ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
46 : 18

ٱلۡمَالُ وَٱلۡبَنُونَ زِينَةُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٌ أَمَلٗا

Мал-мүлк, бала-чака бул дүйнө жашоосунун кооздуктары. Аллах ыраазылыгы үчүн гана сарпталган мал-мүлк акыретте пайда берет. Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттер жана сөздөр – сооптуулук жактан Аллахтын алдында бул дүйнөдөгү бардык кооздуктардан да жана адамга үмүт жараткан нерселерден да жакшыраак. Анткени дүйнө кооздуктары бүтүүчү, ал эми жакшылык иштердин жана сөздөрдүн сооптору Аллахтын алдында түбөлүк калуучу. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 18

وَيَوۡمَ نُسَيِّرُ ٱلۡجِبَالَ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ بَارِزَةٗ وَحَشَرۡنَٰهُمۡ فَلَمۡ نُغَادِرۡ مِنۡهُمۡ أَحَدٗا

Биз тоолорду өз ордуларынан жылдырган күндү эстегин. Ошондо сен жерди андагы тоолор, бак-дарактар, имараттар жок болгону үчүн аны тегиз көрөсүң. Биз бардык макулуктарды жыйнайбыз. Алардын бирин да калтырдай тирилтебиз. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 18

وَعُرِضُواْ عَلَىٰ رَبِّكَ صَفّٗا لَّقَدۡ جِئۡتُمُونَا كَمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةِۭۚ بَلۡ زَعَمۡتُمۡ أَلَّن نَّجۡعَلَ لَكُم مَّوۡعِدٗا

Адамдар Раббиңдин алдына сап-сап болуп келишет, Ал алардан сурак алат. Аларга айтылат: «Биз силерди абалкы жараткандай жалгыз, жылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда келдиңер. Болбосо силер эч качан кайра тирилбейбиз жана Биз силерди кылган иштериңерден сурак алыш үчүн бир жерди жана убакытты белгилебейбиз деп ойлогонсуңар». info
التفاسير:

external-link copy
49 : 18

وَوُضِعَ ٱلۡكِتَٰبُ فَتَرَى ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُشۡفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَٰوَيۡلَتَنَا مَالِ هَٰذَا ٱلۡكِتَٰبِ لَا يُغَادِرُ صَغِيرَةٗ وَلَا كَبِيرَةً إِلَّآ أَحۡصَىٰهَاۚ وَوَجَدُواْ مَا عَمِلُواْ حَاضِرٗاۗ وَلَا يَظۡلِمُ رَبُّكَ أَحَدٗا

Кылган иштери жазылган китеп коюлат, кээ бирлери китебин оң тарабынан алса, кээ бирлери сол тарабынан алат. Эй, инсан! Андагы жазылган нерселерден каапырлардын коркунучка түшкөндөрүн көрөсүң. Анткени алар мурун каапырлык жана күнөөлөрдү кылышкандарын билишет. Алар: «Шорум куруду ай! Бул эмне деген китеп! Кылган иштерибиздин кичине-чоңуна карабай бүт баары бар го!» – дешет. Алар дүйнө жашоосунда кылган күнөөлөрдүн баарысы жазылганын көрүшөт. Эй, пайгамбар! Раббиң эч кимге зулум кылбайт. Эч кимди күнөөсүз жазалабайт. Моюн сунган адамдын сообунан эч бир нерсени кемитпейт. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 18

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِۦٓۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِي وَهُمۡ لَكُمۡ عَدُوُّۢۚ بِئۡسَ لِلظَّٰلِمِينَ بَدَلٗا

Оо, Мухаммад! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга саламдашуу иретинде сажда кылгыла» – дегенде Раббисинин буйругуна моюн сунушуп баарысы ага сажда кылышты. Бир гана Иблис кылган жок. Ал жиндерден болчу. Периштелерден эмес эле. Ал сажда кылуудан текеберленип баш тартты, Раббисине моюн сунган жок. Эй, адамдар! Алар силерге душман болсо дагы Мени таштап, аны жана анын урпактарын өзүңөргө жакын дос тутуп жатасынарбы?! Залымдардын Аллахты жакын туткандын ордуна шайтанды дос тутканы кандай жаман иш! info
التفاسير:

external-link copy
51 : 18

۞ مَّآ أَشۡهَدتُّهُمۡ خَلۡقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَا خَلۡقَ أَنفُسِهِمۡ وَمَا كُنتُ مُتَّخِذَ ٱلۡمُضِلِّينَ عَضُدٗا

Силер Менден башка дос туткандарыңар силерге эле окшогон кулдар. Мен асмандар менен жерди жаратканда аларды күбө кылган эмесмин. Алар таптакыр жок болчу. Жана аларды жаратып атканда башкаларын да күбө кылган эмесмин. Мен жалгыз Өзүм гана жараттым жана башкардым. Мен жиндер менен адамдардын адаштыруучу шайтандарынын эч бирин жардамчы да кылган эмесмин. Мен жардамчыларга муктаж эмесмин. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 18

وَيَوۡمَ يَقُولُ نَادُواْ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُمۡ فَدَعَوۡهُمۡ فَلَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُمۡ وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُم مَّوۡبِقٗا

Оо, пайгамбар! Аларга эскерт, бул дүйнөдө Аллахка шерик кошкондорго кыяматта айтылат: «Кана, силер Мага шерик деп ойлогон шериктериме дуба кылгылачы? Балким алар силерге жардам беришер». Алар жалбарып дуба кылышат, бирок алар дубаларына жооп беришпейт, жардам да беришпейт. Биз алар менен кудайларынын ортосунда аларды бириктирген кыйратуучу жай кылдык, ал тозок оту. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 18

وَرَءَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٱلنَّارَ فَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مُّوَاقِعُوهَا وَلَمۡ يَجِدُواْ عَنۡهَا مَصۡرِفٗا

Мушриктер тозокту көрүшкөндө жана ал жакка киришерин анык билишкенде, ал жерден качып кетүүгө жай таппай калышат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• على العبد الإكثار من الباقيات الصالحات، وهي كل عمل صالح من قول أو فعل يبقى للآخرة.
Пенде сообу түбөлүк калуучу иштерди көп кылуусу зарыл. Алар сөз же иш түрүндө аткарылып акыретке калган бардык жакшылык иштер. info

• على العبد تذكر أهوال القيامة، والعمل لهذا اليوم حتى ينجو من أهواله، وينعم بجنة الله ورضوانه.
Пендеге кыяматтагы коркунучтарды эстеп туруу жана андагы коркунучтардан аман калыш үчүн ал күн үчүн амал кылуу зарыл. Ошондо ал Аллахтын ыраазылыгына жана бейиш ырахатына бөлөнөт. info

• كَرَّم الله تعالى أبانا آدم عليه السلام والجنس البشري بأجمعه بأمره الملائكة أن تسجد له في بدء الخليقة سجود تحية وتكريم.
Аллах таала түпкү атабыз Адамды жана бүткүл адамзатты урматтады жана аны жаңы жаратканда периштелерге ага сый-урмат көрсөтүп саламдашуу иретинде сажда кылууларын буйруду. info

• في الآيات الحث على اتخاذ الشيطان عدوًّا.
Аяттарда шайтанды душман туткула деген чакырык айтылды. info