Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
6 : 2

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ

Чынында, сен каапырларды (тозоктон) эскертесиңби же эскертпейсиңби баары бир, ыйман келтиришпейт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 2

خَتَمَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَعَلَىٰ سَمۡعِهِمۡۖ وَعَلَىٰٓ أَبۡصَٰرِهِمۡ غِشَٰوَةٞۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ

Аллах алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон жана (Акыретте) алар үчүн чоң азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 2

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِينَ

Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Бирок, алар ыймандуу эмес. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 2

يُخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَمَا يَخۡدَعُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ

Аллахты жана ыймандууларды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жатканын сезишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 2

فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ فَزَادَهُمُ ٱللَّهُ مَرَضٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ

Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах оорууларын дагы күчөтүп, көбөйттү. Ошондой эле жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 2

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ قَالُوٓاْ إِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُونَ

Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла» - деп айтылчу болсо, «Биз болгону - оңдоочуларбыз» - дешет. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 2

أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡمُفۡسِدُونَ وَلَٰكِن لَّا يَشۡعُرُونَ

Чындыгында, алар - анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 2

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ كَمَآ ءَامَنَ ٱلنَّاسُ قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ كَمَآ ءَامَنَ ٱلسُّفَهَآءُۗ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلسُّفَهَآءُ وَلَٰكِن لَّا يَعۡلَمُونَ

Дагы аларга «Адамдар ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле» - деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» - дешет. Чындыгында, өздөрү анык акылсыз! Бирок, (муну) билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 2

وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ إِلَىٰ شَيَٰطِينِهِمۡ قَالُوٓاْ إِنَّا مَعَكُمۡ إِنَّمَا نَحۡنُ مُسۡتَهۡزِءُونَ

Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик» - дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Чынында, биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз» - дешет. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 2

ٱللَّهُ يَسۡتَهۡزِئُ بِهِمۡ وَيَمُدُّهُمۡ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ

Аллах аларды шылдыңдайт жана сокур болушуп (акыйкатты көрбөй), адашууларында жүрүүлөрүн узартат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 2

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلضَّلَٰلَةَ بِٱلۡهُدَىٰ فَمَا رَبِحَت تِّجَٰرَتُهُمۡ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ

Алар - туура жолдун ордуна адашууну сатып алышкан. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана туура жолго түшүшпөдү. info
التفاسير: