ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
137 : 26

إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلۡأَوَّلِينَ

Ал эми бул абалкылардын дини, үрп-адаттары жана адептеринен башка эч нерсе эмес. info
التفاسير:

external-link copy
138 : 26

وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

Жана биз азапталбайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
139 : 26

فَكَذَّبُوهُ فَأَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Алар Худ пайгамбарды жалганга чыгарганын токтотушпады. Анан Биз аларды жалганга чыгарышканы себептүү катуу шамал менен жок кылдык. Чындыгында бул кыйратып жок кылуубузда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгүн ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
140 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
141 : 26

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Самуд эли да Салих пайгамбарды жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды да жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
142 : 26

إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ صَٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Бир кезде алардын тектеш тууганы Салих айтты: «Аллахтан башка сыйынганыңарды таштап Андан коркпойсуңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
143 : 26

إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Ал тараптан жеткирген нерседе аманаткөймүн, ага эч бир нерсени кошпойм жана кемитпейм. info
التفاسير:

external-link copy
144 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
145 : 26

وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. info
التفاسير:

external-link copy
146 : 26

أَتُتۡرَكُونَ فِي مَا هَٰهُنَآ ءَامِنِينَ

Силер жакшылык жыргалчылыктарда эч кандай коркунучсуз аман-эсен калабыз деп каалап жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
147 : 26

فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ

Бакчаларда жана аккан булактарда. info
التفاسير:

external-link copy
148 : 26

وَزُرُوعٖ وَنَخۡلٖ طَلۡعُهَا هَضِيمٞ

Эгинзарларда жана мөмөлөрү эзилип бышкан курмалар арасында. info
التفاسير:

external-link copy
149 : 26

وَتَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا فَٰرِهِينَ

Ошондой эле өзүңөр жашаш үчүн тоолорду оюп үйлөрдү жасап жатасыңар. Силер тоону ойгон жактан чеберсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
150 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
151 : 26

وَلَا تُطِيعُوٓاْ أَمۡرَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ

Күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зыян кылган адамдардын буйругуна баш ийбегиле! info
التفاسير:

external-link copy
152 : 26

ٱلَّذِينَ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ

Алар жер бетинде күнөөлөрдү жайылтып бузукулук кылышкандар жана Аллахка моюн сунуу менен өздөрүн оңдобогон адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
153 : 26

قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ

Ага эли айтты: «Чындыгында сен көп сыйкырлана берип, акыры сыйкыр анын акылын жоготкон адамдардансың! info
التفاسير:

external-link copy
154 : 26

مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا فَأۡتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Сен бизге окшогон эле адамсың! Бизге пайгамбар болгудай сенин бизден эч кандай артыкчылыгың жок. Эгер пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө чынчыл болсоң, анда пайгамбар экениңди далилдеген керемет белги алып келчи?». info
التفاسير:

external-link copy
155 : 26

قَالَ هَٰذِهِۦ نَاقَةٞ لَّهَا شِرۡبٞ وَلَكُمۡ شِرۡبُ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

Аллах Салихке керемет белги кылып, таштан төөнү чыгарып берди. Ошондо Салих аларга айтты: «Мына бул төө, карагыла жана кармап көргүлө. Суу ичүүдө анын өз кезеги бар, силердин да белгилүү кезегиңер бар. Силердин кезек күнүңөрдө ал суу ичпейт. Анын кезек күнү келгенде силер да суу албайсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
156 : 26

وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابُ يَوۡمٍ عَظِيمٖ

Эми аны союп же уруп ага зыян келтирбегиле, антсеңер, силерге Аллах тараптан азап келет, ал силердин башыңарга балээ түшкөн улуу күндө силерди ошол күнөөңөр үчүн кыйратып жок кылат». info
التفاسير:

external-link copy
157 : 26

فَعَقَرُوهَا فَأَصۡبَحُواْ نَٰدِمِينَ

Бирок алар аны соёбуз деп өз ара макулдашып, алардын эң бактысызы аны союп салды. Качан алар азаптын сөзсүз түшөрүн билишкенде бул кылгандарына өкүнүп калышты. Бирок азапты көргөн кезде өкүнүч эч пайда бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
158 : 26

فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Ошондо аларга убада кылынган жер титирөө жана ач кыйкырык сыяктуу азап аларды алды. Чындыгында бул айтылган Салихтин окуясында адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
159 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• توالي النعم مع الكفر استدراج للهلاك.
Каапырлыкка карабастан жакшылыктар үзүлбөй уланып туруусу – акырындык менен кыйроого алып барат. info

• التذكير بالنعم يُرتجى منه الإيمان والعودة إلى الله من العبد.
Жакшылыктарды эске салуу менен пенденин ыйман келтирүүсүн жана Аллахка кайтуусун үмүт кылуу. info

• المعاصي هي سبب الفساد في الأرض.
Күнөөлөр жер бетиндеги бузукулуктун себеби. info