クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

ページ番号:close

external-link copy
87 : 9

رَضُواْ بِأَن يَكُونُواْ مَعَ ٱلۡخَوَالِفِ وَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَفۡقَهُونَ

Ал эки жүздүүлөр кечиримдүү себептерден улам согушка барбагандар менен согуштан калууну каалашкан кезде өздөрүнө кордукду жана төмөндүктү ыраа көрүштү. Аллах алардын каапырлыгы жана эки жүздүүлүгү үчүн жүрөктөрүнө мөөр басты. Эми алар кайсы нерсе аларга пайдалуу экенин билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
88 : 9

لَٰكِنِ ٱلرَّسُولُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ جَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلۡخَيۡرَٰتُۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Ал эми пайгамбар жана аны менен бирге болгон ыймандуулар аларга окшоп Аллах жолундагы согушка барбай коюшкан жок. Алар өз жандарын жана мал-мүлктөрүн аябастан Аллах жолунда согушушту. Алардын Аллахтын алдындагы сыйлыктары – жеңишке жетүү, олжо алуу сыяктуу дүйнөлүк пайдаларга жетүү болду жана ошондой эле акыреттик пайдаларга жетүү болду, мисалы бейишке кирүү, көздөгөн максатка жетүү жана корккон нерседен кутулуу. info
التفاسير:

external-link copy
89 : 9

أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Аллах аларга кан сарайларынын алдыларынан дарыялар аккан бейиштерди даярдап койду. Алар ал жайда түбөлүк калышат. Эч качан жок болушпайт. Бул сыйлык – бир дагы ийгилик тең келбегендей чоң ийгилик. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 9

وَجَآءَ ٱلۡمُعَذِّرُونَ مِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ لِيُؤۡذَنَ لَهُمۡ وَقَعَدَ ٱلَّذِينَ كَذَبُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Мединалык жана анын айланасындагы арабдардын бир тобу Аллахтын элчисине шылтоолорун айтып Аллах жолундагы согуштан калууга уруксат сурап келишти. Ал эми башка бир тобу уруксат сурабастан эле калып калышты. Анткени алар пайгамбарга ишенишпейт жана Аллахтын убадасына ыйман келтиришпейт. Алар жакында бул каапырлыктары себептүү жан чыдагыс азапка туш болушат. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 9

لَّيۡسَ عَلَى ٱلضُّعَفَآءِ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرۡضَىٰ وَلَا عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ مَا يُنفِقُونَ حَرَجٌ إِذَا نَصَحُواْ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ مَا عَلَى ٱلۡمُحۡسِنِينَ مِن سَبِيلٖۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Ал эми аялдар, жаш балдар, оорукчандар, алсыздар, сокурлар жана согушка даярдык көрүүгө эч кандай каражат таппаган кедейлер сыяктуу адамдар согушка бара албай калышса күнөөкөр болушпайт. Анткени алардын үзүрлүү себептери бар. Эгерде алар Аллахка жана Анын элчисине чын ыкластуу болушса, Анын шариятын аткарышса, анда жакшылыктарды кылышкан мындай кечиримдүү себептери бар адамдардын жазаланышына эч кандай жол берилбейт. Аллах жакшылык кылуучулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
92 : 9

وَلَا عَلَى ٱلَّذِينَ إِذَا مَآ أَتَوۡكَ لِتَحۡمِلَهُمۡ قُلۡتَ لَآ أَجِدُ مَآ أَحۡمِلُكُمۡ عَلَيۡهِ تَوَلَّواْ وَّأَعۡيُنُهُمۡ تَفِيضُ مِنَ ٱلدَّمۡعِ حَزَنًا أَلَّا يَجِدُواْ مَا يُنفِقُونَ

Оо, пайгамбар! Ошондой эле сенден улоо таап беришиңди сурап келишкенде сен аларга: «Силер минип барганга эч кандай улоо таппай койдум» – деп айтканыңда алар артка бурулуп, сен тараптан же өздөрүнүн жанынан сарптаганга эч нерсе таппай калганына өкүнүп, ыйлаган бойдон артка кайтып согушка сени менен бара албай калгандар да күнөөкөр болушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 9

۞ إِنَّمَا ٱلسَّبِيلُ عَلَى ٱلَّذِينَ يَسۡتَـٔۡذِنُونَكَ وَهُمۡ أَغۡنِيَآءُۚ رَضُواْ بِأَن يَكُونُواْ مَعَ ٱلۡخَوَالِفِ وَطَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ

Үзүрлүү себептери бар адамдарга эч кандай жаза жок экенин ачык айткандан кийин ким жазалоого татыктуу экенин айтты: «Эй, пайгамбар! Чындыгында жаза сенден согуштан калууга уруксат сурап келгендерге берилет. Анткени алардын даярдык көрүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок алар өздөрүнө төмөндүктү жана кордукту ыраа көрүп, согушка барбагандар менен үйлөрүндө калышты. Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басты. Эми аларга насаат да таасир бербейт. Алар бул мөөр себептүү тандайын дешсе эмне пайдалуу экенин билишпейт, алыстайын дешсе эмне зыяндуу экенин билишпейт». info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• المجاهدون سيحصِّلون الخيرات في الدنيا، وإن فاتهم هذا فلهم الفوز بالجنة والنجاة من العذاب في الآخرة.
Аллах жолунда согушкандар бул дүйнөдө көптөгөн жакшылыктарга жетишет. А эгер алар буга жетпей калышса, анда акыретте бейишке жетишет жана азаптан кутулушат. info

• الأصل أن المحسن إلى الناس تكرمًا منه لا يؤاخَذ إن وقع منه تقصير.
Негизи адамдарга берешендиги менен жакшылык кылган адам кемчилик кетирсе, анда ал жазаланбайт. info

• أن من نوى الخير، واقترن بنيته الجازمة سَعْيٌ فيما يقدر عليه، ثم لم يقدر- فإنه يُنَزَّل مَنْزِلة الفاعل له.
Ким жакшылык кылууну ниет кылып, ошол бекем ниети менен колунан келишинче аткарууга аракет жасап, бирок аткара албай калса, анда ал ошону аткарган адамдын даражасында болот. info

• الإسلام دين عدل ومنطق؛ لذلك أوجب العقوبة والمأثم على المنافقين المستأذنين وهم أغنياء ذوو قدرة على الجهاد بالمال والنفس.
Ислам дини адилеттик жана ой жүгүртүү дини. Мына ошондуктан уруксат сураган эки жүздүүлөрдү жазалоону талап кылды. Анткени алар өз жандары жана мал-мүлктөрү менен согушууга кудурети жеткен байлар эле. info