[1] Сулайман пайгамбар яхудилердин падышасы эле. Ага Аллах жиндердин шамалдардын үстүнөн бийлик берип, бардык айбанаттардын, куштардын, курт-кумурскалардын тилин билдирген. Бул касиеттер пайгамбарларга гана бериле турган керемет болчу. Ал эми, ошол доордогу каапыр жин-шайтандар элдерге "Мына көрдүңөрбү, Сулайман – сыйкырчы. Келгиле, биз дагы силерге сыйкыр үйрөтөбүз. Анан Сулайманга окшоп ар нерсеге өкүмдар болуп каласыңар" деп яхудийлерге сыйкыр үйрөтө баштады. Шарият боюнча сыйкыр каапырчылык: "Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан". Кийин Аллах адамдарга моожиза менен сыйкырдын арасын ажыратып берүү үчүн азыркы Ирак мамлекетиндеги Вавилон (Бабыл) деген шаарга Харут жана Марут деген эки периштени адам кейпинде түшүрөт. Алар элдерге моожиза менен сыйкырдын айырмасын таанытып, моожиза – бул пайгамбарларга гана бериле турган нерсе, ал эми, сыйкыр илимин жиндер дагы, адамдар дагы, билишет жана бири-бирине үйрөтө алышат. Моожизаны адам адамга үйрөтө албайт. Моожиза – бул Аллахтын белеги. Сыйкыр – бул каапырлык. Аллах силерди сынаш үчүн бизди сыйкыр илими менен жиберди. Напсиңерге алданбагыла "Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла дешти. Пайгамбарыбыздын доорундагы кээ бир яхудийлер дагы Сулайман сыйкырчы болгон деген ишеним менен сыйкыр үйрөнүшкөн. Пайгамбарыбыз сунуш кылган Куранды артты көздөй ыргытып жиберишип, сыйкыр илимине берилип кетишкен. Алар сыйкыр менен өздөрүнө жакпаган кишилерге зыян жеткирүүнү, эр-катындардын арасын ажыратып же "ысытып" жиберүүнү адат кылып алышты.
[1] Пайгамбарыбыз сахабаларга дин өкүмдөрүн үйрөтүп жатканда алар “Бизге көңүл буруп, жайыраак окуңуз” демекчи болуп, сөздүн түз маанисинде “раинаа” дешет болчу. Бирок, кыңыр көңүлдүү яхудилер бул сөздү угаар замат пайгамбарыбызды шылдың кыла баштады. Анткени, алардын тилинде дагы башка уңгудан келип чыккан «раинаа» деген сөз бар болуп, анын мааниси «наадан», «акмак» дегенди билдирчү. Алар пайгамбарыбызга келип, «раинаа», «раинаа» деп тийише башташты. Ушул себептен Аллах таала мусулмандарга “раинаа” сөзүн, ушул эле сөздүн дагы бир синоними “унзурнаа” деген сөзгө алмаштырып, айтууну буйурду.