ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
107 : 10

وَإِن يَمۡسَسۡكَ ٱللَّهُ بِضُرّٖ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَۖ وَإِن يُرِدۡكَ بِخَيۡرٖ فَلَا رَآدَّ لِفَضۡلِهِۦۚ يُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан сага сыноо келсе. Ал сыноону өзүңдөн кетирүүнү талап кылсаң, аны Аллах гана кетирет. Эгер Аллах сага жыргалчылыкты кааласа, анын жакшылыгын эч ким тыя албайт. Анын жакшылыгы каалаган пендесине жетет. Эч бир жан Аны мажбурлай албайт. Пенделеринин арасынан тообо кылгандарга Ал ырайым кылган Кечиримдүү Зат. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 10

قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُمُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۖ وَمَآ أَنَا۠ عَلَيۡكُم بِوَكِيلٖ

Оо, пайгамбар! Айткын: “Оо, адамдар! Силерге Раббиңер түшүргөн Куран келди. Ким туура жолго түшүп ага ыйман келтирсе, анда анын жакшылыгы өзүнө гана кайтат. Анткени Аллах пенделеринин ибадаттарына муктаж эмес. Ким адашса жамандыгы өзүнө гана кайтат. Пенделердин күнөө кылуусу Аллахка зыян бере албайт. Мен силер кылган амалдарыңарды сактоочу эмесмин, кылган амалдарыңар үчүн силерди сурака албайм. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 10

وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ وَٱصۡبِرۡ حَتَّىٰ يَحۡكُمَ ٱللَّهُۚ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ

Оо, пайгамбар! Сага Раббиң вахий кылган нерселерди ээрчип ошол нерсени аткар. Сага элиңден каршы чыккандардын сага берген ызаасына сабыр кыл. Жана сен жеткирүүгө буйрулган нерселерди жеткиргенге сабыр кыл. Аллах сага алардын үстүнөн бул дүйнөдө Өз өкүмү менен жеңиш бергенге чейин буйруган нерселерин уланта бер. Эгер алар каапырлыкта өлүшсө, Аллах аларды акырет күнү азаптайт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إن الخير والشر والنفع والضر بيد الله دون ما سواه.
Чындыгында жакшылык менен жамандык, пайда жана зыян берүү эч бир жандын эмес бир гана Аллахтын колунда. info

• وجوب اتباع الكتاب والسُّنَّة والصبر على الأذى وانتظار الفرج من الله.
Куран жана сүннөттү ээрчүүнүн милдеттүүлүгү жана ызаа берген нерселерге сабыр кылып Аллахтан келе турган жеңилдикти күтүү. info

• آيات القرآن محكمة لا يوجد فيها خلل ولا باطل، وقد فُصِّلت الأحكام فيها تفصيلًا تامَّا.
Куран аяттары кемчиликсиз, андан жалган жана кемчиликти таппайсың. Андагы өкүмдөр толук чечмеленип берилген. info

• وجوب المسارعة إلى التوبة والندم على الذنوب لنيل المطلوب والنجاة من المرهوب.
Тообо кылганга шашылуунун милдеттүүлүгү жана кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, Аллах талап кылган нерсеге жетип, Ал коркуткан нерседен кутулуу. info