ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
62 : 18

فَلَمَّا جَاوَزَا قَالَ لِفَتَىٰهُ ءَاتِنَا غَدَآءَنَا لَقَدۡ لَقِينَا مِن سَفَرِنَا هَٰذَا نَصَبٗا

Качан алар ал жерден өтүп кеткенде Муса кызматчысына: «Тамакты алып келчи, бул сапардан аябай чарчадык го»,– деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 18

قَالَ أَرَءَيۡتَ إِذۡ أَوَيۡنَآ إِلَى ٱلصَّخۡرَةِ فَإِنِّي نَسِيتُ ٱلۡحُوتَ وَمَآ أَنسَىٰنِيهُ إِلَّا ٱلشَّيۡطَٰنُ أَنۡ أَذۡكُرَهُۥۚ وَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِي ٱلۡبَحۡرِ عَجَبٗا

Ал жигит: «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап отурганыбызда не болгонун? Мен сизге балыкка эмне болгонун айтам деп унутуп калыпмын. Муну сизге айтууну шайтан гана унуттурду. Ал балык тирилип, деңизди көздөй таң каларлык көрүнүштө жол таап кетти»,– деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 18

قَالَ ذَٰلِكَ مَا كُنَّا نَبۡغِۚ فَٱرۡتَدَّا عَلَىٰٓ ءَاثَارِهِمَا قَصَصٗا

Муса кызматчысына айтты: «Биз көздөгөн нерсе – ошол! Ал салих пенде келген жердин белгиси». Ал экөөсү аска ташка алып бара турган жолдон адашып калбаш үчүн басып келген издерин кууп артка жөнөштү. Ал жерден ары балык кирген жайга барышат. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 18

فَوَجَدَا عَبۡدٗا مِّنۡ عِبَادِنَآ ءَاتَيۡنَٰهُ رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَا وَعَلَّمۡنَٰهُ مِن لَّدُنَّا عِلۡمٗا

Качан алар балыкты жоготкон жерге келишкенде ал жерден биздин салих пенделерибизден болгон Кыдырды табышты. Биз ага Өз алдыбыздан ырайым көрсөткөнбүз жана адамдар билбеген илимдерди үйрөткөнбүз. Алар мына ушул окуяда камтылган. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 18

قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰ هَلۡ أَتَّبِعُكَ عَلَىٰٓ أَن تُعَلِّمَنِ مِمَّا عُلِّمۡتَ رُشۡدٗا

Мусага ага кичипейилдик кылып: «Аллах сизге үйрөтүп акыйкатка жол көрсөткөн илимди мага да үйрөтүүңүз үчүн сизге ээрчисем болобу?» – деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 18

قَالَ إِنَّكَ لَن تَسۡتَطِيعَ مَعِيَ صَبۡرٗا

Кыдыр айтты: «Чындыгында сен менден көргөн илимге сабыр кыла албайсың. Анткени ал сендеги илимге төп келе бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 18

وَكَيۡفَ تَصۡبِرُ عَلَىٰ مَا لَمۡ تُحِطۡ بِهِۦ خُبۡرٗا

Сен кээ бир иштерди көрүп, бирок анын туурасын билбей туруп кантип сабыр кылмак элең?! Анткени сен өз илимиңдин чегинде гана өкүм чыгарасың». info
التفاسير:

external-link copy
69 : 18

قَالَ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ صَابِرٗا وَلَآ أَعۡصِي لَكَ أَمۡرٗا

Муса айтты: «Кудай буйруса, сизден көргөн иштерге сабыр кылып моюн сунганымды көрөсүз. Мага буйруган бир дагы ишиңизде сизге каршы чыкпайм». info
التفاسير:

external-link copy
70 : 18

قَالَ فَإِنِ ٱتَّبَعۡتَنِي فَلَا تَسۡـَٔلۡنِي عَن شَيۡءٍ حَتَّىٰٓ أُحۡدِثَ لَكَ مِنۡهُ ذِكۡرٗا

Кыдыр Мусага: «Эгер мени ээрчисең, анда кылган иштеримдин чоо-жайын сага өзүм чечмелеп бермейинче, көргөн нерселериң тууралуу менден эч нерсе сурабайсың»,– деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 18

