ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
61 : 26

فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلۡجَمۡعَانِ قَالَ أَصۡحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدۡرَكُونَ

Качан Фараондун коому менен Мусанын коому бири-бирине жолукканда, алар бири-бирин көрүшкөндө Мусанын шериктери айтты: «Чындыгында Фараон менен анын коому бизди кууп жетерине аз калды. Биз аларга туруштук бере албайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
62 : 26

قَالَ كَلَّآۖ إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهۡدِينِ

Муса элине айтты: «Абал силер элестеткендей эмес! Чындыгында Раббим мени менен бирге, Ал колдойт жана жардам берет. Ал мага жол кутулуунун жолун көргөзөт». info
التفاسير:

external-link copy
63 : 26

فَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضۡرِب بِّعَصَاكَ ٱلۡبَحۡرَۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرۡقٖ كَٱلطَّوۡدِ ٱلۡعَظِيمِ

Биз Мусага вахий кылып: «Таягың менен деңизди чап!» – деп буйрудук. Ал аны чапканда деңиз экиге бөлүнүп, ал Исраил урпактарынын урууларынын санына барабар он эки жолго айланды. Деңиздин ар бир ачылган бөлүгү бекемдиги менен чоңдугунда улуу тоо сыяктуу болуп, алардан эч кандай суу акпай калды. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 26

وَأَزۡلَفۡنَا ثَمَّ ٱلۡأٓخَرِينَ

Биз Фараон менен анын коомун жакын алып келдик, анан алар жолдон өтсө болот экен деген ойдо деңизге киришти. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 26

وَأَنجَيۡنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

Биз Муса жана аны менен бирге болгон Исраил урпактарын куткардык. Алардан бир да адам өлгөн жок. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 26

ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Андан соң Фараон менен анын коомун деңизге чөктүрүп жок кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Чындыгында Мусага деңиздин экиге бөлүнүшүндө, анын куткарылышында жана Фараон менен коомунун кыйроосунда Мусанын чынчыл экенин билдирген аят-белгилер бар. Бирок Фараон менен болгондордун көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 26

وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ إِبۡرَٰهِيمَ

Оо, пайгамбар! Аларга Ибрахимдин окуясын окуп бер. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 26

إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَا تَعۡبُدُونَ

Бир кезде ал атасы Азарга жана элине: «Аллахтан башка эмнеге сыйынып жатасыңар?» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 26

قَالُواْ نَعۡبُدُ أَصۡنَامٗا فَنَظَلُّ لَهَا عَٰكِفِينَ

Эли айтты: «Биз айкелдер-буттарга сыйынып жатабыз. Аларга сыйынганыбызды токтотпойбуз жана аларды таштабайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
72 : 26

قَالَ هَلۡ يَسۡمَعُونَكُمۡ إِذۡ تَدۡعُونَ

Ибрахим аларга айтты: «Ал айкелдер-буттарга дуба кылсаңар дубаңарды угушабы? info
التفاسير:

external-link copy
73 : 26

أَوۡ يَنفَعُونَكُمۡ أَوۡ يَضُرُّونَ

Же силер аларга моюн сунсаңар пайда келтире алышабы? Же силер аларга баш ийбестик кылсаңар зыян тийгизе алышабы?». info
التفاسير:

external-link copy
74 : 26

قَالُواْ بَلۡ وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفۡعَلُونَ

Алар айтышты: «Аларга дуба кылсак бизди угушпайт, аларга моюн сунсак бизге пайда келтире алышпайт, аларга баш ийбестик кылсак бизге зыян тийгизе алышпайт. Бирок биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылышкандарын көргөнбүз. Ошондуктан биз аларды ээрчийбиз». info
التفاسير:

external-link copy
75 : 26

قَالَ أَفَرَءَيۡتُم مَّا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ

Ибрахим айтты: «Силер ойлонуп көрдүңөр беле, Аллахтан башка эмне деген айкел-буттарга сыйынып жатканыңарды? info
التفاسير:

external-link copy
76 : 26

أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلۡأَقۡدَمُونَ

Жана силердин илгерки ата-бабаларыңардын эмнелерге сыйынышкандарын? info
التفاسير:

external-link copy
77 : 26

فَإِنَّهُمۡ عَدُوّٞ لِّيٓ إِلَّا رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Чындыгында алардын баарысы – менин душмандарым. Анткени бүткүл ааламдардын Раббиси Аллахтан башкалары жалган. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 26

ٱلَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهۡدِينِ

Ал мени жаратты жана Ал мени дүйнө жана акырет жакшылыктарына багыттайт. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 26

وَٱلَّذِي هُوَ يُطۡعِمُنِي وَيَسۡقِينِ

Ал жалгыз Өзү мени тамактандырат, эгер ачка болсом жана Ал мага ичирет, эгер чаңкаган болсом. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 26

وَإِذَا مَرِضۡتُ فَهُوَ يَشۡفِينِ

Эгер ооруп калсам, Ал жалгыз Өзү мени оорумдан айыктырат. Менин Андан башка айыктыруучум жок. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 26

وَٱلَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحۡيِينِ

Ажалым жеткен кезде Ал жалгыз Өзү мени өлтүрөт. Жана Ал мени өлгөндөн кийин кайра тирилтет. info
التفاسير:

external-link copy
82 : 26

وَٱلَّذِيٓ أَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لِي خَطِيٓـَٔتِي يَوۡمَ ٱلدِّينِ

Жана мен сурак күнү жалгыз Андан гана күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кылам. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 26

رَبِّ هَبۡ لِي حُكۡمٗا وَأَلۡحِقۡنِي بِٱلصَّٰلِحِينَ

Ибрахим Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мага динде туура түшүнүк бер жана мени пайгамбарлардан болгон такыбалуулардын катарына кош, алар менен бирге бейишке киргиз» – деди. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الله مع عباده المؤمنين بالنصر والتأييد والإنجاء من الشدائد.
Аллах Өз колдоосу, жардамы жана кыйынчылыктан куткаруусу менен ыймандуу пенделери менен бирге. info

• ثبوت صفتي العزة والرحمة لله تعالى.
Аллах таала кудуреттүүлүк жана ырайымдуулук сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо. info

• خطر التقليد الأعمى.
Сокур ээрчүүнүн коркунучу. info

• أمل المؤمن في ربه عظيم.
Ыймандуу адамдын үмүтү – улуу Раббисинде. info