ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
15 : 10

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَاتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا ٱئۡتِ بِقُرۡءَانٍ غَيۡرِ هَٰذَآ أَوۡ بَدِّلۡهُۚ قُلۡ مَا يَكُونُ لِيٓ أَنۡ أُبَدِّلَهُۥ مِن تِلۡقَآيِٕ نَفۡسِيٓۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۖ إِنِّيٓ أَخَافُ إِنۡ عَصَيۡتُ رَبِّي عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ

Эгерде аларга Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын далил болгон Куран аяттары окулса, кайрадан тирилүүнү четке каккан, сооп үмүт кылбаган жана жазадан коркпогондор: “Эй, Мухаммад! Айкелдерге сыйынууну сөккөн жана башка нерселерди өз ичине камтыган бул Курандан башканы алып кел. Же биздин каалоолорубузга ылайыктап кээ бир жерлерин же болбосо бүтүндөй Куранды өзгөрт” – дешти. Эй, пайгамбар! Аларга айт: “Менин Куранды өзгөрткөнүм туура болбойт. Жана менде андан да жакшысын алып келүүгө кудуретим жок. Жалгыз Аллахтын Өзү гана андан каалаган жерин өзгөртөт. Мен Аллахтын мага вахий кылып жөнөткөн нерсени гана ээрчиймин. Силердин менден сураган нерсеге жооп берип, Аллахка күнөө кылуудан жана Ал улуу күндүн азабынан коркомун. Ал күн кыямат күн”. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 10

قُل لَّوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا تَلَوۡتُهُۥ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَدۡرَىٰكُم بِهِۦۖ فَقَدۡ لَبِثۡتُ فِيكُمۡ عُمُرٗا مِّن قَبۡلِهِۦٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Оо, пайгамбар! Айткын: “Эгер Аллах, Куранды силерге окуп бербешимди каалаганда, анда мен аны силерге окубайт болчумун жана аны силерге жеткирбейт элем. Эгер Аллах каалаганда Куранды силерге өз тилимде үйрөтпөйт элем. Мен окубаган жана жазбаган абалда силердин араңарда узун бир убакыт –кырк жыл- болдум го. Мен бул ишти суранган дагы эмесмин, издебедим дагы. Менин силерге алып келген нерсе менин өзүмдөн эмес Аллахтан экенине акыл жүгүртпөйсүңөрбү?”. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 10

فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ

Аллахка жалган нерсени ойлоп тапкан адамдан өткөн залым эч ким жок. Эми кантип мен Куранды жалгандан өзгөртмөк элем? Жалган ойлоп табып Аллахтын чектеринен ашкан адамдар, каалаган нерселеринде эч качан ийгиликке жетишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 10

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡ وَيَقُولُونَ هَٰٓؤُلَآءِ شُفَعَٰٓؤُنَا عِندَ ٱللَّهِۚ قُلۡ أَتُنَبِّـُٔونَ ٱللَّهَ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ

Мушриктер Аллахтан башка өздөрү кудай деп ойлошкон, пайда да зыян да бере албаган нерсеге сыйынышат. А чыныгы кудай – ал каалаган убакта пайда да зыян да берет. Алар сыйынып жаткан кудайлары туурасында мындай дешет: “Кудайларыбыз Аллахтын алдында бизге ортомчу болуп, бизге шапаат кылышат. Ошондо Аллах бизди күнөөлөрүбүз себептүү азаптабайт”. Эй, пайгамбар! Аларга айт: “Силер бардык нерсени билген Аллахка, Анын бир шериги бар экенин Ага кабар берип жатасыңарбы? Ал Аллах асмандарда да жерде да Анын шериги бар экенин билбейт”. Аллах мушриктер жалгандан айтып жаткан нерселерден Таза жана Улук. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 10

وَمَا كَانَ ٱلنَّاسُ إِلَّآ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ فَٱخۡتَلَفُواْۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡ فِيمَا فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ

Адамдар башында ыймандуу, Аллахты жалгыздаган бир үммөт болушкан. Бирок кийин пикирде келишпей болүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери ыймандуу бойдон калды. А кээ бирлери каапыр болуп кетишти. Эгер Аллах алардын ортолорундагы келишпей бөлүнүп кеткендерине карата аларды кыйратуу өкүмүн бул дүйнөдө эмес, акыретте өкүм кылаарын тагдыр кылбаганда, анда Аллах алардын өкүмүн бул дүйнөдө берип кыйратмак. Ошондо алардын кимиси туура жолдо, кимиси адашкан экени ачыкка чыкмак. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 10

وَيَقُولُونَ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۖ فَقُلۡ إِنَّمَا ٱلۡغَيۡبُ لِلَّهِ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ

Мушриктер айтышат: “Мухаммаддын айтып жатканы акыйкат экенин тастыктаган бир аят-белги түшүрүлбөйт бекен?”. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Аят-белгилердин түшүүсү – кайып нерселерден жана анын илими Аллахка гана таандык. Силер талап кылып жаткан көзгө көрүнгөн аят-белгилерди күтө бергиле. Мен дагы аны силер менен күтөмүн”. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• عظم الافتراء على الله والكذب عليه وتحريف كلامه كما فعل اليهود بالتوراة.
Жөөттөрдүн Тооратка кылгандары сыяктуу Аллахтын сөзүн бурмалап, Аллахка жалган жалаа жабуу канчалык чоң күнөө экени баяндалды info

• النفع والضر بيد الله عز وجل وحده دون ما سواه.
Пайда жана зыян берүү жалгыз Аллахтын гана колунда. Андан башкасы муну кыла албайт. info

• بطلان قول المشركين بأن آلهتهم تشفع لهم عند الله.
Мушриктердин кудайлары Аллахтын алдында аларга шапаат кылаары туурасында айткан сөздөрүнүн жалган экени баяндалды. info

• اتباع الهوى والاختلاف على الدين هو سبب الفرقة.
Нафси каалоосун ээрчүү жана динде талашуу – бөлүнүп-жарылуунун себептеринен. info