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا رَكِبَا فِي ٱلسَّفِينَةِ خَرَقَهَاۖ قَالَ أَخَرَقۡتَهَا لِتُغۡرِقَ أَهۡلَهَا لَقَدۡ جِئۡتَ شَيۡـًٔا إِمۡرٗا

Алар өз ара ушуга макулдашкандан кийин деңиз боюна жөнөштү. Жолдон бир кемеге туш келишти. Алар ал кемеге отурушту. Кыдырды сыйлап алардан жол акы да алышкан жок. Кийин Кыдыр кеменин бир тактайын жулуп аны тешип салды. Муса ага: «Ээлери бизди бекер алып кетип жатса, анан кемесин тешип салганыңыз эмнеси? Аларды чөктүрөйүң дедиңизби? Сиз өтө жаман иш жасадыңыз!» – деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 18

قَالَ أَلَمۡ أَقُلۡ إِنَّكَ لَن تَسۡتَطِيعَ مَعِيَ صَبۡرٗا

Кыдыр Мусага: «Сен менден көргөн нерсеңе сабыр кыла албайсың деп айттым эле го?» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 18

قَالَ لَا تُؤَاخِذۡنِي بِمَا نَسِيتُ وَلَا تُرۡهِقۡنِي مِنۡ أَمۡرِي عُسۡرٗا

Муса Кыдырга: «Сизге берген убадамды унутуп калганымды айып көрбөңүз. Бирге жүргөнүбүздө катуу мамиле кылып, кысымга ала көрбөңүз»,– деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 18

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا لَقِيَا غُلَٰمٗا فَقَتَلَهُۥ قَالَ أَقَتَلۡتَ نَفۡسٗا زَكِيَّةَۢ بِغَيۡرِ نَفۡسٖ لَّقَدۡ جِئۡتَ شَيۡـٔٗا نُّكۡرٗا

Кемеден түшкөндөн кийин деңиз бойлой басышты. Жолдон жаш балдар менен чогу ойноп жаткан бир баланы көрүп, аны өлтүрүп салды. Ошондо Муса ага: «Балагатка да жете элек күнөөсүз баланы эмнеге өлтүрдүңүз? Сиз өтө жаман иш кылдыңыз!» – деди. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• استحباب كون خادم الإنسان ذكيًّا فطنًا كَيِّسًا ليتم له أمره الذي يريده.
Адам көздөгөн ишин акырына чейин чыгуу үчүн анын кызматчысы акылдуу, көрөгөч жана зирек болгону жакшы. info

• أن المعونة تنزل على العبد على حسب قيامه بالمأمور به، وأن الموافق لأمر الله يُعان ما لا يُعان غيره.
Пендеге жардам анын буйруктарды аткарганына жараша келет. Ал эми Аллахтын буйругуна ылайык иш кылган адамга Ал башкалардан мурун жардам берет. info

• التأدب مع المعلم، وخطاب المتعلم إياه ألطف خطاب.
Устаз менен болгон мамиледеги адептүүлүк. Шакирттин ага болгон кайрылуусу эң сылык түрдө болуш керек. info

• النسيان لا يقتضي المؤاخذة، ولا يدخل تحت التكليف، ولا يتعلق به حكم.
Унутуп калуу – жоопко тартууну талап кылбайт, шарият милдеттерин аткаруу өкүмүнө кирбейт жана ага эч бир өкүм байланышкан эмес. info

• تعلم العالم الفاضل للعلم الذي لم يَتَمَهَّر فيه ممن مهر فيه، وإن كان دونه في العلم بدرجات كثيرة.
Кадырлуу аалымдын өзү жакшы билбеген илимди андан жакшыраак билгенден үйрөнүүсү, ал адамдын илим даражасы андан көп эсе төмөн болсо дагы. info

• إضافة العلم وغيره من الفضائل لله تعالى، والإقرار بذلك، وشكر الله عليها.
Илимди жана башка артыкчылыктарды Аллах таалага таандык кылуу, аны моюнга алуу жана алар үчүн Аллахка шүгүр кылуу. info