क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - किर्गिज़ अनुवाद - शम्सुद्दीन हकीमोफ़

पृष्ठ संख्या:close

external-link copy
82 : 7

وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوهُم مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ

(Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” – деген сөз менен гана жооп берди. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 7

فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ

Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду.[1] info

[1] Аллах Лут пайгамбарга түн ичинде бул шаардан чыгып кетүүнү буюруп, эртеси таң азанда балээ жиберүүсүн билдирген болчу. Анын аялы бузуку адамдар тарапта болгондуктан, Аллах «аны өзүң менен алып кетпе» - деген.

التفاسير:

external-link copy
84 : 7

وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

Анан Биз алардын үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык. Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун карагын. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 7

وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ فَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Ошондой эле Биз Мадян элине өздөрүнүн туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы! info
التفاسير:

external-link copy
86 : 7

وَلَا تَقۡعُدُواْ بِكُلِّ صِرَٰطٖ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ بِهِۦ وَتَبۡغُونَهَا عِوَجٗاۚ وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ كُنتُمۡ قَلِيلٗا فَكَثَّرَكُمۡۖ وَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо отурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллах силерди (өлүм – житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү, жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла! info
التفاسير:

external-link copy
87 : 7

وَإِن كَانَ طَآئِفَةٞ مِّنكُمۡ ءَامَنُواْ بِٱلَّذِيٓ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦ وَطَآئِفَةٞ لَّمۡ يُؤۡمِنُواْ فَٱصۡبِرُواْ حَتَّىٰ يَحۡكُمَ ٱللَّهُ بَيۡنَنَاۚ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ

Эгерде, силердин араңардан бир тобуңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, башка бир тобуңар ыйман келтирбесе, Аллах биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал – эң жакшы өкүм кылуучу. info
التفاسير: