ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
207 : 26

مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يُمَتَّعُونَ

Алардын бул дүйнөдөгү жакшылыктары аларга кандай пайда алып келмек?! Ал жакшылыктар кетти жана эч кандай пайда да келтирген жок. info
التفاسير:

external-link copy
208 : 26

وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ

Биз кайсы элди кыйратып жок кылган болсок, демек аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин гана болгон. info
التفاسير:

external-link copy
209 : 26

ذِكۡرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Аларга сабак жана эскертүү болсун үчүн. Аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин Биз аларды азаптоо менен залымдардан болгон жокпуз. info
التفاسير:

external-link copy
210 : 26

وَمَا تَنَزَّلَتۡ بِهِ ٱلشَّيَٰطِينُ

Бул Куранды пайгамбардын жүрөгүнө шайтандар алып келген жок. info
التفاسير:

external-link copy
211 : 26

وَمَا يَنۢبَغِي لَهُمۡ وَمَا يَسۡتَطِيعُونَ

Анын жүрөгүнө алардын алып келүүсү туура эмес. Буга алардын күч-кудурети да жетпейт. info
التفاسير:

external-link copy
212 : 26

إِنَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّمۡعِ لَمَعۡزُولُونَ

Алардын буга кудурети жетпейт. Анткени алар асмандагы анын турган жайынан тосулуп, толук бөгөттөлгөн. Анан кантип ага жетип, аны алып түшүшмөк эле?! info
التفاسير:

external-link copy
213 : 26

فَلَا تَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُعَذَّبِينَ

Аллахка шерик кылып Аны менен катар башка кудайга сыйынба! Болбосо, мунун себебинен азапталуучулардан болуп каласың. info
التفاسير:

external-link copy
214 : 26

وَأَنذِرۡ عَشِيرَتَكَ ٱلۡأَقۡرَبِينَ

Оо, пайгамбар! Элиңдин арасынан эң жакындарыңардан баштап эскерт! Эгерде алар ширк кыла беришсе, аларга Аллахтын азабы келет. info
التفاسير:

external-link copy
215 : 26

وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Жана сени ээрчиген ыймандууларга мээримдүүлүк, жумшактык кылып иш жүзүндө жана сөз түрүндө жылуу-жумшак мамиле кыл! info
التفاسير:

external-link copy
216 : 26

فَإِنۡ عَصَوۡكَ فَقُلۡ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تَعۡمَلُونَ

Эгер алар сага баш ийбестик кылып, сенин аларга айткан Аллахты жалгыздоо жана Ага моюн сунуу сыяктуу буйруктарыңа жооп беришпесе, анда аларга: «Чындыгында мен силер кылып жаткан ширкке жана күнөөлөргө катышым жок» – деп айткын. info
التفاسير:

external-link copy
217 : 26

وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ

Ар бир ишиңде Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын Ага кайткандарына Ырайымдуу Аллахка гана тобокел кыл. info
التفاسير:

external-link copy
218 : 26

ٱلَّذِي يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ

Ал сенин намазга турганыңды көрүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
219 : 26

وَتَقَلُّبَكَ فِي ٱلسَّٰجِدِينَ

Жана Ал намаз окугандардын арасында сенин бир абалдан экинчи абалга өткөнүңдү да көрүп турат. Ага сенин жана башкалардын кылган нерселеринин эч бири жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
220 : 26

إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Чындыгында Ал сен окуган Куранды жана зикирди Угуучу, сенин ниетиңди Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
221 : 26

هَلۡ أُنَبِّئُكُمۡ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَٰطِينُ

Силер бул Куранды алып түшкөн деп ойлоп жаткан шайтандар кандай адамдарга түшөрү тууралуу силерге кабар берейинби? info
التفاسير:

external-link copy
222 : 26

تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٖ

Ал шайтандар көп күнөө кылган жалганчы, көзү ачыктарга окшогондорго түшөт. info
التفاسير:

external-link copy
223 : 26

يُلۡقُونَ ٱلسَّمۡعَ وَأَكۡثَرُهُمۡ كَٰذِبُونَ

Шайтандар бийиктеги периштелер тобунан уурданып сөз тыңшап, кийин аны достору болгон көзү ачыктарга айтышат. Көзү ачыктар дээрлик жалганчылар. Алар бир сөздү чын айтышса да аны менен кошо жүз жалганды айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
224 : 26

وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلۡغَاوُۥنَ

Ал эми силер Мухаммадды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) ошолордон деп ойлоп жаткан акындарды болсо, акыйкат жолдон адашкандар ээрчишет. Алар анын айтып жаткандарын ыр деп ойлоп жатышат. info
التفاسير:

external-link copy
225 : 26

أَلَمۡ تَرَ أَنَّهُمۡ فِي كُلِّ وَادٖ يَهِيمُونَ

Оо, пайгамбар! Сен алардын ар кайсы өрөөндө темселеп, бирде мактоо угуп, бирде айып угуп же башка нерселерге кабылып жүрүшкөнү алардын адашкандарынын көрүнүштөрүнөн экенин көргөн жоксуңбу?! info
التفاسير:

external-link copy
226 : 26

وَأَنَّهُمۡ يَقُولُونَ مَا لَا يَفۡعَلُونَ

Алар жалган сүйлөшөт. Биз муну кылдык дешет, бирок аны кылышкан эмес. info
التفاسير:

external-link copy
227 : 26

إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَذَكَرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱنتَصَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُواْۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَيَّ مُنقَلَبٖ يَنقَلِبُونَ

Бирок Хассан ибн Сабитке окшоп ыйман келтирген, жакшылык иштерди кылган, Аллахты көп эскерген жана Аллахтын душмандарынан зулум көргөндөн кийин алардан өч алган акындар андай эмес. Ал эми Аллахка ширк кылып зулумдук кылгандар жана Анын пенделерине зордук-зомбулук көрсөткөндөр жакында кайсы жайга барарын билишет. Анан алар улуу жайга жана кылдат сурак берүүгө кайтып келишет. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إثبات العدل لله، ونفي الظلم عنه.
Аллах адилеттүүлүк сыпатына ээ жана зулумдуктан алыс экенин тастыктоо. info

• تنزيه القرآن عن قرب الشياطين منه.
Куран түшүп жатканда, шайтандар ага киришүүсүнөн, бурмалоо киргизүүсүнөн таза корголуп сакталган. info

• أهمية اللين والرفق للدعاة إلى الله.
Аллахка үгүт кылгандарга жылуу-жумшак мамиле кылуунун маанилүүлүгү. info

• الشعر حَسَنُهُ حَسَن، وقبيحه قبيح.
Поэзиянын жакшысы жакшы, жаманы жаман. info