Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

Pagina nummer:close

external-link copy
50 : 40

قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ تَكُ تَأۡتِيكُمۡ رُسُلُكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ قَالُواْ بَلَىٰۚ قَالُواْ فَٱدۡعُواْۗ وَمَا دُعَٰٓؤُاْ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٍ

(Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!» – дешти. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 40

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ

Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 40

يَوۡمَ لَا يَنفَعُ ٱلظَّٰلِمِينَ مَعۡذِرَتُهُمۡۖ وَلَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ

Ал Күндө залым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар! info
التفاسير:

external-link copy
53 : 40

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡهُدَىٰ وَأَوۡرَثۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ

Биз Мусага Хидаят – туура жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исраил урпактарын мураскор кылып койдук. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 40

هُدٗى وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ

(Ал Китеп) туура жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган) info
التفاسير:

external-link copy
55 : 40

فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ

(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт! info
التفاسير:

external-link copy
56 : 40

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡ إِن فِي صُدُورِهِمۡ إِلَّا كِبۡرٞ مَّا هُم بِبَٰلِغِيهِۚ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ

Аллахтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.[1] Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллахтан коргоо тиле. Ал – Угуучу, Көрүүчү! info

[1] Же колунда илахий китептен далили жок, же илим-билими жок. Ушул караңгы абалында Аллах жөнүндө талашып, Ага ылайык келбеген сыпаттарды берет. Бул текебер адамдар чындап бир чындыктын түбүнө жетүүнү максат кылышпайт. Көздөгөнү бирөө гана: Аллахтын Динине бут тосуу.

التفاسير:

external-link copy
57 : 40

لَخَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ أَكۡبَرُ مِنۡ خَلۡقِ ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ

Аныгында, асмандар менен жерди жаратуу инсаниятты жаратуудан чоң нерсе. Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) билбей жатышат. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 40

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَلَا ٱلۡمُسِيٓءُۚ قَلِيلٗا مَّا تَتَذَكَّرُونَ

Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Оо, Адамдар Аллахты) өтө сейрек эскерүүдөсүңөр. info
التفاسير: