Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

Pagina nummer:close

external-link copy
59 : 40

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ

Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 40

وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدۡعُونِيٓ أَسۡتَجِبۡ لَكُمۡۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِي سَيَدۡخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ

Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 40

ٱللَّهُ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشۡكُرُونَ

Аллах силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллах аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 40

ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ

Ушул Аллах – силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
63 : 40

كَذَٰلِكَ يُؤۡفَكُ ٱلَّذِينَ كَانُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ

Аллахтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 40

ٱللَّهُ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ قَرَارٗا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءٗ وَصَوَّرَكُمۡ فَأَحۡسَنَ صُوَرَكُمۡ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡۖ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Аллах силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллах силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллах Улук-Берекеттүү! info
التفاسير:

external-link copy
65 : 40

هُوَ ٱلۡحَيُّ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱدۡعُوهُ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَۗ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек, ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо(лор) болсун! info
التفاسير:

external-link copy
66 : 40

۞ قُلۡ إِنِّي نُهِيتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَمَّا جَآءَنِيَ ٱلۡبَيِّنَٰتُ مِن رَّبِّي وَأُمِرۡتُ أَنۡ أُسۡلِمَ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

(Оо, пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Куран аяттары) келгенде, мен Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум. info
التفاسير: