[1] Эл арасында үрп болуп кеткен “Кудай урсун, жок!” “Ооба, Кудай акы!” деген сыяктуу тил учунда айтылган анттар толтура. Андай анттардын каффараты (төлөмү) да болбойт.
[1] Бир эркек аялы менен чырдаша кетип: “Мен сен менен палан мөөнөткө чейин жатпайм!” деп ант ичсе, бул “ийлаа анты” деп аталат.
[1] Төрт айга же андан көбүрөөк мөөнөткө ант ичкен адам, төрт ай мөөнөт бүткөн соң, ажырашууну кааласа, ажыраша алат. Ал эми, “жок талак бербейм” десе, бул сөзү өтпөйт жана Шарият казысы тарабынан аялды ажыраштырып коюлат. Эгер Шарият казысы жок болсо, жогорудагы аят өкүмү менен өз-өзүнөн талак түшөт.
[1] Талагы берилген аялдардын үч айыз көрүү мөөнөтүнчө башка эрге тийбей, күйөөсүнөн түйүлдүк бар же жок экенин билүү үчүн өздөрүн байкап отуруулары - парыз. Бул мөөнөт Шариятта “идда сактоо” деп аталат. Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген ыймандуу аялдар, эгер талак кылынса сөзсүз идда сакташы керек. Идда сактабай коюу жатындагы күмөндүн атасы белгисиз болуп калууга, анын натыйжасында бала өз урук-тукумун билбей, жетесиз болуп калууга жана насил-насаптардын аралашып кетүүсүнө себеп болот. Бул - ыйман келтирген аялдар үчүн адал эмес.
[1] Аял күйөөсүнүн бир пейилин же өзүн жактырбай калганда, аятта айтылган “Аллахтын чек арасында тура албагандан корккон” абал пайда болот. Анткени, үй-бүлөдө эр - башчы. Ал эми эрди сүйбөгөн аял моюн сунгусу келбейт. Бул Аллахтын үй-бүлөдөгү чек-эрежесинин бузулуу коркунучун туудурат. Мына ушундай мезгилде, таамай айтканда аял күйөөсүнөн өз башын азат кылуу үчүн талак сураганда, күйөөсү махыр мүлкүн кайтарып алса - адал болот. Ошондой эле, күйөөсүнөн көңүлү калган аял өз башын азат кылуу үчүн күйөөсүнө: “Мен сага баланча акча-мүлк төлөймүн, анан менин талагымды бересиң” деп шартташса жана буга күйөө макул болсо бул келишимде ал экөөнө эч күнөө болбойт. Шариятта - бул эреже “хулуь” деп аталат.