クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

ページ番号:close

external-link copy
73 : 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ جَٰهِدِ ٱلۡكُفَّارَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱغۡلُظۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ

Оо, пайгамбар! Каапырларга каршы кылыч менен согуш! Эки жүздүүлөргө каршы тилиң менен жана далил менен согуш! Бул эки топко катаал бол! Алар ошого татыктуу. Кыямат күнү алардын барар жайы тозок болот. Алардын барар жайы кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
74 : 9

يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ مَا قَالُواْ وَلَقَدۡ قَالُواْ كَلِمَةَ ٱلۡكُفۡرِ وَكَفَرُواْ بَعۡدَ إِسۡلَٰمِهِمۡ وَهَمُّواْ بِمَا لَمۡ يَنَالُواْۚ وَمَا نَقَمُوٓاْ إِلَّآ أَنۡ أَغۡنَىٰهُمُ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ مِن فَضۡلِهِۦۚ فَإِن يَتُوبُواْ يَكُ خَيۡرٗا لَّهُمۡۖ وَإِن يَتَوَلَّوۡاْ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ عَذَابًا أَلِيمٗا فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۚ وَمَا لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ

Эки жүздүүлөр жалган касам ичишип, алардын сени сөккөндүгү жана диниңди кемсинткендиги тууралуу сага жеткен сөздөрдү айткан жокпуз деп чыгышат. Сен уккан сөздөрдү алар айтышканы анык. Бул аларды каапыр кылды жана алар ыйман келтиргенден кийин каапыр болушту. Алар пайгамбарды жок кылабыз деп ийгиликсиз ишке аракет жасашты. Ишке ашпай турганды ишке ашырабыз дешти. Ал эми Аллах болсо аларды Өзүнүн пайгамбарына берген олжолор менен байытып аларга жакшылык кылды. Эгерде алар Аллахка тообо кылышып эки жүздүүлүктөн кайтышса, анда алардын тообосу алардын ошол нерседе болгондугунан жакшыраак. А эгер алар Аллахка тообо кылуудан баш тартышса, анда Ал аларды бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткундоо менен жан ооруткан азапка салат. Ал эми акыретте тозок оту менен кыйнап азатпайт. Аларды азаптан куткарган эч бир дос болбойт жана аларды азаптан алыстаткан эч бир жардамды да болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 9

۞ وَمِنۡهُم مَّنۡ عَٰهَدَ ٱللَّهَ لَئِنۡ ءَاتَىٰنَا مِن فَضۡلِهِۦ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Эки жүздүүлөрдүн кээ бирлери Аллахка убада берип: «Эгерде Аллах бизге Өз жакшылыктарын бергенде, анда биз муктаждарга сөзсүз жардам бермекпиз жана жакшы иштерди кылган жакшы адамдардан болмокпуз» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 9

فَلَمَّآ ءَاتَىٰهُم مِّن فَضۡلِهِۦ بَخِلُواْ بِهِۦ وَتَوَلَّواْ وَّهُم مُّعۡرِضُونَ

Качан Аллах аларга Өз жакшылыктарын бергенде, алар Аллахка берген убадаларын аткарышпады. Тескерисинче, малк-мүлктөрүн беришпей эч садака кылышпады жана ыймандан жүз буруп кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 9

فَأَعۡقَبَهُمۡ نِفَاقٗا فِي قُلُوبِهِمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ يَلۡقَوۡنَهُۥ بِمَآ أَخۡلَفُواْ ٱللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ

Аллах алардын акыбетин кыяматка чейин жүрөктөрүндө өзгөрбөй турган эки жүздүүлүк кылып койду. Бул жаза алар Аллахка берген убаданы бузуп жалган айтышкандары себептүү болду. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 9

أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ سِرَّهُمۡ وَنَجۡوَىٰهُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ عَلَّٰمُ ٱلۡغُيُوبِ

Эки жүздүүлөр Аллах алардын чогулуштарында жашыруун кылган айла-амалдарын билбейт деп ойлошобу? Чындыгында Аллах кайыптарды Билүүчү. Алардын ар бир кылган иши Ага белгилүү. Ал үчүн аларды жакында жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 9

ٱلَّذِينَ يَلۡمِزُونَ ٱلۡمُطَّوِّعِينَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فِي ٱلصَّدَقَٰتِ وَٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهۡدَهُمۡ فَيَسۡخَرُونَ مِنۡهُمۡ سَخِرَ ٱللَّهُ مِنۡهُمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Ыймандуулардын арасында тапканы аз болсо дагы өз ыктыяры менен садака кылгандарын айыптап: «Булардын садакасы эмне пайда бермек эле?» – деп шылдың кылгандарды Аллах да жаза катары аларды шылдыңдады жана алар үчүн жан ооруткан азап бар. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• وجوب جهاد الكفار والمنافقين، فجهاد الكفار باليد وسائر أنواع الأسلحة الحربية، وجهاد المنافقين بالحجة واللسان.
Каапырлар жана эки жүздүүлөр менен согушуунун милдеттиги. Каапырлар менен согушуу кол менен жана ар кандай согуш куралдары менен болот. Ал эми эки жүздүүлөр менен согушуу тил менен жана далил менен болот. info

• المنافقون من شرّ الناس؛ لأنهم غادرون يقابلون الإحسان بالإساءة.
Эки жүздүүлөр эң жаман адамдар. Анткени алар жакшылыкка жамандык менен жооп берген жүзү кара адамдар. info

• في الآيات دلالة على أن نقض العهد وإخلاف الوعد يورث النفاق، فيجب على المسلم أن يبالغ في الاحتراز عنه.
Бул аяттар келишимди жана убаданы бузуу эки жүздүүлүктү пайда кыларына далил болот. Андыктан мусулман адам бул нерседен өтө сак болуусу зарыл. info

• في الآيات ثناء على قوة البدن والعمل، وأنها تقوم مقام المال، وهذا أصل عظيم في اعتبار أصول الثروة العامة والتنويه بشأن العامل.
Аяттарда жакшылык иштин жана дененин күчтүүлүгүнө мактоолор айтылды жана бул нерсе мал-мүлккө барабар нерсе. Бул жалпы байлыктын негиздерин жана жакшылык кылган адамдын абалын эске алганда улуу негиз болуп эсептелет. info