ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
98 : 10

فَلَوۡلَا كَانَتۡ قَرۡيَةٌ ءَامَنَتۡ فَنَفَعَهَآ إِيمَٰنُهَآ إِلَّا قَوۡمَ يُونُسَ لَمَّآ ءَامَنُواْ كَشَفۡنَا عَنۡهُمۡ عَذَابَ ٱلۡخِزۡيِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ

Биз пайгамбарларыбызды жиберген шаардын жашоочулары азап көздөрүнө көрүнгөнгө чейин өздөрү каалап ыйманга киришкен жок. Алар азап көздөрүнө көрүнөөрдөн мурун ыйман келтиришкенде өздөрүнө гана пайда бермек. Бирок Юнустун коому чыныгы ыйман келтиришкен учурда аларды дүйнө жашоосундагы кордук азабынан куткардык. Аларга ажалдары келгиче жашоо жыргалчылыктарын бердик. info
التفاسير:

external-link copy
99 : 10

وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَأٓمَنَ مَن فِي ٱلۡأَرۡضِ كُلُّهُمۡ جَمِيعًاۚ أَفَأَنتَ تُكۡرِهُ ٱلنَّاسَ حَتَّىٰ يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

Оо, пайгамбар! Эгер сенин Раббиң жер бетиндеги бардык адамдардын ыйманга келүүсүн каалаганда анда алар ыйман келтиришмек. Бирок Аллах даанышмандык үчүн андай болушун каалабады. Ал каалаган адамын Өзүнүн адилеттүүлүгү менен адаштырат, ошондой эле каалаган адамын Өз жакшылыгы менен туура жолго салат. Чындыгында сен адамдарды мажбурлап ыйманга киргизе албайсың. Алардын ыйман келтирүүсү бир гана Аллахтын колунда. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 10

وَمَا كَانَ لِنَفۡسٍ أَن تُؤۡمِنَ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَجۡعَلُ ٱلرِّجۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يَعۡقِلُونَ

Аллахтын уруксатысыз эч бир жан өз ыктыяры менен ыйман келтире албайт. Анын каалоосуз ыйман килтирүү мүмкүн эмес. Сен каапырларды ойлонуп түйшүк тартпа. Анын буйрук-тыюуларын жана далилдерин билбеген адамдарды Аллах кор кылып азаптайт. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 10

قُلِ ٱنظُرُواْ مَاذَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَا تُغۡنِي ٱلۡأٓيَٰتُ وَٱلنُّذُرُ عَن قَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ

Оо, пайгамбар! Сенден аят-белгилерди сураган мушриктерге: ”Асмандар менен жерде Аллахтын күч-кудуретине жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерге ой жүгүртпөйсүңөрбү?”-деп айткын. Ыйман келтирүүгө даяр эмес адамдар каапырлыкты көк беттик менен кармангандары үчүн аларга аяттардын, далилдердин түшүүсү жана пайгамбарлардын жиберилиши пайда бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 10

فَهَلۡ يَنتَظِرُونَ إِلَّا مِثۡلَ أَيَّامِ ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلِهِمۡۚ قُلۡ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ

Ал жалганчы адамдар өздөрүнөн мурун өткөн жалганчы коомдорго түшкөн Аллахтын азабын күтүп жатышабы? Оо, пайгамбар! Сен аларга айткын: ”Аллахтын азабын күтө тургула, менда силер менен Аллахтын убадасын күтөмүн”. info
التفاسير:

external-link copy
103 : 10

ثُمَّ نُنَجِّي رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ كَذَٰلِكَ حَقًّا عَلَيۡنَا نُنجِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Андан кийин Биз каапырларга азап түшүрөбүз. Биз пайгамбарларыбызды жана алар менен бирге ыйман келтиргендерди куткарабыз. Ошондо алар өздөрүнүн коомуна түшкөн азапка учурашпайт. Пайгамбарларды жана алар менен бирге момундарды куткарган сыяктуу Аллахтын пайгамбарын жана аны менен бирге момундарды куткаруу Биз үчүн анык милдет болуп саналат. info
التفاسير:

external-link copy
104 : 10

قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي شَكّٖ مِّن دِينِي فَلَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِينَ تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِنۡ أَعۡبُدُ ٱللَّهَ ٱلَّذِي يَتَوَفَّىٰكُمۡۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Оо, пайгамбар! Айткын:” Оо, адамдар! Эгер мен силерди чакырып жаткан Аллахты жалгыздоонун дининен шектенген болсоңор, анда мен силердин диниңер жалган экенине чыныгы ишенимде болуп аны ээрчибеймин. Аллахтан башка кудайга сыйынып жаткаңынарга мен сыйынбаймын. Бирок силерди өлтүрө турган Аллахка гана сыйынамын. Аллах мени жалгыз Өзүнө гана чын ихластан ибадат кылган ыймандуулардан болуумду буйруду. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 10

وَأَنۡ أَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗا وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Ошондой эле Аллах мени акыйкат динде түз жүрүүмдү буйруду. Мен бардык жалган диндерден алыс болуп, акыйкат динде бекем болом. Мени мушриктерден болуумду тыйды. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 10

وَلَا تَدۡعُ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَۖ فَإِن فَعَلۡتَ فَإِنَّكَ إِذٗا مِّنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Оо, пайгамбар! Аллахтан башка айкелдерге жана пайда бере ала турганчалык деңгээлде да пайда бере албаган жана зыян бере алганчалык деңгээлде да зыян бере албаган нерселерге дуба кылбагын. Эгер сен аларга сыйынсаң, анда сен Аллахтын чегинен ашкан жана өзүнө зыян берген заалымдардан болуп каласың. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الإيمان هو السبب في رفعة صاحبه إلى الدرجات العلى والتمتع في الحياة الدنيا.
Ыйман бул адамды бийик даражага көтөрүүгө жана дүйнө жашоосунда ырахаттанып жашоого себепчи болот. info

• ليس في مقدور أحد حمل أحد على الإيمان؛ لأن هذا عائد لمشيئة الله وحده.
Эч бир жан бирөөнү мажбурлап динге киргизе албайт. Анткени ал жалгаз Аллахтын каалоосуна кайтат. info

• لا تنفع الآيات والنذر من أصر على الكفر وداوم عليه.
Каапырлыкты көк беттик менен дайым карманган адамдарга сенин эскертүү аят-белгилериң эч пайда бербейт. info

• وجوب الاستقامة على الدين الحق، والبعد كل البعد عن الشرك والأديان الباطلة.
Акыйкат динде түз жүрүүнүн милдеттүүлүгү жана ширк менен жалган диндерден кескин түрдө алыс болуу. info