Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
77 : 2

أَوَلَا يَعۡلَمُونَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَ

(Китеп ээлери) ичине каткан сырларын да, ашкере нерселерин да Аллах билип турушун билишпейби? info
التفاسير:

external-link copy
78 : 2

وَمِنۡهُمۡ أُمِّيُّونَ لَا يَعۡلَمُونَ ٱلۡكِتَٰبَ إِلَّآ أَمَانِيَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَظُنُّونَ

Алардын арасында сабатсыздары да бар. Алар китепти (Тооротту) билишпейт. Жалаң күмөндөрдү гана билишет. Алар (пайгамбарчылык жөнүндө) күмөндө гана болушат. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 2

فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ يَكۡتُبُونَ ٱلۡكِتَٰبَ بِأَيۡدِيهِمۡ ثُمَّ يَقُولُونَ هَٰذَا مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ لِيَشۡتَرُواْ بِهِۦ ثَمَنٗا قَلِيلٗاۖ فَوَيۡلٞ لَّهُم مِّمَّا كَتَبَتۡ أَيۡدِيهِمۡ وَوَيۡلٞ لَّهُم مِّمَّا يَكۡسِبُونَ

Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллахтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун! info
التفاسير:

external-link copy
80 : 2

وَقَالُواْ لَن تَمَسَّنَا ٱلنَّارُ إِلَّآ أَيَّامٗا مَّعۡدُودَةٗۚ قُلۡ أَتَّخَذۡتُمۡ عِندَ ٱللَّهِ عَهۡدٗا فَلَن يُخۡلِفَ ٱللَّهُ عَهۡدَهُۥٓۖ أَمۡ تَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ

(Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (кармайт)” дешет. (Оо, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллахтан убада-келишим алдыңар беле?! Аллах эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллахка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
81 : 2

بَلَىٰۚ مَن كَسَبَ سَيِّئَةٗ وَأَحَٰطَتۡ بِهِۦ خَطِيٓـَٔتُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозото болушат жана анда түбөлүк калышат! info
التفاسير:

external-link copy
82 : 2

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы)[1] амалдарды жасагандар бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат. info

[1] Амалдар эки шарт менен салих (жакшы) амал болот: 1) Ыклас менен б. а. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана жасалса. 2) Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын Сүннөтүнө (жолуна) ылайык болсо.

التفاسير:

external-link copy
83 : 2

وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ لَا تَعۡبُدُونَ إِلَّا ٱللَّهَ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَانٗا وَذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَقُولُواْ لِلنَّاسِ حُسۡنٗا وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ ثُمَّ تَوَلَّيۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗا مِّنكُمۡ وَأَنتُم مُّعۡرِضُونَ

Эстегиле, Биз Исраил урпактарынан “Аллахтан башка Кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, бей-бечараларга жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөз айткыла, намазды толук аткаргыла жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер – бир аз кишиден башкаңар – жүзүңөрдү үйрүп (каапыр болуп) кеттиңер. info
التفاسير: