ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
34 : 10

قُلۡ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥۚ قُلِ ٱللَّهُ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайчаңардын арасында мурун жаратылынбаган жаратылышты жарата ала турганы барбы?”. Мындай деп айткын: “Мурун жаратылынбаган көрүнүштө Аллах жаратат. Кийин ал өлгөндөн кийин аны кайра тирилтет. Эй мушриктер! Эми силер кантип чындыктан жалганга барып жатасыңар?”. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 10

قُلۡ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّۚ قُلِ ٱللَّهُ يَهۡدِي لِلۡحَقِّۗ أَفَمَن يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّ أَحَقُّ أَن يُتَّبَعَ أَمَّن لَّا يَهِدِّيٓ إِلَّآ أَن يُهۡدَىٰۖ فَمَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ

Оо, пайгамбар! Аларга мындай деп айткын: “Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайларыңардын арасында акыйкат жолго сала турганы барбы?”. Аларга: “Жалгыз Аллах акыйкат жолго салат” – деп айткын. Адамдарды акыйкатка салган, аларды акыйкатка чакырган (Аллах адамдардын) баш ийүүсүнө татыктуубу же башкалар туура жол көрсөтсө гана туураны көргөн кудайларыңар баш ийүүгө татыктуубу?! Ал кудайларыңарды Аллахка шерик деп кантип жалгандан өкүм кылып жатасыңар?! Силердин бул сөзүңөрдөн Аллах бийик, аруу. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 10

وَمَا يَتَّبِعُ أَكۡثَرُهُمۡ إِلَّا ظَنًّاۚ إِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا يَفۡعَلُونَ

Мушриктердин көпчүлүгү өздөрү билбеген нерселерди гана ээрчишет. Алар ойго келген нерселерди жана шектүү нерселерди гана ээрчишет. Чындыгында, шектенүү анык билүүдөй эмес. Аллах алардын кылып жаткан иштерин билип турат. Алардын иштеринин эч нерсеси Аллахка жашыруун эмес жана ал иштери үчүн Аллах аларды жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 10

وَمَا كَانَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ أَن يُفۡتَرَىٰ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِن تَصۡدِيقَ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَتَفۡصِيلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Адамдар бул Куранга окшош китеп алып келүүгө алсыздык кылышкандыктан бул Куран адамдар тарабынан жаралышы жана ал Аллахтан башкага таандык кылынышы туура эмес. Бирок Куран өзүнөн алдыңкы түшкөн китептерди тастыктайт жана мурунку китептерде кыскача келген өкүмдөрдү баяндайт. Андыктан ал макулуктардын Раббиси аруу жана улук Аллах тараптан түшүрүлгөндүгүндө шек жок. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 10

أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ فَأۡتُواْ بِسُورَةٖ مِّثۡلِهِۦ وَٱدۡعُواْ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Жок, ал мушриктер: “Чындыгында, Мухаммад бул Куранды өз оюнан чыгарып, кийин аны Аллахка таандык кылып койгон” – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып мындай деп айткын: “Мен силердей эле адам болуп туруп Куранды өзүм эле жазып алган болсом, анда силер Куранга окшош бир сүрөөнү алып келгилечи. Ошондой эле Куран ойдон чыгарылган жалган деп айтып жаткан сөзүңөр чын болсо, анда аны ачыкка чыгарышыңар үчүн кимди чакыра алсаңар чакыргыла. Силер эч качан андай кыла албайсыңар. Силер тилдин жана таза адабий тилдин ээси болуп туруп андай кылуу колуңардан келбеши – Куран Аллахтан түшүрүлгөнүнө далил болот. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 10

بَلۡ كَذَّبُواْ بِمَا لَمۡ يُحِيطُواْ بِعِلۡمِهِۦ وَلَمَّا يَأۡتِهِمۡ تَأۡوِيلُهُۥۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّٰلِمِينَ

Алар жооп беришпеди. Тескерисинче, Куранды түшүнүп, ага ой жүгүртүүнүн ордуна жана аларга эскертилген азап келгенге чейин алар Куранды жалганга чыгарууга шашышты. Аларга азап келишине аз калды. Мурунку элдер да ушундай жалганга чыгарышкан. Ошондо аларга жалганга чыгаргандары себептүү азап түштү. Оо, пайгамбар! Андыктан жалганга чыгарган элдердин акыр-аягы кандай болгонуна ой жүгүрткүн. Аларды Аллах кыйратты. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 10

وَمِنۡهُم مَّن يُؤۡمِنُ بِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن لَّا يُؤۡمِنُ بِهِۦۚ وَرَبُّكَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُفۡسِدِينَ

Мушриктердин арасынан өлүшүнөн алдын Куранга ыйман келтиргендери бар жана алардын арасында өлгөнгө чейин көк беттик кылып жана текеберленип ыйман келтирбегендери бар. Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң Ал каапырлыкка бекем жармашкандарды жакшы билет жана алардын каапырлыктары үчүн аларды жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 10

وَإِن كَذَّبُوكَ فَقُل لِّي عَمَلِي وَلَكُمۡ عَمَلُكُمۡۖ أَنتُم بَرِيٓـُٔونَ مِمَّآ أَعۡمَلُ وَأَنَا۠ بَرِيٓءٞ مِّمَّا تَعۡمَلُونَ

Оо, пайгамбар! Сени коомуң жалганчы дешсе, аларга мындай деп айткын: “Иш-аракеттеримдин сообу мен үчүн жана анын кесепетин өзүм көтөрөм. Ошондой эле силердин иш-аракеттериңдин сообу өзүңөргө пайда жана анын жазасы да өзүңөргө зыян. Мен жасап жаткан иштин жазасынан силердин тиешеңер жок. ошондой эле силер кылып жаткан ишиңерге менин тиешем жок. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 10

وَمِنۡهُم مَّن يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَۚ أَفَأَنتَ تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ وَلَوۡ كَانُواْ لَا يَعۡقِلُونَ

Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганыңда мушриктердин арасынан сени уккандары да бар, бирок баш ийип жана кабыл кылуу менен угушпайт. Угуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган адамга сен угуза алсыңбы?! Сен ага угуза албаганыңдай эле ал акыйкатты уккусу келбегендерди да туура жолго сала албайсың, алар ага акылдарын иштетишпейт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الهادي إلى الحق هداية التوفيق هو الله وحده دون ما سواه.
Ийгилик берип акыйкат жолго салуучу – Ал шериги жок жалгыз Аллах. info

• الحث على تطلب الأدلة والبراهين والهدايات للوصول للعلم والحق وترك الوهم والظن.
Анык билүүгө жана акыйкатка жетүү үчүн далил жана баяндарды талап кылууга жана ойго келген күмөндөрдү таштоого кызыктырат. info

• ليس في مقدور أحد أن يأتي ولو بآية مثل القرآن الكريم إلى يوم القيامة.
Кыямат күнүнө чейин Куранга окшош бир аятты болсо да алып кетүү эч кимдин колунан келбейт. info

• سفه المشركين وتكذيبهم بما لم يفهموه ويتدبروه.
Түшүнбөй туруп, ой жүгүртпөй туруп мушриктердин жалганга чыгаруусу жана алардын келесоолугу info