クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

ページ番号:close

external-link copy
69 : 9

كَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنكُمۡ قُوَّةٗ وَأَكۡثَرَ أَمۡوَٰلٗا وَأَوۡلَٰدٗا فَٱسۡتَمۡتَعُواْ بِخَلَٰقِهِمۡ فَٱسۡتَمۡتَعۡتُم بِخَلَٰقِكُمۡ كَمَا ٱسۡتَمۡتَعَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُم بِخَلَٰقِهِمۡ وَخُضۡتُمۡ كَٱلَّذِي خَاضُوٓاْۚ أُوْلَٰٓئِكَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ

Эй, эки жүздүүлөр жамааты! Силер каапырлыкта жана шылдың кылууда силерден мурун келген жалганчы коомдорго окшошсуңар. Алар силерден да күчтүү, бай жана бала-чакалуу эле. Алар бул дүйнө жыргалчылыктарынан аларга жазылган өз насиптерин пайдаланышты. Эй, эки жүздүүлөр! Силерден мурунку жалганчы коомдор өз насиптерин пайдаланышкан сыяктуу силер дагы тагдырыңардагы өз насибиңерди пайдаландыңар. Алар акыйкатты жалганга чыгарып, өз пайгамбарларын жаманатты кылышкандай силер дагы аларга окшоп акыйкатты жалганга чыгарып, пайгамбарды жаманатты кылууга кирип кеттиңер. Ошондой терс сыпаттагы адамдар – Аллахтын алдында каапырлык кылып иш-аракеттери бузулган адамдар. Ошолор өздөрүн кыйроого учураткандар. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 9

أَلَمۡ يَأۡتِهِمۡ نَبَأُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَقَوۡمِ إِبۡرَٰهِيمَ وَأَصۡحَٰبِ مَدۡيَنَ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتِۚ أَتَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ

Ал эки жүздүүлөргө жалганчы коомдордун жана аларга кандай жаза берилгендиги тууралуу кабар жеткен жокпу?! Алар Нухтун коому, Худдун коому, Салихтин коому, Ибрахимдин коому, Мадиян ээлери жана Луттун коому. Аларга пайгамбарлары ачык-айкын далилдер менен келишти. Аллах аларга зулумдук кылган жок. Аларга пайгамбарлары эскертишти. Бирок алар Аллахка каапырлык кылышып, пайгамбарларды жалганга чыгарышканы себептүү өздөрүнө зыян кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 9

وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۚ يَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَيُطِيعُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ سَيَرۡحَمُهُمُ ٱللَّهُۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ

Ыймандуу эркектер менен аялдардын ортосун ыйман бириктиргени үчүн алар бири-бирин колдошот жана жардамдашат. Алар жакшылыкка чакырышат жана ага Аллахты жалгыздоо, намаз окуу сыяктуу Аллах таала сүйгөн бардык ибадаттар кирет. Алар жамандыктан тыйышат жана ага каапырлык, сүткорлук кылуу сыяктуу Аллах таала жаман көргөн күнөөлөр кирет. Ошондой эле алар намазды толук аткарышат, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунушат. Ошондой жакшы сыпаттарга ээ адамдарды Аллах Өз ырайымына жеткирет. Чындыгында Аллах кудуреттүү. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 9

وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَمَسَٰكِنَ طَيِّبَةٗ فِي جَنَّٰتِ عَدۡنٖۚ وَرِضۡوَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِ أَكۡبَرُۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Аллах таала ыйман келтирген эркектер менен аялдарды кыямат күнү бейиштерге киргизүүнү убада кылды. Андагы кан сарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат. Алар ал жайда түбөлүк калышат, эч качан өлүшпөйт жана алардын жыргалчылыктары бүтпөйт. Ошондой эле аларды бейиштеги эң сонун турак жайларга киргизүүнү убада кылды жана Аллахтын аларга болгон ыраазылыгы булардын баарысынан улук. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбегендей улуу жеңиш. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• سبب العذاب للكفار والمنافقين واحد في كل العصور، وهو إيثار الدّنيا على الآخرة والاستمتاع بها، وتكذيب الأنبياء والمكر والخديعة والغدر بهم.
Кайсы заманда болбосун каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн азапка калышынын бир эле себеби бар. Ал – бул дүйнөнү акыреттен артык көрүү, дүнүйөгө берилүү, пайгамбарларды жалганга чыгаруу, аларга айлакерлик, алдамчылык, чыккынчылык кылуу. info

• إهلاك الأمم والأقوام الغابرة بسبب كفرهم وتكذيبهم الأنبياء فيه عظة وعبرة للمعتبر من العقلاء.
Мурунку коомдордун каапырлык кылуусу жана пайгамбарларды жалганга чыгаруусу себептен кыйроого учурашында акыл жүгүрткөндөр үчүн сабактар бар. info

• أهل الإيمان رجالًا ونساء أمة واحدة مترابطة متعاونة متناصرة، قلوبهم متحدة في التوادّ والتحابّ والتعاطف.
Ыймандуу эркектер менен аялдар бири-бирин колдоп көмөктөшкөн, тыгыз байланышта болгон бирдиктүү үммөт. Алардын жүрөктөрү бири-бирине болгон сүйүүдө жана мээримдүүлүктө бир. info

• رضا رب الأرض والسماوات أكبر من نعيم الجنات؛ لأن السعادة الروحانية أفضل من الجسمانية.
Асмандар менен жердин Раббисинин ыраазылыгына жетүү – бейиш ырахаттарынан да чоң. Анткени руханий бактылуулук дене бактылуулугунан артык. info