ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
112 : 26

قَالَ وَمَا عِلۡمِي بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Нух аларга айтты: «Мен ал ыймандуулар эмне иш менен алектенгени тууралуу кабарым жок. Мен алардын кылган иштерин санап тургандай көзөмөлдөөчү болгон эмес элем. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 26

إِنۡ حِسَابُهُمۡ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّيۖ لَوۡ تَشۡعُرُونَ

Алардын эсеп-кысабын алуу Аллахтын мойнунда. Алардын ички жана сырткы дүйнөсүн мен эмес, Аллах Өзү билет, эгер айткан сөзүңөрдү өзүңөр түшүнгөн болсоңор. info
التفاسير:

external-link copy
114 : 26

وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Мен силерди ыйман келтирсин деген ойдо талабыңарды кабыл алып ыймандууларды отурган жайымдан кууп жибербейм. info
التفاسير:

external-link copy
115 : 26

إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Мен болгону ачык эскерткен эскертүүчүмүн. Силерге Аллахтын азабын эскертем». info
التفاسير:

external-link copy
116 : 26

قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمَرۡجُومِينَ

Эли ага айтты: «Эгерде бизди үгүттөп жаткан нерсеңди токтотпосоң, анда сен сөзсүз сөгүшкө калып, ташбараңга алынып өлөсүң». info
التفاسير:

external-link copy
117 : 26

قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوۡمِي كَذَّبُونِ

Нух Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Элим мени жалганга чыгарды жана Сен тараптан алып келген нерседе мага ишенишпеди. info
التفاسير:

external-link copy
118 : 26

فَٱفۡتَحۡ بَيۡنِي وَبَيۡنَهُمۡ فَتۡحٗا وَنَجِّنِي وَمَن مَّعِيَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Алар жалгандан баш тартышпаганы үчүн биздин ортобузда аларды жок кыла тургандай өкүм чыгар. Ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон ыймандууларды элимдеги каапырларды жок кылган нерседен куткар». info
التفاسير:

external-link copy
119 : 26

فَأَنجَيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

Анан Биз анын дубасына жооп бердик жана адамдар менен айбанаттарга толгон кемеде аны менен бирге ыймандууларды куткардык. info
التفاسير:

external-link copy
120 : 26

ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا بَعۡدُ ٱلۡبَاقِينَ

Андан соң алардын артында калган Нухтун коомун чөктүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
121 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Чындыгында бул айтылган Нухтун коому менен болгон окуяда, Нух жана аны менен бирге болгон ыймандуулардын куткарылышында жана коомундагы каапырлардын кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
122 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
123 : 26

كَذَّبَتۡ عَادٌ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Аад коому да алардын пайгамбары Худду жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
124 : 26

إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Эстегин, бир кезде аларга тектеш тууганы Худ минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". info
التفاسير:

external-link copy
125 : 26

إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага буйруганды ашырбастан жана кемитпестен жеткирген аманаткөймүн. info
التفاسير:

external-link copy
126 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
127 : 26

وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. info
التفاسير:

external-link copy
128 : 26

أَتَبۡنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةٗ تَعۡبَثُونَ

Силер эмне, дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайда алып келбеген имараттарды оюн, белги катары бийик дөбөлүү жерлерге кура бересиңерби?! info
التفاسير:

external-link copy
129 : 26

وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمۡ تَخۡلُدُونَ

Ошондой эле бул дүйнөдө түбөлүк калчудай, андан кетпечүдөй болуп сепилдерди жана сарайларды салып жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
130 : 26

وَإِذَا بَطَشۡتُم بَطَشۡتُمۡ جَبَّارِينَ

Эгер силер өлтүрүү же уруп-сабоо менен кол салсаңар, анда эч ырайым кылбастан канкордук менен кол саласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
131 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
132 : 26

وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِيٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعۡلَمُونَ

Силердин өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтын каарынан корккула! info
التفاسير:

external-link copy
133 : 26

أَمَدَّكُم بِأَنۡعَٰمٖ وَبَنِينَ

Ал силерге үй жаныбарларын жана бала-чакаларды берди. info
التفاسير:

external-link copy
134 : 26

وَجَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

Ал силерге бакчаларды жана аккан булактарды берди. info
التفاسير:

external-link copy
135 : 26

إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ

Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн улуу кыямат күнүндөгү азаптан коркомун. info
التفاسير:

external-link copy
136 : 26

قَالُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡنَآ أَوَعَظۡتَ أَمۡ لَمۡ تَكُن مِّنَ ٱلۡوَٰعِظِينَ

Эли ага айтты: «Сенин бизге эскерткениң менен эскертпегениң бирдей. Биз сага ыйман келтирбейбиз жана эч качан тутунган жолубуздан кайтпайбыз. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• أفضلية أهل السبق للإيمان حتى لو كانوا فقراء أو ضعفاء.
Алсыздардан же жардылардан болсо да биринчилерден болуп ыйманга келгендердин артыкчылыгы. info

• إهلاك الظالمين، وإنجاء المؤمنين سُنَّة إلهية.
Залымдардын кыйроосу жана ыймандуулардын аман калуусу – Аллахтын койгон эрежелеринен. info

• خطر الركونِ إلى الدنيا.
Дүйнөгө берилип ага таянуунун коркунучу. info

• تعنت أهل الباطل، وإصرارهم عليه.
Жалган ээлеринин көктүгү жана андан кайтпай көшөрүүсү. info