クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

ページ番号:close

external-link copy
55 : 9

فَلَا تُعۡجِبۡكَ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُمۡۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُعَذِّبَهُم بِهَا فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَتَزۡهَقَ أَنفُسُهُمۡ وَهُمۡ كَٰفِرُونَ

Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн мал-мүлктөрүнө жана бала-чакаларына суктанба, жакшы деп да ойлобо. Алардын мал-мүлктөрүнүн жана бала-чакаларынын акыбети жаман. Аллах булар менен аларды азапка салат. Аларга кыйналып, чарчап жетишет жана кайгы-балээлерге туш кылат. Бул нерсе Аллах аларды каапыр абалда жандарын алганга чейин уланып, алар тозоктун түбүндө түбөлүк азапталышат. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 9

وَيَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنَّهُمۡ لَمِنكُمۡ وَمَا هُم مِّنكُمۡ وَلَٰكِنَّهُمۡ قَوۡمٞ يَفۡرَقُونَ

Оо, ыймандуулар! Эки жүздүүлөр силерге касам ичишип: «Биз силерденбиз» – деп жалган айтышат. Бирок алар өздөрүн сыртынан силерденбиз деп көрсөтүшсө да ичтеринде силерден эмес. Бирок алар мушриктер кабылган өлүмгө, туткунга түшүү сыяктуу нерселерге кабылбайлы деп коркушат. Ошондуктан корккону үчүн өздөрүн мусулманбыз деп көрсөтүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 9

لَوۡ يَجِدُونَ مَلۡجَـًٔا أَوۡ مَغَٰرَٰتٍ أَوۡ مُدَّخَلٗا لَّوَلَّوۡاْ إِلَيۡهِ وَهُمۡ يَجۡمَحُونَ

Эгерде ошол эки жүздүүлөр өздөрү коргоно турган сепил табышса, же тоолордо жашырына турган үнкүрлөрдү табышса, же кирип сактана турган жер астындагы жолдорду табышса, анда алар ал жакка далбастап киришмек. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 9

وَمِنۡهُم مَّن يَلۡمِزُكَ فِي ٱلصَّدَقَٰتِ فَإِنۡ أُعۡطُواْ مِنۡهَا رَضُواْ وَإِن لَّمۡ يُعۡطَوۡاْ مِنۡهَآ إِذَا هُمۡ يَسۡخَطُونَ

Оо, пайгамбар! Сен садакаларды бөлүштүргөндө өз каалагандарына жетпей калган эки жүздүүлөр сени айыптай башташат. Эгерде алардын сураганын берсең, анда ыраазы болушат. А эгер алардын сураганын бербесең, анда нааразы болуп күңкүлдөй башташат. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 9

وَلَوۡ أَنَّهُمۡ رَضُواْ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَقَالُواْ حَسۡبُنَا ٱللَّهُ سَيُؤۡتِينَا ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ وَرَسُولُهُۥٓ إِنَّآ إِلَى ٱللَّهِ رَٰغِبُونَ

Сени садакаларды туура эмес бөлүштүрдүң деп айыптаган ошол эки жүздүүлөр, Аллах аларга парз кылган нерсеге жана пайгамбар берген нерсеге ыраазы болушуп: «Бизге Аллах жетиштүү. Аллах бизге Өз жакшылыгынан каалаганын берет жана Анын элчиси да Аллах ага берген нерседен бизге берет. Чындыгында Аллах Өзү бизге жакшылыктарын берет деп үмүт кылабыз» – дешип ушундай кылышса, анда бул нерсе сени айыптагандарына караганда алар үчүн жакшыраак болмок. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 9

۞ إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ

Чындыгында парз зекеттер муктаж кедейлерге берилиши керек. Алардын иштеген иши же кесиби менен тапкан акчасы бар болсо да аларга жетпейт, алардын ал-акыбалдарын адамдар жакшы билишпейт. Ошондой эле колунда жок жана айткан сөзүнөн же шартынан эле адамдарга белгилүү болгон жакырларга берилет. Ошондой эле башчы зекет чогулткула деп жиберген жумушчуларга берилет. Ошондой эле каапырларды Ислам динине тартыш үчүн же ыйманы алсыздардын ыйманын көтөрүш үчүн же зыянынан коргош үчүн берилет. Ошондой эле кулдарды азат кылыш үчүн, ысырапсыз жана күнөөсүз жолдо карыз болуп карызынан кутулууга каражат таппагандарга берилет. Жоокерлерди Аллах жолундагы согушка даярдоого жана акчасы түгөнүп калган мусапырга берилет. Зекеттерди мына ушуларга берүү Аллах тараптан парз болду. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, шариятында жана башкаруусунда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 9

وَمِنۡهُمُ ٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلنَّبِيَّ وَيَقُولُونَ هُوَ أُذُنٞۚ قُلۡ أُذُنُ خَيۡرٖ لَّكُمۡ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَيُؤۡمِنُ لِلۡمُؤۡمِنِينَ وَرَحۡمَةٞ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡۚ وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ رَسُولَ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Эки жүздүүлөрдүн арасында сөзү менен пайгамбарга зыян бергендер бар. Алар анын токтоолугун көрүп: «Ал ар бир адамдан укканына эле ишене берет. Акыйкат менен жалганды айырмалай албайт» – дешет. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Чындыгында пайгамбар жакшылыкты гана угат, Аллахка ишенет жана чынчыл момундардын айткандарына ишенет, аларга ырайым кылат. Чындыгында анын пайгамбар болуп жиберилиши ага ыйман келтиргендер үчүн ырайым. Ал эми ага ар кандай түрдө зыян бергендер үчүн жан ооруткан азап бар». info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• الأموال والأولاد قد تكون سببًا للعذاب في الدنيا، وقد تكون سببًا للعذاب في الآخرة، فليتعامل العبد معهما بما يرضي مولاه، فتتحقق بهما النجاة.
Кээде мал-мүлк жана бала-чака бул дүйнөдөгү азапка себеп болот, кээде акыреттеги азапка себеп болот. Андыктан пенде бул экөөсүн Аллах ыраазы болгон жолдо пайдалануусу зарыл, ошондо алар себептүү азаптан кутулат. info

• توزيع الزكاة موكول لاجتهاد ولاة الأمور يضعونها على حسب حاجة الأصناف وسعة الأموال.
Зекетти бөлүштүрүү башчылардын жеке кароосуна тапшырылган. Алар аны адамдардын түрлөрүнө жана акчанын көптүгүнө жараша бөлүштүрүшөт. info

• إيذاء الرسول صلى الله عليه وسلم فيما يتعلق برسالته كفر، يترتب عليه العقاب الشديد.
Пайгамбарчылыкка байланыштуу иштерде пайгамбарга зыян берүү – каапырлык болуп эсептелет. Мунун жазасы катаал. info

• ينبغي للعبد أن يكون أُذن خير لا أُذن شر، يستمع ما فيه الصلاح والخير، ويُعرض ترفُّعًا وإباءً عن سماع الشر والفساد.
Пенденин жакшылыкты уккан, жамандыктыкты укпаган кулагы болуш керек. Ал пайдалуу жана жакшы нерселерге кулак салып, пайдасыз жана жаман нерселерден кескин түрдө баш тартуусу зарыл. info