Аллахка ыйман келтирип, шариятты бекем кармап, ыймандарына ширкти аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык, амандык болот. Алар багытталган адамдар, аларды Раббилери туура жолго багыттаган.
(Бул эки топтун кайсынысы тынчтыкка акылуу...) деген Аллахтын сөзү Биз Ибрахимге берген далил. Ал ошол далил менен коомунун далилдерине үстөмдүк кылып, алардын далилдерин жокко чыгарды. Биз каалаган пендебиздин даражасын бул дүйнөдө да, акыретте да көтөрбүз. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң жаратуучулугунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделерин Билүүчү.
Ибрахимге баласы Исхакты жана небереси Якубду бердик жана ал экөөң тең туура жолго салдык. Булардан мурда Нухту да туура жолго салганбыз.Ошондой эле анын урпактарынан Даудду, анын уулу Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны, анын агасы Харунду (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго салганбыз. Биз пайгамбарларды алардын жакшылыктары үчүн ушундай сыйлаганбыз. Алардан башка жакшылык кылуучуларды да ушундай сыйлайбыз.
Ошондой эле Закарияны,Яхияны, Мариямдын уулу Исаны жана Илясты (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттаганбыз. Бул пайгамбарлардын баары Аллах элчи кылып тандаган саалих-ыймандуу адамдардан эле.
Ошондой эле Исмаилди, Ал-Ясаьны,Юнусту жана Лутту да (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттадык. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баш болгон ушул пайгамбарлардын баарын ааламдардан артык кылдык.
Биз туура жолго түшүүсүн каалап, тандаган алардын кээ бир аталарын, кээ бир балдарын жана кээ бир туугандарын да бир Кудайга сыйынуу жана баш ийүү жолу болгон түз, туура жолго багыттадык.
Алардын туура жолго түшүүсү Аллахтын багыттоосу менен, Аллах каалаган пенделерин ушинтип багыттайт. Эгер алар Аллахка башка нерсени шерик кылышса, кылган жакшы иш-аракеттери текке кетет. Анткени, ширк жакшы иштерди жокко чыгарат.
Жогоруда айтылган пайгамбарларга Биз китептерди, даанышмандыкты жана пайгамбарлыкты бергенбиз. Эгер сенин коомуң Биз пайгамбарларга берген бул үч нерсеге каапырлык кылышса, ага каапыр болбой турган башка коомду даярдап, алмаштырып коёбуз. Алар аны бекем кармаган ыймандуулар болушат. Алар мухажирлер жана ансарлар, ошондой эле алардын жолун жолдогон кыяматка чейинки ыймандуулар.
Ошол пайгамбарлар жана алар менен бирге айтылган аталары, балдары жана бир туугандары акыйкатта туура жолго түшкөн адамдар. Эй, элчи, сен ушуларды ээрчи жана коомуңа: "Мен Куранды жеткиргеним үчүн силерден акы сурабаймын. Куран - инсан жана жиндер үчүн насаат-эскертме, ал аркылуу түз, туура жолду табасыңар" - деп айт.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• من فضائل التوحيد أنه يضمن الأمن للعبد، خاصة في الآخرة حين يفزع الناس.
Бир Кудайга ибадат кылуу ишениминин артыкчылыгы пенделердин амандыгын камсыздагандыгында, айрыкча акыретте адамдар коркуп турган учурда.
• تُقَرِّر الآيات أن جميع من سبق من الأنبياء إنما بَلَّغوا دعوتهم بتوفيق الله تعالى لا بقدرتهم.
Өткөн пайгамбарлардын баары динди өзүнүн күч-кубаты менен эмес, Аллахтын көмөгү менен жеткиргендиги аяттарда кайталанды.
• الأنبياء يشتركون جميعًا في الدعوة إلى توحيد الله تعالى مع اختلاف بينهم في تفاصيل التشريع.
Бир Кудайга ибадат кылуу ишенимине чакырууда пайгамбарлардын баары шерик, баары бирдей. Болгону ибадатты аткаруудагы шарияаттары гана ар башка.
• الاقتداء بالأنبياء سنة محمودة، وخاصة في أصول التوحيد.
Пайгамбарларды ээрчүү макталган жакшы жол, айрыкча, ишеним жолунда