[1] Бул жерде “эсептелүү күндөр» дегенде Курбан майрамынан кийинки үч күнгө - Зул-хижжа айынын 11-12-13-күндөрүнө айтылат. Ал күндөрдө ажылар Мина өрөөнүндө болушуп, Аллахтын меймандары катары эсептелинет. Ошондуктан, пайгамбарыбыз: “Ташрик күндөрү жеп-ичүү жана Аллахты зикир кылуу күндөрү” деген. Шайтанга таш атуу (жамра) жана Курбандык кылуу мезгилиндеги зикирлер дагы “ташрик күндөрүнүн зикиринин курамына кирет.
[2] Ким Минадагы (курмандык, жамра, зикир сыяктуу) амалдарын экинчи күндүн кечине чейин аткарып, шашылыш түрдө кайтып кетүү үчүн Каабага түшүп кетсе – уруксат. Ал эми, ким Минада үчүнчү күндүн түнүндө да калып, зикир кылып, эртеси эрте менен жамаратка таш атканы барып, андан кийин кайтып түшсө – анда да күнөө жок.
[1] Бул аят Ахнас ибн Шарик деген мунафык жөнүндө түшкөн. Өзү Исламды жана мусулманды көргүсү келбеген кас душман болсо да пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга өтө сылык, жакшы сөздөрдү айтып, өзүнүн мусулман экенине Аллахтын аты менен касам ичип жиберчү. Ошентип, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын кээ бир мажилистерине катышчу болду. Бирок Аллах таала ушул аятты түшүрүп, анын чыныгы жүзүн ачып берди.