерди билет, кийин ошого жараша сыйлайт же жазалайт info
التفاسير:

external-link copy
100 : 5

قُل لَّا يَسۡتَوِي ٱلۡخَبِيثُ وَٱلطَّيِّبُ وَلَوۡ أَعۡجَبَكَ كَثۡرَةُ ٱلۡخَبِيثِۚ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ

Оо, элчи, айткын: бардык нерседеги ыпластык бардык нерседеги тазалык менен бирдей болбойт. Ыпластыктын көптүгү сени кызыктырса да, анын көптүгү анын жакшы экенине далил эмес. Эй, акылдуулар, ыпластыкты таштап, жакшы иштерди кылуу менен Аллахка такыба болгула, ошондо бейиш жеңишине жетээрсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 5

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَسۡـَٔلُواْ عَنۡ أَشۡيَآءَ إِن تُبۡدَ لَكُمۡ تَسُؤۡكُمۡ وَإِن تَسۡـَٔلُواْ عَنۡهَا حِينَ يُنَزَّلُ ٱلۡقُرۡءَانُ تُبۡدَ لَكُمۡ عَفَا ٱللَّهُ عَنۡهَاۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٞ

Оо, ыймандуулар, элчиңерден силерге керексиз, дин иштериңерде зарыл болбогон суроолорду сурай бербегиле, эгер сурооңорго жооп берилсе, андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар. Суроого тыюу салынган мындай суроолорду пайгамбарга Куран аян-кабар болуп түшүп жатканда сурасаңар, силерге анын жообун маалым кылат, бул Аллах Таалага жеңил. Бирок, Куранда айтылбаган нерселерди Аллах кечирет, аны кайра сурай бербегиле, эгер сурай берсеңер анын өкүмүн аткаруу моюнуңарга жүктөлөт. Аллах тобо кылган пенделеринин күнөөсүн Кечирүүчү, аларды азаптоого пейили Жумшак. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 5

قَدۡ سَأَلَهَا قَوۡمٞ مِّن قَبۡلِكُمۡ ثُمَّ أَصۡبَحُواْ بِهَا كَٰفِرِينَ

Мындай суроолорду силерден мурдагы коомдор да сурашкан, кийин алардын моюнуна жүктөлгөндө аткарбай коюшту, анан ушунун себебинен каапыр болушту info
التفاسير:

external-link copy
103 : 5

مَا جَعَلَ ٱللَّهُ مِنۢ بَحِيرَةٖ وَلَا سَآئِبَةٖ وَلَا وَصِيلَةٖ وَلَا حَامٖ وَلَٰكِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۖ وَأَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ

Аллах Таала мал-жандыктарды адал кылган, бутпарастар бут-айкелдерине арнап өздөрүнө арам кылып алган нерселерди Аллах Арам кылган эмес. Мисалы, бахийра, ал белгилүү бир санда туугандан кийин кулагын кесип белги салып койгон төө, сааиба бут-айкелдерге арнап карыганда коё берип жиберген төө, васийла эки жолу удаа ургачы тууган төө, хамий үйүргө коюлуп бир канча жолу (он жолу) туудурган атан төө, буларды минбей, сойбой коюп жиберишкен. Анан буларды Аллах арам кылган деп жалган доомат кылышат, каапырлардын көбү ушинтип чындык менен жалганды, адал менен арамды ажырата албайт. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الأصل في شعائر الله تعالى أنها جاءت لتحقيق مصالح العباد الدنيوية والأخروية، ودفع المضار عنهم.
Аллахтын шарияты негизи пенделердин дүйнөлүк жана акыреттик пайдаларын көздөп, аларды зыяндуу нерседен сактоо үчүн келген info

• عدم الإعجاب بالكثرة، فإنّ كثرة الشيء ليست دليلًا على حِلِّه أو طِيبه، وإنما الدليل يكمن في الحكم الشرعي.
Көптүккө маани берүүгө болбойт, кайсы бир нерсенин көптүгү анын адалдыгына же тазалыгына далил эмес, далил шарият өкүмүндө болот info

• من أدب المُسْتفتي: تقييد السؤال بحدود معينة، فلا يسوغ السؤال عما لا حاجة للمرء ولا غرض له فيه.
Суроочунун адеби: суроо белгилүү чектен ашпоого тийиш, адамга эч зарылдыгы жок, максатсыз суроолор сиңимдүү болбойт info

• ذم مسالك المشركين فيما اخترعوه وزعموه من محرمات الأنعام ك: البَحِيرة، والسائبة، والوصِيلة، والحامي.
Бахийра, сааиба, васийла жана хаамий сыяктуу малдарды арам деп эсептешкен бутпарастардын жолу туура эмес, жаман жол info