[1] Алар коомдун каймактары эле. Муса аларды ээрчитип, чогуу кечирим сураганы Аллах белгилеген убакытта, белгиленген жерге келишти. Ошондо жанагы жетимиш “акылман” Мусага “Бизге Аллахты көргөзөсүң” деп талап коюп калса болобу! Каарданган Аллах алардын кесепетинен бүт Исрайил урпактарын жүрөктү түшүргөн гүлдүрөк-чагылган менен тындым кылды!
[2] Аллах Таала Мусанын дубасын кабыл алып, чагылган урган элди тирилтип, күнөөлөрүн кечирди.