ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
71 : 10

۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ نُوحٍ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِن كَانَ كَبُرَ عَلَيۡكُم مَّقَامِي وَتَذۡكِيرِي بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَعَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡتُ فَأَجۡمِعُوٓاْ أَمۡرَكُمۡ وَشُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ لَا يَكُنۡ أَمۡرُكُمۡ عَلَيۡكُمۡ غُمَّةٗ ثُمَّ ٱقۡضُوٓاْ إِلَيَّ وَلَا تُنظِرُونِ

Оо, пайгамбар! Тиги мушриктерге Нух пайгамбар коомуна айткан сөзүн кабарлагын. Ал коомуна: “Эй, элим! Эгерде мен силердин араңарда турушум силерге оор келип жатса жана силерди Аллахтын аяттары менен эскертип чакырганым силерге машакат келтирсе, ошондой эле мени өлтүрөбүз деп чечим чыгарсаңар, анда мен айла-амалыңарды жок кылуусуна жалгыз Аллахка гана таяндым. Чечимиңерди аткарып мени жок кылууга аракет кыла бергиле. Жардам суроо үчүн кудайларыңарды да чакыргыла. Айла-амалыңар бүдөмүк болуп жүрбөсүн. Менден жашырып өлтүрүүгө чечкен чечимиңерди бир аз болсо да кечиктирбей дароо аткаргыла. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 10

فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَمَا سَأَلۡتُكُم مِّنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ

Эгерде силер менин дааватымдан жүз бурсаңар, анда ыйман келтиресиңерби же каапыр болосуңарбы мен силерден эч кандай акы сурабаймын. Раббимдин динин жеткирүүдөгү сыйлыктар Аллахтан гана болот. Ал мени баш ийип жана жакшы иш-аракеттерди кылып моюн сунгандардан болуумду буйруду. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 10

فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَجَعَلۡنَٰهُمۡ خَلَٰٓئِفَ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ

Ага өзүнүн эли ишенишпей аны жалганга чыгарышты. Ошондо Нухту жана аны менен кемеге чыккан ыймандууларды сактадык. Ошолорду гана коомунун тукумун улаган адамдардан кылдык. Аят-далилдер келгенге карабай жалганга чыгарган адамдарды топон суу менен жок кылдык. Эй, пайгамбар! Нух пайгамбар эскертип келген коом ыйман келтирбегендиктен, алардын акыбети кандай болгондугуна ой жүгүрт. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 10

ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ بِهِۦ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ نَطۡبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡمُعۡتَدِينَ

Нухтан бир канча убакыттан кийин өз коомдоруна элчилерди жибердик. Элчилер өз үммөттөрүнө аяттар жана далилдер менен келишти. Ошондо алар буга чейин элчилерди жалганга чыгаруусун койбогондун себебинен гана алар ыйман келтирүүгө каалоолору болгон жок. Мындан улам Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөп салды. Мурунку элчилердин убагында адамдардын жүрөктөрүн мөөрлөп салгандай эле, Аллахтын койгон чектеринен ашкан каапырлардын жүрөктөрүн кайсыл убакытта жана кайсыл жерде болсо да мөөрлөп салабыз. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 10

ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِم مُّوسَىٰ وَهَٰرُونَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ بِـَٔايَٰتِنَا فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ

Ал элчилерден бир канча убакыттан кийин Мисирге падыша болуп турган Фараонго жана ошол коомдун чоңдоруна Мусаны жана анын бир тууганы Харунду жибердик. Алар айткан сөздөрдүн акыйкаттыгына далил болгон аят-белгилер менен кошо жибердик. Ал экөө алып келген ыймандан алар баш тартып текеберленишти. Анткени алар Аллахка каапыр болгондуктан жана элчилерин жалганга чыгаргандыктан, алар бузуку адамдардан болушкан. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 10

فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰذَا لَسِحۡرٞ مُّبِينٞ

Фараонго жана ал коомдун чоңдоруна Муса жана Харун алып келген акыйкат келгенде, алар Муса пайгамбардын айтканы акыйкат экендигине далил болгон аяттарына: “Чындыгында бул ачык сыйкыр. Акыйкат эмес” – деп айтышты. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 10

قَالَ مُوسَىٰٓ أَتَقُولُونَ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَكُمۡۖ أَسِحۡرٌ هَٰذَا وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّٰحِرُونَ

Ошондо аларды тыйып: “Силерге келген акыйкатты сыйкырга чыгарасыңарбы?! – деди Муса пайгамбар – Жок! Ал эч кандай сыйкыр эмес. Чынында сыйкырчы эч качан ийгиликке жетпешин мен билемин. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 10

قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِتَلۡفِتَنَا عَمَّا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا ٱلۡكِبۡرِيَآءُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا نَحۡنُ لَكُمَا بِمُؤۡمِنِينَ

Фараондун коому Муса пайгамбарга мындай деп жооп беришти: “Сен бир тууганың экөөң падышалыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз карманып жүргөн динден буруу үчүн бул сыйкыр менен келдиңерби? Оо, Муса менен Харун! Силер бизге жиберилген элчи экениңерге биз ишенбейбиз”. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• سلاح المؤمن في مواجهة أعدائه هو التوكل على الله.
Душмандары менен беттешүүдө ыймандуу адамдын негизги куралы – бул Аллахка таянуу. info

• الإصرار على الكفر والتكذيب بالرسل يوجب الختم على القلوب فلا تؤمن أبدًا.
Элчилерди жалганга чыгаруу жана каапырлыкка тырышып туруп алуу жүрөккө мөөр басылууга алып барат. Андан кийин ал жүрөк эч ыйман келтире албай калат. info

• حال أعداء الرسل واحد، فهم دائما يصفون الهدى بالسحر أو الكذب.
Элчилерге каршы чыккан адамдардын абалы бир. Алар дайыма акыйкатты сыйкыр же жалган дешет. info

• إن الساحر لا يفلح أبدًا.
Сыйкырчы эч качан ийгиликке жетпейт. info