Алар ант-убадаларды бузгандыгы, пайгамбарларды жалганга чыгарганы жана өлтүргөнү өздөрүнө зыянын тийгизбейт деп ойлошот. Бирок алар ойлогондой болбойт. Алар чындыкты көрбөдү жана ал жолго түшпөдү, сөздү кабыл кыла тургандай угуудан керең болушту. Кийин Аллах Таала аларга боор тартып, тооболорун кабыл кылды. Алар болсо, дагы чындыкты көрбөй, укпай коюшту. Алардын көбү ушундай кылышты. Аллах алардын кылгандарын Көрүүчү, Ага эч нерсе жашыруун калбайт, кийин аларды ошол иш-аракеттерине жараша жазалайт
Аллах бул Марямдын уулу Иса-Масих деген христиандар чынында каапыр, Аллахтан башкага кудайлык сыпатты ыйгарышканы үчүн. А, Маиямдын уулу Иса аларга: Эй, Исраил урпактары, Аллахтын жалгыз Өзүнө ибадат кылгыла, Ал менин жана силердин Жаратуучуңар, Ага ибадат кылууда баарыбыз бирдейбиз. Ким Аллахка башка нерсени шерик кылса, Аллах Таала ага бейишке кирүүгө тыюу салат, анын бара турган жери тозок оту. Аллахтын алдында ага жардамчы да колдоочу да жок жана аны күтүп турган азаптан сактап калуучу болбойт.
Аллах үч илтиктин (ата, бала жана ыйык рух) бири деген христиандар да каапыр. Аллах Таала алардын айтканынан өтө Бийик, Аллах бир канча эмес, Аллах Жалгыз, эч шериги жок. Эгер алар бул жийиркеничтүү сөздөрүнөн кайтпаса, жан кейиткен катуу азапка кириптер кылабыз.
Алар бул айткандарынан кайтып, Аллахка тообо кылып, ширк кылышканы үчүн кечирим тилебейби?! Аллах Таала ыймандууларга ырайым кылып, кайсы күнөө болсо да тообо кылгандарды кечирет, мейли ал күнөө каапырлык болсо дагы.
Марямдын уулу Иса башка элчилер сыяктуу эле элчи, алар сыяктуу эле ага да өлүм келет. Анын энеси Марям өтө чынчыл жана тастыктоочу аял болгон. Экөө тең эл катары муктаж болуп тамак жейт, тамакка муктаж болуп турса, анан кантип бул экөө кудай болмок эле?! Эй, элчи, ой жүгүртүү менен карачы: биз аларга Аллахтын жалгыздыгын далилдөөчү жана кудайлык сыпатты Аллахтан башкага ыйгаруулары катуу адашуу экенине түрдүү ачык-айкын далилдерди көрсөттүк. Ошого карабастан, алар бул далил-белгилерди четке кагышты. Анан, Аллахтын Жалгыздыгына ачык-айкын далилдер турганына карабай, алардын чындыктан ушунчалык тайып кетишкенин карабайсыңбы.
Оо, элчи, Аллахтан башкага ибадат кылып жатышканын далил кылып аларга айт: Силерге пайда алып келе албаган жана зыянын да тийгизе албаган нерсеге ибадат кыласыңарбы?! Ал алсыз. Аллах болсо алсыздыктан таза. Аллах Ал Жалгыз Өзү силердин сөзүңөрдү Угуучу, сөзүңөрдөн эч нерсе угулбай калбайт. Иш-аракетиңерди Билүүчү, ишиңерден эч нерсе жашыруун калбайт, кийин ошол сөзүңөр жана иш-аракетиңерге жараша жазалайт.
Оо, элчи, христиандарга айт: өзүңөрдөн мурдагы адашкан, көп адамдарды да адаштырган, түз жолдон тайып кеткендерди ээрчип, силер да түз жүрүүгө буйрулган жолуңарда чектен чыкпагыла, пайгамбарлар сыяктуу сыйлагыла деп буйрулгандарды сыйлоодо Марямдын уулу Исага кудайдык сыпатты ыйгарып жибергендей аша чаппагыла.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بيان كفر النصارى في زعمهم ألوهية المسيح عليه السلام، وبيان بطلانها، والدعوةُ للتوبة منها.
Иса-Масихке кудайлык сыпатты ыйгарган христиандардын каапыр болуусу, алардын бул ишеними ката экени жана аларды мындан тообо кылууга үндөө баяндалды.
• من أدلة بشرية المسيح وأمه: أكلهما للطعام، وفعل ما يترتب عليه.
Иса-Масихтин жана анын энесинин инсан экенине: алардын тамак жегени жана башка инсандык иштери далил.
• عدم القدرة على كف الضر وإيصال النفع من الأدلة الظاهرة على عدم استحقاق المعبودين من دون الله للألوهية؛ لكونهم عاجزين.
Аллахтан башка бардык сыйынылган нерселер мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, алардын пайда да, зыян да тийгизе албаганы - аларга кудайлык сыпатты ыйгарууга болбостугуна ачык далил.
• النهي عن الغلو وتجاوز الحد في معاملة الصالحين من خلق الله تعالى.
Аллах Жараткан салих-ыймандууларга мамиле кылууда чектен чыгып, аша чаап кетпөө керек