[1] Ибрахим жана Исмаилдин бул дубалары кабыл болуп, Аллах таала Исмаил урпактарынын арасынан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды чыгарды. Ал өз үммөттөрүнө Аллахтан келген китеп – Куранды окуп берди жана өзүнүн Даанышман Сүннөттөрүн үйрөттү. Ошондуктан, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир хадисинде: “Мен - атам Ибрахимдин дубасымын” деген.
[1] Ибрахимге берилген диндин негизин «Аллахтын шериги жана окшошу жок» деген ишеним (тавхид) түзгөн. Бул ишеним мусулмандарда гана бар. Демек, Ибрахим мусулман, анын дини ислам болгон!
[1] Яхудилер Ибрахимдин дининде эмес. Анткени алар «Узайр – Аллахтын баласы» деп ширк кылышты. Христиандар дагы Ибрахимдин дининде эмес. Себеби алар «Иса – Аллахтын баласы» деп мушрик болушту. Ибрахим муваххид (Аллахка шерик кошпой, жалгыз Өзүнө сыйынуучу) болгон. Анын дини Тавхид эле. Бул дин азыр мусулмандарда гана бар.
[1] Медина яхудилери пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга келип: “Биз бабабыз Ибрахимдин, андан соң чоң атабыз Яькубдун дининдебиз” дешти. Ошондуктан, Аллах кийинки аятта алардын ойлорун төмөндөгүчө жокко чыгарат:
[2] Яькубдун он эки баласы бар эле. Ошол он экиден яхудилердин он эки уруусу тараган. Он эки баланын биринин аты Яхуда эле. «Яхуди» деген улуттук наам ошонун атынан алынган.