[1] Демек, бузукулуктарга бөлөнгөн коом качан тынч-бейпил жашап калса – бул Аллахтын амалкерлиги! Момун-мусулман пенде коркуу менен үмүттүн арасында болушу, ар дайым Раббисине: “Эй, жүрөктөрдү ар калыпка салуучу Кудайым! Менин жүрөгүмдү өз диниңде бекем кыла көр!” деп дуба кылышы, эгер кел-кел (ооматы) келип, күтүрөп, дүңгүрөп, жыргап калса, сактыгын ого бетер күчөтүп, ыйманына байкоо жүргүзүп туруусу зарыл.
[1] Пайгамбарлар каапырларга кээ бир учурда эч кимдин колунан келбеген моожиза-керемет көргөзсө да ыйманга келишпейт. Мунун себеби, алар өздөрүнө ыйман биринчи ирет сунушталганда кабыл албай койгондуктан, Аллах алардын жүрөгүнө мөөр басып койгон эле.