क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

पृष्ठ संख्या:close

external-link copy
121 : 7

قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

“Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!" - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
122 : 7

رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)” info
التفاسير:

external-link copy
123 : 7

قَالَ فِرۡعَوۡنُ ءَامَنتُم بِهِۦ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّ هَٰذَا لَمَكۡرٞ مَّكَرۡتُمُوهُ فِي ٱلۡمَدِينَةِ لِتُخۡرِجُواْ مِنۡهَآ أَهۡلَهَاۖ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ

Фараон айтты: “Мен силерге уруксат бербесем да, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар! info
التفاسير:

external-link copy
124 : 7

لَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمۡ أَجۡمَعِينَ

Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши кесип, анан баарыңарды асып өлтүрөмүн!” info
التفاسير:

external-link copy
125 : 7

قَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ

(Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук! info
التفاسير:

external-link copy
126 : 7

وَمَا تَنقِمُ مِنَّآ إِلَّآ أَنۡ ءَامَنَّا بِـَٔايَٰتِ رَبِّنَا لَمَّا جَآءَتۡنَاۚ رَبَّنَآ أَفۡرِغۡ عَلَيۡنَا صَبۡرٗا وَتَوَفَّنَا مُسۡلِمِينَ

Сен бизден, Раббибиздин далил-мужизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын! info
التفاسير:

external-link copy
127 : 7

وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِ فِرۡعَوۡنَ أَتَذَرُ مُوسَىٰ وَقَوۡمَهُۥ لِيُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَيَذَرَكَ وَءَالِهَتَكَۚ قَالَ سَنُقَتِّلُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَنَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡ وَإِنَّا فَوۡقَهُمۡ قَٰهِرُونَ

Фараондун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы тукуруп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн коёсуңбу?” - дешти. (Фараон) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!” info
التفاسير:

external-link copy
128 : 7

قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِ ٱسۡتَعِينُواْ بِٱللَّهِ وَٱصۡبِرُوٓاْۖ إِنَّ ٱلۡأَرۡضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَٱلۡعَٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ

Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фараондуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.” info
التفاسير:

external-link copy
129 : 7

قَالُوٓاْ أُوذِينَا مِن قَبۡلِ أَن تَأۡتِيَنَا وَمِنۢ بَعۡدِ مَا جِئۡتَنَاۚ قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُهۡلِكَ عَدُوَّكُمۡ وَيَسۡتَخۡلِفَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرَ كَيۡفَ تَعۡمَلُونَ

(Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (азап уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кыларыңарды карап турат”. info
التفاسير:

external-link copy
130 : 7

وَلَقَدۡ أَخَذۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ بِٱلسِّنِينَ وَنَقۡصٖ مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ

Биз Фараон элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык. info
التفاسير: