Оо, ыймандуулар, Аллахтын аты аталган нерсени жегенден силерди эмне тыйып жатат. Чынында, Аллах силерге арам нерселерди баяндаган, алардан сактануу силерге важыб, бирок, өтө зарылдыкта жесеңер болот. Зарылдык тыюуну жокко чыгарат. Бутпарастардын көбү билбестен, туура эмес пикирден улам чындыктан алыстап кетшүүдө. Алар өлүмтүк сыяктуу Аллах арам кылган нерселерди адал дешет. Бахира (беш жолу ботологон төө), васила (удаа-удаа эки жолу ургачы ботологон төө) жана хами (он жолу ботолоткон эркек төө) сыяктуу Аллах адал деген нерселерди арам кылышат. Эй, элчи, Раббиң чектен чыккандарды жакшы билет жана аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалайт.
Оо, мусулмандар, Аллахтын аты аталбаган нерсени, мейли ага башканын аты аталсын же аталбасын, баары бир аны жебегиле. Анткени, аны жеш Аллахка баш ийүүдөн чыгарып, күнөөгө түртөт. шайтандар өздөрүнүн досторуна өлүмтүктү жеш-жебеш боюнча күмөн жаратат. Оо, мусулмандар, эгер силер ушундай күмөнгө ээрчип аны жесеңер, силер да ширк кылууда алар менен бирдей болуп каласыңар.
Каапыр болуп, караңгылыкта, күнөөгө батып өлүк сыяктуу болгон, анан Аллах аны туура жолго, ыйманга багыттап, Өзүнө баш ийдирип тирилткен адам, каапырлыктын, илимсиздиктин жана күнөөкөрдүктүн караңгылыгында жүргөн, андан чыга албай, жолдору жабылып, караңгылыкта калган адам менен бирдей болмок беле!? Бутпарастарга өздөрүнүн ширки, өлүмтүк жегени,жалганды талашып-тартышуусу жакшы көрсөтүлгөн сыяктуу, каапырларга да кылган күнөөлөрү жакшы көрсөтүлдү, кыямат күнү аларды ошого жараша азаптоо үчүн.
Меккеде бутпарастарды Аллахтын жолунан тосуучу чоңдору болгон сыяктуу, бардык айылдарда аларды куулук-шумдугу менен шайтандын жолуна чакырып, элчилерге жана аларды ээрчигендерге каршы тукурган башчы, чоңдорун кылып койдук. Иш жүзүндө алар куулук-шумдугу менен өздөрүн алдашат, бирок, алар илимсиздиги жана каалоосуна берилгендиги себептүү муну сезишпейт.
Каапырлардын чоңдоруна Аллах Таала пайгамбарына түшүргөн аят-белгилерден бир белги келсе, алар: "Аллах бизге да пайгамбарларга берген пайгамбарлык жана элчилик озуйпаны бермейинче ыйман келтирбейбиз" дешет. Аллах элчиликке жана анын милдеттирин аткарууга ким ылайык экенин жакшы билет жана пайгамбарлык озуйпаны ошого гана таандык кылат. Чектен чыккан адамдарга чындыкка текеберленгени үчүн кордук, куулук-шумдугу үчүн катуу азап болот.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الأصل في الأشياء والأطعمة الإباحة، وأنه إذا لم يرد الشرع بتحريم شيء منها فإنه باق على الإباحة.
Негизи бардык нерсе, анын ичинде тамактар да жегенге адал, эгер шарият аны арам дебесе, анда ал адал боюнча кала берет
• كل من تكلم في الدين بما لا يعلمه، أو دعا الناس إلى شيء لا يعلم أنه حق أو باطل، فهو معتدٍ ظالم لنفسه وللناس، وكذلك كل من أفتى وليس هو بكفء للإفتاء.
Дин тууралуу билбей туруп сүйлөгөн, же чын-жалганын билбей туруп адамдарды ага чакырган адамдардын баары, өз жанына да, башкаларга да залым кылат. Ошондо эле фатва-чечим чыгарууга ылайыктуу болбогон адамдын фатва чыгаруусу да ушундай.
• منفعة المؤمن ليست مقتصرة على نفسه، بل مُتَعدِّية لغيره من الناس.
Ыймандуу адамдын пайдасы бир гана өзүнө эмес, башка адамдарга да тийүүсү зарыл.