क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

पृष्ठ संख्या:close

external-link copy
196 : 7

إِنَّ وَلِـِّۧيَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي نَزَّلَ ٱلۡكِتَٰبَۖ وَهُوَ يَتَوَلَّى ٱلصَّٰلِحِينَ

(Анткени,) Менин коргоочум – Аллах! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Ал салих адамдарга жардам берет. info
التفاسير:

external-link copy
197 : 7

وَٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسۡتَطِيعُونَ نَصۡرَكُمۡ وَلَآ أَنفُسَهُمۡ يَنصُرُونَ

Аллахтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт. info
التفاسير:

external-link copy
198 : 7

وَإِن تَدۡعُوهُمۡ إِلَى ٱلۡهُدَىٰ لَا يَسۡمَعُواْۖ وَتَرَىٰهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ وَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ

Эгер аларды туура жолго чакырсаңар – укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт. info
التفاسير:

external-link copy
199 : 7

خُذِ ٱلۡعَفۡوَ وَأۡمُرۡ بِٱلۡعُرۡفِ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡجَٰهِلِينَ

(О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр жана наадандардан ыраак бол! info
التفاسير:

external-link copy
200 : 7

وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ نَزۡغٞ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү! info
التفاسير:

external-link copy
201 : 7

إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ إِذَا مَسَّهُمۡ طَٰٓئِفٞ مِّنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ تَذَكَّرُواْ فَإِذَا هُم مُّبۡصِرُونَ

Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллахты эстешип (туура жолду) көрө башташат. info
التفاسير:

external-link copy
202 : 7

وَإِخۡوَٰنُهُمۡ يَمُدُّونَهُمۡ فِي ٱلۡغَيِّ ثُمَّ لَا يُقۡصِرُونَ

Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
203 : 7

وَإِذَا لَمۡ تَأۡتِهِم بِـَٔايَةٖ قَالُواْ لَوۡلَا ٱجۡتَبَيۡتَهَاۚ قُلۡ إِنَّمَآ أَتَّبِعُ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ مِن رَّبِّيۚ هَٰذَا بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمۡ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Сен (алар сураган) далил-мужизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Куран) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) жышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн туура жол, ырайым! info
التفاسير:

external-link copy
204 : 7

وَإِذَا قُرِئَ ٱلۡقُرۡءَانُ فَٱسۡتَمِعُواْ لَهُۥ وَأَنصِتُواْ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ

(О, адамдар!) Куран окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллахтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес! info
التفاسير:

external-link copy
205 : 7

وَٱذۡكُر رَّبَّكَ فِي نَفۡسِكَ تَضَرُّعٗا وَخِيفَةٗ وَدُونَ ٱلۡجَهۡرِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ وَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡغَٰفِلِينَ

(О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын жана (Аллахты) унутуп коюучулардан болбогун. info
التفاسير:

external-link copy
206 : 7

إِنَّ ٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَيُسَبِّحُونَهُۥ وَلَهُۥ يَسۡجُدُونَۤ۩

Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.[1] info

[1] Бул аят сажда аяты болгону себептүү аны окуган жана уккан адамга бир ирет сажда кылуу важып болот.

التفاسير: