ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
111 : 6

۞ وَلَوۡ أَنَّنَا نَزَّلۡنَآ إِلَيۡهِمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ وَكَلَّمَهُمُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَحَشَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ كُلَّ شَيۡءٖ قُبُلٗا مَّا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُوٓاْ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ يَجۡهَلُونَ

Биз алар талап кылган нерсени алып келип, периштелерди түшүрсөк жана ага күбо болушса, өлүктөр сүйлөп, сен алып келген дин чындык экенин айтышса, алар талап кылган нерсенин баарын алардын алдына келтирсек дагы, баары бир алар сен алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт. Аллах туура жолду каалагандары гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көбү мындан кабары жок, Аллахтан туура жол тилеп жалынышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 6

وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوّٗا شَيَٰطِينَ ٱلۡإِنسِ وَٱلۡجِنِّ يُوحِي بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٖ زُخۡرُفَ ٱلۡقَوۡلِ غُرُورٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُۖ فَذَرۡهُمۡ وَمَا يَفۡتَرُونَ

Сени бутпарастардын душмандыгы менен сынаган сыяктуу сенден мурдагы пайгамбарларды да сынаганбыз. Алардын ар бирине адамдардан жана жиндерден болгон душмандарды кылганбыз, алар бири-бирин азгырып, элди алдоо үчүн жалганды кооз кылып көсөтүшкөн. Эгер Аллах кааласа мындай кылбайт эле, бирок, Аллах сыноо үчүн ушуну каалады. Эми жалган, каапырлыгы менен таштап кой, аларга ээрчибе. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 6

وَلِتَصۡغَىٰٓ إِلَيۡهِ أَفۡـِٔدَةُ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ وَلِيَرۡضَوۡهُ وَلِيَقۡتَرِفُواْ مَا هُم مُّقۡتَرِفُونَ

Алардын бири-бирине болгон азгырыгына акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү жибип, ага ыраазы болуп, кабыл кылып, күнөө-каталарды жасап жүрө берүүсү үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
114 : 6

أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَبۡتَغِي حَكَمٗا وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡكِتَٰبَ مُفَصَّلٗاۚ وَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَعۡلَمُونَ أَنَّهُۥ مُنَزَّلٞ مِّن رَّبِّكَ بِٱلۡحَقِّۖ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ

Оо, элчи, Аллах менен бирге башка нерселерге ибадат кылган бул бутпарастарга: "Мен менен силердин ортоңордо өкүм чыгаруу үчүн Аллахтан башканы тандап алуу акылга сыябы?" - деп айт. Куранды толук, баяндоочу кылып түшүргөн ал - Аллах Өзү. Тоорот берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар, Куран чындыкты алып түшкөн китеп экенин жакшы билишет. Анткени, алар китептеринен буга далилдерди көрүшкөн. Биз сага аян-кабар кылып түшүргөн нерсеге шектенүүчүлөрдөн болбо. info
التفاسير:

external-link copy
115 : 6

وَتَمَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ صِدۡقٗا وَعَدۡلٗاۚ لَّا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِهِۦۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Куран сөздөрдүн да, кабарлардын да чындыгын чегине жеткирген , Анын сөзүн өзгөртүүчү жок. Ал пенделеринин сөзүн угуучу, аларды билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун калбайт. Анын сөздөрүн өзгөртүүгө аракет кылгандарды кийин жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
116 : 6

وَإِن تُطِعۡ أَكۡثَرَ مَن فِي ٱلۡأَرۡضِ يُضِلُّوكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ

Оо, элчи, эгер сен жердеги адамдардын көпчүлүгүнө баш ийсең, сени Аллахтын дининен адаштырып коюшат. Акыйкатта, чындыкты азчылык тарапта кылганы бул Аллахтын сүннөт-жолу. Ададмардын көбү дайыны жок күмөнгө ээрчишет, ибадат кылып жаткан нерселери Аллахка жакындатат деп ойлошот жана бул тууралуу жалганды ойлоп чыгарышат. info
التفاسير:

external-link copy
117 : 6

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ مَن يَضِلُّ عَن سَبِيلِهِۦۖ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ

Оо, элчи, сенин Раббиң адамдардын кимиси адашканын жана кимиси туура жолго түшкөнүн жакшы билет. Мындан Ага эч нерсе жашыруун калбайт. info
التفاسير:

external-link copy
118 : 6

فَكُلُواْ مِمَّا ذُكِرَ ٱسۡمُ ٱللَّهِ عَلَيۡهِ إِن كُنتُم بِـَٔايَٰتِهِۦ مُؤۡمِنِينَ

Оо, адамдар, эгер Анын ачык далилдерине чындап ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын аты аталып мууздалган адалды гана жегиле info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• يجب أن يكون الهدف الأعظم للعبد اتباع الحق، ويطلبه بالطرق التي بيَّنها الله، ويعمل بذلك، ويرجو عَوْن ربه في اتباعه، ولا يتكل على نفسه وحوله وقوته.
Пенде үчүн важыб болгон негизги чоң максаты - чындыкты ээрчүү, аны Аллах баяндаган жолдор аркылуу издөө жана аны иш жүзүндө аткаруу. Туура жолго ээрчүүдө Раббисинин жардамын үмүт кылуу, өзүнүн напсисине, күчүнө жана кубатына таянбоо. info

• من إنصاف القرآن للقلة المؤمنة العالمة إسناده الجهل والضلال إلى أكثر الخلق.
Жаратылгандардын көбүнө илимсиздикти жана адашууну таандык кылуусу, аз сандагы ыймандууларга илимди таандык кылуусу Курандын адилдигинен info

• من سنّته تعالى في الخلق ظهور أعداء من الإنس والجنّ للأنبياء وأتباعهم؛ لأنّ الحقّ يعرف بضدّه من الباطل.
Пайгамбарларга жана аларды ээрчигендерге жиндерден жана адамдардан душмандарды чыгаруу Аллахтын сүннөт-жолу. Анткени, чындык ага карама-каршы турган жалган аркылуу билинет. info

• القرآن صادق في أخباره، عادل في أحكامه،لا يُعْثَر في أخباره على ما يخالف الواقع، ولا في أحكامه على ما يخالف الحق.
Курандын кабарлары чындык, өкүмдөрү адыл. Кабарларында заманга каршы келген эч нерсе жок. Өкүмдөрүндө чындыкка каршы келген эч нерсе жок. info