Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina:close

external-link copy
65 : 5

وَلَوۡ أَنَّ أَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ ءَامَنُواْ وَٱتَّقَوۡاْ لَكَفَّرۡنَا عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡ وَلَأَدۡخَلۡنَٰهُمۡ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Эгер яхудилер жана христиандар Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген нерсеге ишенишсе, күнөөлөрдөн тыйылып Аллахка такыба болсо, анда алардын мурдагы күнөөлөрүн чоң болсо да кечиребиз, кыямат күнү жакшылыгы тугөнгүс - Наим - бейишине киргизебиз, анда түгөнбөс жакшылыкка чөмүлүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 5

وَلَوۡ أَنَّهُمۡ أَقَامُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِم مِّن رَّبِّهِمۡ لَأَكَلُواْ مِن فَوۡقِهِمۡ وَمِن تَحۡتِ أَرۡجُلِهِمۚ مِّنۡهُمۡ أُمَّةٞ مُّقۡتَصِدَةٞۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ سَآءَ مَا يَعۡمَلُونَ

Эгер яхудилер Тооротто жазылгандарды ишке ашырганда, христиандар Инжилде жазылганды ишке ашырганда, ошондой эле экөө тең Куранда түшүрүлгөн нерселерди ишке ашырганда, аларга жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү өстүрүп ырыскынын себептерин жеңилдетмекмин. Китеп берилгендердин арасында орточо чындыкты карманып жашагандары да бар. Көбүнүн ыйманы жок болгону үчүн кылган иштери өтө жаман. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 5

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلرَّسُولُ بَلِّغۡ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۖ وَإِن لَّمۡ تَفۡعَلۡ فَمَا بَلَّغۡتَ رِسَالَتَهُۥۚ وَٱللَّهُ يَعۡصِمُكَ مِنَ ٱلنَّاسِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Оо, элчи, Жаратуучуңдан сага түшүрүлгөн нерсени толук тарат, андан эч нерсени жашырып калба. Эгер андан жашырып калсаң, сен анда Жаратуучуңдун динин жеткирүүчү болбой каласың. (Пайгамбар, ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун, жеткирүүгө буйрулган нерсенин баарын жеткирди, ким мындан башкача күмөн кылса, ал Аллахка чон жалганчы болот) Бүгүндөн кийин адамдардан сени Аллах Өзү сактайт, алар сага жамандык кыла алышпайт, сенин милдетиң жеткирүү гана. Туура жолго түшүүнү каалабаган каапырларды Аллах Таала бул жолго багыттабайт info
التفاسير:

external-link copy
68 : 5

قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَسۡتُمۡ عَلَىٰ شَيۡءٍ حَتَّىٰ تُقِيمُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡۗ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُم مَّآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ طُغۡيَٰنٗا وَكُفۡرٗاۖ فَلَا تَأۡسَ عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Эй, элчи, айткын: "Эй, яхудилер жана христиандар, силер Тоорот жана Инжилдеги буйруктарды аткармайынча, силер ага ишенгенде гана ыйманыңар ачык боло турган Куранда айтылган буйруктарды аткармайынча, андагыларды ишке ашырмайынча, бул диндердин бирин да кармаган болуп эсептелбейсиңер. Жаратуучуң сага түшүргөн Куран, китеп берилгендердин көбүнүн каапырлыгынын үстүнө каапырлыгын, чектен чыгуусунун үстүнө чектен чыгуусун күчөтөт. Себеби алар көралбастык кылышат. Сен ал каапырларга капа болбо. сени ээрчиген ыймандуулар жетиштүү info
التفاسير:

external-link copy
69 : 5

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلصَّٰبِـُٔونَ وَٱلنَّصَٰرَىٰ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ

Ыймандуулар, яхудилер, сааибиндер (кээ бир пайгамбарларга ишенген тайпа) жана христиандар, булардан кимиси болсо да Аллахка жана кыямат күнүнө ишенип, жакшы иштерди кылса, акыретте аларга коркунуч болбойт жана бул дүйнөдө кылгандарына да өкүбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 5

لَقَدۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمۡ رُسُلٗاۖ كُلَّمَا جَآءَهُمۡ رَسُولُۢ بِمَا لَا تَهۡوَىٰٓ أَنفُسُهُمۡ فَرِيقٗا كَذَّبُواْ وَفَرِيقٗا يَقۡتُلُونَ

Исраил урпактарынан угууга жана баш ийүүгө ант-убада алып жана аларга Аллахтын шариятын жеткирүү үчүн элчилерди жибердик эле, бирок алар ал ант-убадасын бузушту. Алар пайгамбарлары алып келген нерседен жүз буруп, кээ бирин жалганга чыгарып, кээ бирин өлтүрүп, напси-каалоолорун ээрчип кетишти. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• العمل بما أنزل الله تعالى سبب لتكفير السيئات ودخول الجنة وسعة الأرزاق.
Аллах Таала түшүргөн буйруктарды аткаруу, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө, бейишке кирүүгө, ырыскынын берекелүү болуусуна себеп болот info

• توجيه الدعاة إلى أن التبليغ المُعتَدَّ به والمُبْرِئ للذمة هو ما كان كاملًا غير منقوص، وفي ضوء ما ورد به الوحي.
Даават кылуучуларды моюнга жүктөлгөндү жеткирүүдө аны эч кемчиликсиз толук жана аян-кабардын негизинде гана жеткирүүгө багыттоо info

• لا يُعْتد بأي معتقد ما لم يُقِمْ صاحبه دليلًا على أنه من عند الله تعالى.
Кайсы ишеним болбосун ага ишенген адам анын Аллахтан экенине далили болбосо, анда ал дин катары эсептелебейт info