ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
147 : 6

فَإِن كَذَّبُوكَ فَقُل رَّبُّكُمۡ ذُو رَحۡمَةٖ وَٰسِعَةٖ وَلَا يُرَدُّ بَأۡسُهُۥ عَنِ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

Оо, элчи, эгер сени жалганга чыгарышса жана Раббиңден алып келген нерсеге ишенишпесе, аларды кызыктырып: Раббиңердин ырайымы кенен, силерге узун мөөнөт берип, азаптабай күтүп турганы Анын ырайымынан деп айт. Ошондой эле аларды эскертип: Күнөөгө баткан коомго Аллахтын азабы келбей койбойт дегин. info
التفاسير:

external-link copy
148 : 6

سَيَقُولُ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ لَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشۡرَكۡنَا وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمۡنَا مِن شَيۡءٖۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ حَتَّىٰ ذَاقُواْ بَأۡسَنَاۗ قُلۡ هَلۡ عِندَكُم مِّنۡ عِلۡمٖ فَتُخۡرِجُوهُ لَنَآۖ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَخۡرُصُونَ

Өздөрүнүн ширк кылуусу туура экенине Аллахтын тагдырын жана каалосун шылтоолоп, бутпарастар: эгер Аллах каалаганда биз да, биздин аталарыбыз да Ага шерик кылбайт элек. Эгер Аллах каалаганда, өзүбүзгө арам кылган нерсени арам кылбайт элек дешет. Булар сыяктуу жалган шылтоону мурдагы каапырла да айтышканю Алар: Эгер Аллах каалаганда биз азыр жалганга чыгарган нерселерди жалганга чыгарбайт элек дешет. Алар ошентип Биз үстүнө азап түшүргөнгө чейин жалганга чыгарып жүрүштү. Эй элчи бутпарастарга: Силердин ширк кылуубузга жана арамды адалга, адалды арамга чыгарганыбызга Аллах ыраазы болду дегениңерге далилиңер барбы? деп айт. Силерди ушул боюнча таштап койгону силерге ыраазы болгонунун далили эмес. Силер бул боюнча күмөндү ээрчип жатасыңар, а күмөндө эч кандай чындык болбойт. Силер жалганчысыңар. info
التفاسير:

external-link copy
149 : 6

قُلۡ فَلِلَّهِ ٱلۡحُجَّةُ ٱلۡبَٰلِغَةُۖ فَلَوۡ شَآءَ لَهَدَىٰكُمۡ أَجۡمَعِينَ

Оо, элчи, бутпарастарга минтип айт: силерде ушул түккө турбаган далилиңерден башка далилиңер жок болсо, Аллахта силердин шылтооңорду жокко чыгара турган, силер ээрчиген күмөнүңдү жок кыла турган кескин далилдери бар. Эгер Аллах баарыңардын чындыкка ээрчүүңөрдү каалаганда, ошондой кылмак. info
التفاسير:

external-link copy
150 : 6

قُلۡ هَلُمَّ شُهَدَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ يَشۡهَدُونَ أَنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَ هَٰذَاۖ فَإِن شَهِدُواْ فَلَا تَشۡهَدۡ مَعَهُمۡۚ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ وَهُم بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ

Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарып, анан муну Аллах өзү арамга чыгарды деп жалган айткан бутпарастарга: "Силер арам деп жаткан нерселерди Аллах арамга чыгарганына күбө болгон күбөңөрдү алып келгилечи" деп айт. Эй, элчи, эгер алар илимсиздик кылып, Аллах арам кылды деп күбө өтүшсө, сен алардын күбөлүгүнө ишенбе. Анткени ал жалган күбөлүк, каалоолору менен өкүм кылгандардын каалоосуна ээрчип кетпе. Алар Аллах адал кылганды арам дешкенде биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты. Акыретке ишенбегендерди ээрчибе, алар Раббисине шерик кошуп, Ага башканы теңешет. Раббисине ушундай мамиле кылгандардын жолуна кантип ээрчилсин?! info
التفاسير:

external-link copy
151 : 6

۞ قُلۡ تَعَالَوۡاْ أَتۡلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمۡ عَلَيۡكُمۡۖ أَلَّا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗاۖ وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُم مِّنۡ إِمۡلَٰقٖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكُمۡ وَإِيَّاهُمۡۖ وَلَا تَقۡرَبُواْ ٱلۡفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنۡهَا وَمَا بَطَنَۖ وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Оо, элчи, адамдарга минтип айт: "келгиле, мен силерге Аллах арам кылган нерселерди окуп берейин. Аллах силерге жараткан нерселерин Ага шерик кылууну, ата-энеңерден ак болууну арам кылды, ата-энеге жакшы мамиле кылуу важыб болду. Дагы силерге,жахилияттагы адамдарга окшоп, жакырлык себебинен балдарыңарды өлтүрүүнү арам кылды, силерге да, балдарыңарга да ырыскыны Биз беребиз. Дагы силерге бузук иштердин ачыгына да, жашыруунуна да жакындоону арам кылды. Дагы силерге Аллах акысыз өлтүрүүгө тыюу салган б.а.үйлөнгөндөн кийин зина кылган, исламга киргенден кийин кайра динден кайткан адамдардан башка адамдарды өлтүрүүнү арам кылды. Мына ушул айтылгандарды Аллахтын буйрук жана тыюуларына акыл жүгүртүүңөр үчун силерге насаат кылды. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الحذر من الجرائم الموصلة لبأس الله؛ لأنه لا يُرَدُّ بأسه عن القوم المجرمين إذا أراده.
Аллахтын күч-кубатына шек келтирчү күнөөлөрдөн сак болуу керек, анткени, эгер каалса анын күч-кубатын күнөөкөр коомдон эч ким кайтара албайт info

• الاحتجاج بالقضاء والقدر بعد أن أعطى الله تعالى كل مخلوق قُدْرة وإرادة يتمكَّن بهما من فعل ما كُلِّف به؛ ظُلْمٌ مَحْض وعناد صرف.
Аллах Таала бардык жаратылгандарга кудурет жана каалоо берип, ал аркылуу өздөрү аткара ала турган ишти жүктөгөндөн кийин дагы Аллахтын каза-тагдырына шылтоо, далил алып келүү - эликкен залымдык жана корогон кежирлик info

• دَلَّتِ الآيات على أنه بحسب عقل العبد يكون قيامه بما أمر الله به.
Аяттар адам өзүнүн акылына жараша Аллахтын буйруктарын аткарарын билдирип турат info

• النهي عن قربان الفواحش أبلغ من النهي عن مجرد فعلها، فإنه يتناول النهي عن مقدماتها ووسائلها الموصلة إليها.
Жаман ишти аткаруудан тыюуга караганда жаман ишке жакындоодон тыюу жеткиликтүүрөкөк болот, анткени, бул тыюу жаман ишкеалып баруучу себеп жана жолдорду тыюуну да ичине камтыйт. info