क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

पृष्ठ संख्या:close

external-link copy
138 : 7

وَجَٰوَزۡنَا بِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡبَحۡرَ فَأَتَوۡاْ عَلَىٰ قَوۡمٖ يَعۡكُفُونَ عَلَىٰٓ أَصۡنَامٖ لَّهُمۡۚ قَالُواْ يَٰمُوسَى ٱجۡعَل لَّنَآ إِلَٰهٗا كَمَا لَهُمۡ ءَالِهَةٞۚ قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ تَجۡهَلُونَ

Биз Исраил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз бут-айкелдерине табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы! info
التفاسير:

external-link copy
139 : 7

إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ مُتَبَّرٞ مَّا هُمۡ فِيهِ وَبَٰطِلٞ مَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!” info
التفاسير:

external-link copy
140 : 7

قَالَ أَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَبۡغِيكُمۡ إِلَٰهٗا وَهُوَ فَضَّلَكُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Айтты: “Эми, мен силерге Аллахтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллах силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып) койду эле го!” info
التفاسير:

external-link copy
141 : 7

وَإِذۡ أَنجَيۡنَٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يُقَتِّلُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ

Эстегиле, (Оо, Исраил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фараон адамдарынан куткарган элек. Ушунда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар. info
التفاسير:

external-link copy
142 : 7

۞ وَوَٰعَدۡنَا مُوسَىٰ ثَلَٰثِينَ لَيۡلَةٗ وَأَتۡمَمۡنَٰهَا بِعَشۡرٖ فَتَمَّ مِيقَٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَٰرُونَ ٱخۡلُفۡنِي فِي قَوۡمِي وَأَصۡلِحۡ وَلَا تَتَّبِعۡ سَبِيلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Биз Муса менен (ага Китеп – Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди. info
التفاسير:

external-link copy
143 : 7

وَلَمَّا جَآءَ مُوسَىٰ لِمِيقَٰتِنَا وَكَلَّمَهُۥ رَبُّهُۥ قَالَ رَبِّ أَرِنِيٓ أَنظُرۡ إِلَيۡكَۚ قَالَ لَن تَرَىٰنِي وَلَٰكِنِ ٱنظُرۡ إِلَى ٱلۡجَبَلِ فَإِنِ ٱسۡتَقَرَّ مَكَانَهُۥ فَسَوۡفَ تَرَىٰنِيۚ فَلَمَّا تَجَلَّىٰ رَبُّهُۥ لِلۡجَبَلِ جَعَلَهُۥ دَكّٗا وَخَرَّ مُوسَىٰ صَعِقٗاۚ فَلَمَّآ أَفَاقَ قَالَ سُبۡحَٰنَكَ تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Муса Биз убадалашкан убакытта келгенде жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» - деди. Ал (Аллах) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле, аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “О, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым, мен ыймандуулардын алдынкысымын!” info
التفاسير: