ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
184 : 26

وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلۡجِبِلَّةَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Силерди жана мурунку муундарды жараткан Аллахтын силерге жазасы түшүүдөн корккула. info
التفاسير:

external-link copy
185 : 26

قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ

Шуайбдын эли ага айтты: «Чындыгында сен көп жолу сыйкырланып, акыры ал сыйкыр сенин акылыңа үстөмдүк кылып, аны кетирди. info
التفاسير:

external-link copy
186 : 26

وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ

Сен бизге окшогон эле адамсың. Бизден эч кандай артыкчылыгың деле жок. Анан кантип пайгамбар болмок элең? Биз сенин пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө анык эле жалганчысың деген ойдобуз. info
التفاسير:

external-link copy
187 : 26

فَأَسۡقِطۡ عَلَيۡنَا كِسَفٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Эгерде айткан сөзүңдө чынчыл болсоң, анда биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи. info
التفاسير:

external-link copy
188 : 26

قَالَ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Шуайб аларга айтты: «Раббим силер кылып жаткан ширкти жана күнөөлөрдү эң жакшы билет. Силердин кылган ишиңердин эч бири Ага жашыруун эмес». info
التفاسير:

external-link copy
189 : 26

فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمۡ عَذَابُ يَوۡمِ ٱلظُّلَّةِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٍ

Алар жалганга чыгарышканын токтоткон жок. Анан аларга аптаптуу күндүн артынан булут көлөкөлөгөн азап келди. Ошондо алардын үстүнөн от жаап, аларды күйгүзүп салды. Чындыгында алар кыйраган күн – чоң коркунучка толгон күн болду. info
التفاسير:

external-link copy
190 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Чындыгында бул айтылган Шуайбдын элинин кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
191 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
192 : 26

وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Чындыгында Мухаммадга (ага Аллахтын саламы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түшкөн бул Куран – макулуктардын Раббиси тарабынан түштү. info
التفاسير:

external-link copy
193 : 26

نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ

Аны аманаткөй Жебреил алып келди. info
التفاسير:

external-link copy
194 : 26

عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ

Оо, пайгамбар! Ал аны сен адамдарды эскерткен жана аларды Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарлардан болушуң үчүн сенин жүрөгүңө алып келди. info
التفاسير:

external-link copy
195 : 26

بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ

Ал аны ачык-айкын түшүнүктүү болгон араб тилинде алып келди. info
التفاسير:

external-link copy
196 : 26

وَإِنَّهُۥ لَفِي زُبُرِ ٱلۡأَوَّلِينَ

Чындыгында бул Куран асмандан түшкөн абалкылардын китептеринде эскерилип, ал тууралуу куш кабарлар айтылган. info
التفاسير:

external-link copy
197 : 26

أَوَلَمۡ يَكُن لَّهُمۡ ءَايَةً أَن يَعۡلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُاْ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

Сага түшкөн нерсенин акыйкат экенин Абдуллах ибн Салам сыяктуу Исраил урпактарынын аалымдарынын билүүсү – ал жалганчылар үчүн сенин чынчылдыгыңа далил боло албайбы? info
التفاسير:

external-link copy
198 : 26

وَلَوۡ نَزَّلۡنَٰهُ عَلَىٰ بَعۡضِ ٱلۡأَعۡجَمِينَ

Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде сүйлөбөгөн араб эмес элдерге түшүргөн болсок info
التفاسير:

external-link copy
199 : 26

فَقَرَأَهُۥ عَلَيۡهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ مُؤۡمِنِينَ

жана аларга аны окуп берсе, алар ыйман келтиришмек эмес. Себеби алар: «Биз муну түшүнгөн жокпуз» – дешмек. Андыктан алар Аллахка шүгүр кылышсын, анткени аны алардын тилинде түшүрдү. info
التفاسير:

external-link copy
200 : 26

كَذَٰلِكَ سَلَكۡنَٰهُ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

Ошондой эле Биз күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрүнө (Куранга болгон) жалган менен каапырлыкты киргиздик. info
التفاسير:

external-link copy
201 : 26

لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ

Алар кыйноочу азапты көрүшмөйүнчө каапырлыктан кайтышпайт жана ыйман келтиришпейт. info
التفاسير:

external-link copy
202 : 26

فَيَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ

Ал азап аларга капыстан келет. Ал аларга күтүүсүз келгенге чейин алар анын келерин билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
203 : 26

فَيَقُولُواْ هَلۡ نَحۡنُ مُنظَرُونَ

Аларга азап күтүүсүз келгенде катуу өкүнүчтөн мындай дешет: «Бизге мөөнөт берилер бекен, биз Аллахка тообо кылалы?». info
التفاسير:

external-link copy
204 : 26

أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ

Ал каапырлар Биздин азабыбызды шаштырып: «Сен биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө биз сага ыйман келтирбейбиз» – деп жатышабы?! info
التفاسير:

external-link copy
205 : 26

أَفَرَءَيۡتَ إِن مَّتَّعۡنَٰهُمۡ سِنِينَ

Оо, пайгамбар! Айтчы Мага, эгерде Биз сен алып келген нерседен баш тарткан каапырларга узак убакыт бою жакшылыктарды берип жыргаткан болсок, info
التفاسير:

external-link copy
206 : 26

ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُواْ يُوعَدُونَ

андан соң алар ошол жакшылыктарга жеткен замандан кийин аларга убада кылынган азап келген болсо, info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• كلما تعمَّق المسلم في اللغة العربية، كان أقدر على فهم القرآن.
Мусулман адам араб тилин канчалык терең үйрөнгөн сайын Куранды да терең түшүнө баштайт. info

• الاحتجاج على المشركين بما عند المُنْصِفين من أهل الكتاب من الإقرار بأن القرآن من عند الله.
Китеп ээлеринин арасындагы калыс адамдардын Куран Аллах тараптан экендигин моюнга алууларын мушриктерге каршы далил катары колдонуу. info

• ما يناله الكفار من نعم الدنيا استدراج لا كرامة.
Бул дүйнөдө каапырларга берилген жакшылыктар – аларга карата сый-урмат эмес, аларды акырындык менен жазалоо. info