Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

Pagina nummer:close

external-link copy
8 : 40

رَبَّنَا وَأَدۡخِلۡهُمۡ جَنَّٰتِ عَدۡنٍ ٱلَّتِي وَعَدتَّهُمۡ وَمَن صَلَحَ مِنۡ ءَابَآئِهِمۡ وَأَزۡوَٰجِهِمۡ وَذُرِّيَّٰتِهِمۡۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Оо, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган түбөлүк бейишиңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 40

وَقِهِمُ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ وَمَن تَقِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ يَوۡمَئِذٖ فَقَدۡ رَحِمۡتَهُۥۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Аларды жамандыктардан сакта! Сен бүгүнкү (Кыямат) Күнү кимди жамандыктардан сактаган болсоң, ага ырайым кылыптырсың! Бул деген эң улук жеңиш!» info
التفاسير:

external-link copy
10 : 40

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُنَادَوۡنَ لَمَقۡتُ ٱللَّهِ أَكۡبَرُ مِن مَّقۡتِكُمۡ أَنفُسَكُمۡ إِذۡ تُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلۡإِيمَٰنِ فَتَكۡفُرُونَ

Каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллахтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 40

قَالُواْ رَبَّنَآ أَمَتَّنَا ٱثۡنَتَيۡنِ وَأَحۡيَيۡتَنَا ٱثۡنَتَيۡنِ فَٱعۡتَرَفۡنَا بِذُنُوبِنَا فَهَلۡ إِلَىٰ خُرُوجٖ مِّن سَبِيلٖ

(Каапырлар) айтышты: «Оо, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң![1] Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга) info

[1] Пенде эненин курсагында жансыз бир тамчы суу эле. Анан Аллах ага жан берди. Өүрү бүткөндө экинчи ирет өлдү жана Кыямат сурагы үчүн экинчи ирет тирилет.

التفاسير:

external-link copy
12 : 40

ذَٰلِكُم بِأَنَّهُۥٓ إِذَا دُعِيَ ٱللَّهُ وَحۡدَهُۥ كَفَرۡتُمۡ وَإِن يُشۡرَكۡ بِهِۦ تُؤۡمِنُواْۚ فَٱلۡحُكۡمُ لِلَّهِ ٱلۡعَلِيِّ ٱلۡكَبِيرِ

«Мунун себеби, силерди Аллахтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллахка таандык!» info
التفاسير:

external-link copy
13 : 40

هُوَ ٱلَّذِي يُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُنَزِّلُ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ رِزۡقٗاۚ وَمَا يَتَذَكَّرُ إِلَّا مَن يُنِيبُ

(Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллахка кайткан адамдар гана эскеришет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 40

فَٱدۡعُواْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ

Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 40

رَفِيعُ ٱلدَّرَجَٰتِ ذُو ٱلۡعَرۡشِ يُلۡقِي ٱلرُّوحَ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ لِيُنذِرَ يَوۡمَ ٱلتَّلَاقِ

(Силердин Кудай) Бийик даражалуу жана (Улук) Арштын Кожоюну! Ал пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга жолугушуу Күндөн эскертүү үчүн, Өз буйругу менен вахий түшүрөт. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 40

يَوۡمَ هُم بَٰرِزُونَۖ لَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنۡهُمۡ شَيۡءٞۚ لِّمَنِ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَۖ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ

«Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!» info
التفاسير: