Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

Pagina nummer:close

external-link copy
67 : 40

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ يُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡ ثُمَّ لِتَكُونُواْ شُيُوخٗاۚ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ مِن قَبۡلُۖ وَلِتَبۡلُغُوٓاْ أَجَلٗا مُّسَمّٗى وَلَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Аллах силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчы бел суудан, андан соң коюу кандан жаратты. Андан кийин бөбөк абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарды. Андан кийин күч-кубатка толгон жашка жетишиңер үчүн, жана андан соң картайган (чал-кемпир) болуп калышыңар үчүн (муундан муунга өткөрдү.) Силерден кээ бирөөңөр (карылыктан) мурун өтүп кетишет. (Дагы бирөөңөр болсо) белгиленген мөөнөткө (картайып, анан өлүм табууга) жетишиңер үчүн (узун өмүр сүрөт). Кана эми акылыңарды иштетсеңер! info
التفاسير:

external-link copy
68 : 40

هُوَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ فَإِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Ал тирилтет жана өлтүрөт. Эгер бир (чоң же кичине) ишти өкүм кылчу болсо, ага (карата) «бол!» деп айтат. Анан ал болуп калат! info
التفاسير:

external-link copy
69 : 40

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ أَنَّىٰ يُصۡرَفُونَ

Аллахтын аяттары жөнүндө (далилсиз эле) талашып жаткан адамга карабайсыңбы! Каякка бурулуп баратышат?! info
التفاسير:

external-link copy
70 : 40

ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِٱلۡكِتَٰبِ وَبِمَآ أَرۡسَلۡنَا بِهِۦ رُسُلَنَاۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

Алар – Китепти (Куранды) жана Биз пайгамбарларыбызга жиберген динди «жалган» деген адамдар! Жакында билип алышат! info
التفاسير:

external-link copy
71 : 40

إِذِ ٱلۡأَغۡلَٰلُ فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ وَٱلسَّلَٰسِلُ يُسۡحَبُونَ

Ошол Күнү алардын моюнунда сүйрөлө турган кишендер жана чынжырлар болот, info
التفاسير:

external-link copy
72 : 40

فِي ٱلۡحَمِيمِ ثُمَّ فِي ٱلنَّارِ يُسۡجَرُونَ

(тозоктогу) кайнак суу тарапка! Кийин (шайтандары менен кошо таңылып) тозокто куйкаланат! info
التفاسير:

external-link copy
73 : 40

ثُمَّ قِيلَ لَهُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تُشۡرِكُونَ

Кийин аларга айтылат: «Шерик кылган «кудайыңар» кайда, info
التفاسير:

external-link copy
74 : 40

مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالُواْ ضَلُّواْ عَنَّا بَل لَّمۡ نَكُن نَّدۡعُواْ مِن قَبۡلُ شَيۡـٔٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Аллахтан башка? «Бизден жоголуп калды го! Жок, биз мурун аларга эч дуба (ибадат) кылган эмеспиз!» – дешет. Аллах каапырларды ушинтип адаштырат. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 40

ذَٰلِكُم بِمَا كُنتُمۡ تَفۡرَحُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَبِمَا كُنتُمۡ تَمۡرَحُونَ

«Бул жер бетинде акыйкатсыздык (жалган дүйнө азгырыктары) менен корстон болгонуңардын жана текеберчилигиңердин (жазасы)! info
التفاسير:

external-link copy
76 : 40

ٱدۡخُلُوٓاْ أَبۡوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ فَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلۡمُتَكَبِّرِينَ

(Эми) анда түбөлүк кала турган тозок эшиктеринен киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!» info
التفاسير:

external-link copy
77 : 40

فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۚ فَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيۡنَا يُرۡجَعُونَ

(Оо, Мухаммад,) сабыр кыл. Аллахтын убадасы – Акыйкат! Аларга убада кылган азаптын кээ бирөөлөрүн сага көргөзөбүз, же болбосо, (аларга азап жибере электе) жаныңды алабыз. (Анда алардын азап тартканын Акыретте көрөсүң. Анткени бардыгы) Өзүбүзгө гана кайтарылышат. info
التفاسير: