Силерге мал-жандыктан сегиз жупту жаратты; койдун эркек ургаачысын жана эчкинин эркек ургаачысын. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах Таала булардын эркектерин эркектиги үчүн арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба - дешсе, Анда ургаачыларын эмне үчүн арамга чыгарасыңар? же аларды ургаачылыгы себептүү арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба, - дешсе, Алардын эркектерин эмнеге арамга чыгарасыңар? же алардын ичиндегилер аралаш болгону үчүн алардын ургаачыларын арам кылдыбы? - деп айт. Эгер ооба - дешсе, Алардын ичиндегилери аралаш болгондо эмне үчүн кээде эркектерин, кээде ургаачыларын арам деп ажыратасыңар - деп айт. Эй, бутпарастар, эгер ушул нерселерди Аллах арам кылды деген сөзүңөр чын болсо, туура илим менен түшүндүрүп бергилечи - дегин.
Сегиз мал-жандыктын калганы, булар: эркек-ургаачы эки төө жана эркек-ургаачы эки уй. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах булардын эркектерин арам кылдыбы, же ургаачыларын арам кылдыбы, же экөөнүн ичиндегилеринби? - деп айт. Эй, бутпарастар: же өз оюңарда, Аллах силер арамга чыгарып жаткандарыд арам деп осуят кылганда күбө болдуңар беле? Эч бир илими жок туруп, адамдарды туура жолдон адаштыруу үчүн, Аллах арам кылбаган нерселерди арам кылды деп Аллахка жалган жалаа жабуучудан өткөн чоң күнөө жана чоң залымдык болбойт. Аллахка жалган жалаа жапканы үчүн Аллах залымдарды туура жолго багыттабайт.
Оо, элчи, айткын: Мага Аллах аян-кабар кылган нерселерден Аллахтын аты аталбай өлүп калган өлүмтүк, мууздаганда аккан кан, чочконун эти, бут-айкелдерге арналып союлган малдар сыяктуу мууздаганда Аллахтын ысымы айтылбаган мал-жандыктар гана арам экенин көрдүм. Ким катуу ачкалыктан улам зарыл болуп, ушул арам нерселерден зарылдыктын чегинен ашырбай, арааны ачылып берилбей, аз гана жесе, ага күнөө эмес. Оо, элчи, акыйкатта, Раббиң андан жеген зарылмандарды кечирүүчү, аларга ырайымдуу.
Жөөттөргө ача туяк болбогон төө сыяктуу жаныбарларды арам кылганбыз. Ошондой эле аларга уй жана майда жандыктардын жонундагы, ичегилериндеги майларынан жана сөөгүнө аралашкан куйрук, жамбаш майларынан башка майларын арам кылганбыз. Биз залымдыгы үчүн бул нерселерди аларга арам кылып жазаладык. Биз бардык айткан сөздөрүбүздө чынчылбыз.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• في الآيات دليل على إثبات المناظرة في مسائل العلم، وإثبات القول بالنظر والقياس.
Илимий маселелерде талкуу кылууга жана салыштыруу менен маселе чечүүгө уруксат
• الوحي وما يستنبط منه هو الطريق لمعرفة الحلال والحرام.
Аян-кабар жана аны изилдөө гана адал-арамды билүүнүн негизги жолу
• إن من الظلم أن يُقْدِم أحد على الإفتاء في الدين ما لم يكن قد غلب على ظنه أنه يفتي بالصواب الذي يرضي الله.
Аллах ыраазы боло турган туура фатва кылдым деген күмөнү жок туруп, динде бирөөгө фатва берүү - залымдыктын бири
• من رحمة الله بعباده الإذن لهم في تناول المحرمات عند الاضطرار.
Зарыл учурда арам нерсени жегенге уруксат берүүсү Аллахтын пенделерине болгон ырайымдуулугунан