ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

external-link copy
20 : 10

وَيَقُولُونَ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۖ فَقُلۡ إِنَّمَا ٱلۡغَيۡبُ لِلَّهِ فَٱنتَظِرُوٓاْ إِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُنتَظِرِينَ

Мушриктер айтышат: “Мухаммаддын айтып жатканы акыйкат экенин тастыктаган бир аят-белги түшүрүлбөйт бекен?”. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Аят-белгилердин түшүүсү – кайып нерселерден жана анын илими Аллахка гана таандык. Силер талап кылып жаткан көзгө көрүнгөн аят-белгилерди күтө бергиле. Мен дагы аны силер менен күтөмүн”. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• عظم الافتراء على الله والكذب عليه وتحريف كلامه كما فعل اليهود بالتوراة.
Жөөттөрдүн Тооратка кылгандары сыяктуу Аллахтын сөзүн бурмалап, Аллахка жалган жалаа жабуу канчалык чоң күнөө экени баяндалды info

• النفع والضر بيد الله عز وجل وحده دون ما سواه.
Пайда жана зыян берүү жалгыз Аллахтын гана колунда. Андан башкасы муну кыла албайт. info

• بطلان قول المشركين بأن آلهتهم تشفع لهم عند الله.
Мушриктердин кудайлары Аллахтын алдында аларга шапаат кылаары туурасында айткан сөздөрүнүн жалган экени баяндалды. info

• اتباع الهوى والاختلاف على الدين هو سبب الفرقة.
Нафси каалоосун ээрчүү жана динде талашуу – бөлүнүп-жарылуунун себептеринен. info