Бул жалганга чыгаруучулар эми аларга өлүм периштеси жана анын жардамчылары келип, жандарын дүйнөдөн алып кетүүсүн күтүшөт. Же аларга өкүм чыгаруу үчүн ажыратуучу күндө Раббиңдин келүүсүн күтүшөт. Же Раббиңдин кыяматка далил болчу кээ бир белгилерин күтүшөт. Раббиңдин күндүн батыштан чыкканы чыяктуу кээ бир белгилери келгенде, каапырларга ыйманы пайда бербейт, буга чейин жакшы иш кылбаган момунга эми кылган жакшы иши да пайда бербейт. Эй, элчи, жалганчы бутпарастарга: "Ушул нерселердин бирин күткүлө, биз да күтөбүз" деп айт.
Диндеринин кээ бирин алып, кээ бирин таштап, бөлүп алган жөөттөр менен христиандар - бөлүнүп кеткен тайпалар. Эй Элчи, сен эч бир нерседе алардан эмессиң, Алар түшүп алган адашуудан сен кайтарылгансың. Сенин милдетиң аларды эскертүү гана, алардын иштери Аллахка таандык.Кыямат күнү Аллах аларга дүйнөдө эмне иш кылгандарын кабар берет жана ошого жараша жазалайт.
Ыймандуулардын кайсы бири кыямат күнү бир жакшы иш менен келсе, Аллах аны он жакшылыкка көбөйтөт. Ал эми ким бир күнөө иш менен келсе, ага жеңилдик кылып ошого жараша гана жазалайт, андан ашырып жибербейт. Кыяматта алар жакшылыгынын сообу азайтылып же күнөөсүнүн азабы көбөйтүлүп залым кылынбайт.
Оо, элчи, жалганчы бутпарастарга: "мени Раббим түз жолго баштады, ал жол дүйнө жана акырет иштерин ондой турган бекем диндин жолу, ал жол чындыкка ийилген жана эч качан бутпарас болбогон Ибрахимдин жолу" деп айт.
Оо, элчи, "Менин намазым жана курмандыгым Аллах үчүн, Аллахтын ысымына болгон, башканын ысымына болгон эмес. Тирүүлүгүм менен өлүмүм да, булардын баары бүт жаратылгандардын жалгыз Раббисине, Андан башкалардын мында эч насиби жок.
"Ал Кемчиликсиз Аллах Анын шериги жок, Андан башка ибадатка татыктуу эч нерсе жок. Мени Аллах мына ушул ширктен таза болгон ишенимге буйруган, мен бул үммөттүн ичинен буга эң биринчи моюн сунуучумун" деп айт.
Оо, элчи, бул бутпарастарга: "Кемчиликсиз Улуу Аллах бардык нерсенин Раббиси болсо, мен Андан башка Рабби издейинби? Ал силер сыйынып жаткан нерселердин да Раббиси. Таза адам башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт, кийин кыямат күнү баарыңардын кайтууңар жалгыз Раббиңерге болот, ошондо бул дүйнөдө дин иштерине кандай каршы болгонуңардын кабарын берет.
Аллах тукумун улоо үчүн силерди жер бетинде мурдагыларга орун басар кылган. Кээ бириңерди кээ биринерден жаралуусунда , ырыскысында ж.б.даражасын жогору кылган; берген нерселери менен силерди сыноо үчүн. Эй, элчи, акыйкатта Раббиң тез эсептешүүчү, бардык келүүчү ишер өто жакын. Чынында Ал пенделеринин тобо кылгандарына Кечиримдүү жана Ырайымдуу.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• أن الدين يأمر بالاجتماع والائتلاف، وينهى عن التفرق والاختلاف.
Дин биригиүүгө, келишүүгө үндөйт, бөлүнүүдөн, келишпестиктен тыят.
• من تمام عدله تعالى وإحسانه أنه يجازي بالسيئة مثلها، وبالحسنة عشرة أمثالها، وهذا أقل ما يكون من التضعيف.
Жаман ишке өзүндөй жаза берип, жакшы ишке он жакшылык берип көбөйткөнү Аллах Тааланын кемчиликсиз адил жана жакшылык кылуучу экенин билдирет.
• الدين الحق القَيِّم يتطَلب تسخير كل أعمال العبد واهتماماته لله عز وجل، فله وحده يتوجه العبد بصلاته وعبادته ومناسكه وذبائحه وجميع قرباته وأعماله في حياته وما أوصى به بعد وفاته.
Чыныгы түз акыйкат дин пенденин бардын иш-аракеттери Улуу, Кубаттуу Аллахка арналышын талап кылат. Пенде намазы, ибадаттары, ибадат кылчу орундары, курмандыктары, айтор, бул дүйнөдөгу бардык Аллахка жакындатчу иш-аракеттери менен жана өлгөндөн кийин да жакшы иштерди осуят кылуу менен жалгыз Аллахка жүздөнөт.