ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
54 : 18

وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لِلنَّاسِ مِن كُلِّ مَثَلٖۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ أَكۡثَرَ شَيۡءٖ جَدَلٗا

Биз Мухаммадга түшүргөн бул Курандан алар сабак алуулары үчүн түрлүү-түрлүү мисалдарды баяндадык. Бирок адам, айрыкча каапыр чындыкты билбей туруп көп талашып тартышат. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 18

وَمَا مَنَعَ ٱلنَّاسَ أَن يُؤۡمِنُوٓاْ إِذۡ جَآءَهُمُ ٱلۡهُدَىٰ وَيَسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّهُمۡ إِلَّآ أَن تَأۡتِيَهُمۡ سُنَّةُ ٱلۡأَوَّلِينَ أَوۡ يَأۡتِيَهُمُ ٱلۡعَذَابُ قُبُلٗا

Каапырлардын Мухаммадга Раббиси тараптан түшкөн нерсеге ыйман келтирүүсүнө, ошондой эле алар күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим суроолоруна аларга толук түшүнүк жетпей калды деген нерсе тоскоол болгон жок. Аларга Куранда көптөгөн мисалдар айтылды, ачык-айкын далилдер келтирилди. Чындыгында аларды тоскон нерсе – мурунку коомдорго түшкөн азапты бизге дагы алып кел, убада кылган азапты көзүбүзгө көрсөт деп көктүк кылып талап кылгандары болду. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 18

وَمَا نُرۡسِلُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَۚ وَيُجَٰدِلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ لِيُدۡحِضُواْ بِهِ ٱلۡحَقَّۖ وَٱتَّخَذُوٓاْ ءَايَٰتِي وَمَآ أُنذِرُواْ هُزُوٗا

Биз пайгамбарлардан кимисин жибербейли, аларды моюн сунган жана ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабарды, ал эми баш ийбеген жана каапырлык кылгандарга коркунуч кабарды жеткирүү үчүн жибергенбиз. Бирок алар адамдардын жүрөктөрүн туура жолго салууга эч кандай кудуретке ээ эмес. Аллахка каапырлык кылгандар келтирилген далилдердин ачыктыгына карабай пайгамбарлар менен талашып тартышат. Алар муну Мухаммадга түшкөн акыйкатты жалгандары менен жок кылуу үчүн кылышат. Ошондой эле алар Куранды жана коркутуу үчүн айтылган нерселерди азил-тамаша тутуп алышат. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 18

وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ فَأَعۡرَضَ عَنۡهَا وَنَسِيَ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُۚ إِنَّا جَعَلۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ أَكِنَّةً أَن يَفۡقَهُوهُ وَفِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٗاۖ وَإِن تَدۡعُهُمۡ إِلَى ٱلۡهُدَىٰ فَلَن يَهۡتَدُوٓاْ إِذًا أَبَدٗا

Раббисинин аяттары эскерилгенде андагы айтылган азап тууралуу убадага көңүл бурбаган, андан сабак албаган жана бул дүйнөдө кылган каапырлыгына жана күнөөлөрүнө тообо кылууну унуткан адамдан да өткөн эч бир залым адам жок. Биз ушундай сыпаттагы адамдар Куранды түшүнбөшү үчүн жүрөктөрүнө тосмо жаап койдук. Кулактарын дүлөй кылдык, ошондуктан алар кабыл алып угушпайт. Эгерде аларды ыйманга чакырсаң, алардын жүрөктөрүндө тосмо, кулактарында дүлөйлүк болгон үчүн сен чакырган нерсеге эч качан жооп беришпейт. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 18

وَرَبُّكَ ٱلۡغَفُورُ ذُو ٱلرَّحۡمَةِۖ لَوۡ يُؤَاخِذُهُم بِمَا كَسَبُواْ لَعَجَّلَ لَهُمُ ٱلۡعَذَابَۚ بَل لَّهُم مَّوۡعِدٞ لَّن يَجِدُواْ مِن دُونِهِۦ مَوۡئِلٗا

Аны жалганга чыгаргандарга азапты тездетүүгө шашылбоосу үчүн Аллах пайгамбарына минтип айтты: «Эй, пайгамбар! Раббиң тобо кылган пенделерине Кечиримдүү. Ал ырайымдын Ээси, Анын ырайымдуулугу бардык нерсени өзүнө камтыйт. Күнөөкөрлөр, балким, тобо кылышар деп аларга мөөнөт бергени – бул Анын ырайымдуулугунан. Эгерде Аллах баш тарткандарды жазаласа, анда бул дүйнөдө эле аларды дароо азаптамак. Бирок Ал Кеңпейил, Ырайымдуу. Ошондуктан алар тобо кылышар деп азаптабай турду. Эгерде алар тобо кылышпаса, анда алар баш тартканы жана каапырлыгы үчүн жазасын ала турган белгилүү убактысы жана белгилүү жайы бар. Ошондо алар Аллахтан башка баш калкалаар эч кимди таппай калышат». info
التفاسير:

external-link copy
59 : 18

وَتِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰٓ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡ لَمَّا ظَلَمُواْ وَجَعَلۡنَا لِمَهۡلِكِهِم مَّوۡعِدٗا

Биз силерге жакын жайгашкан Худ, Салих, Шуайбдын коомдору жашаган шаарлар сыяктуу каапыр шаарларды жок кылганбыз. Алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылышып өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышкан эле. Биз аларды жок кылууга атайын бир убакытты белгилегенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 18

وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِفَتَىٰهُ لَآ أَبۡرَحُ حَتَّىٰٓ أَبۡلُغَ مَجۡمَعَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ أَوۡ أَمۡضِيَ حُقُبٗا

Оо, пайгамбар! Муса кызматчысы Юша ибну Нунга: «Эки деңиз кошулган жерге жеткенге чейин же болбосо узак жол жүрүп, илим үйрөнүш үчүн салих пендеге жолукканга чейин кете беремин»,– деп айтканын эстегин. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 18

فَلَمَّا بَلَغَا مَجۡمَعَ بَيۡنِهِمَا نَسِيَا حُوتَهُمَا فَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِي ٱلۡبَحۡرِ سَرَبٗا

Ал экөөсү жол жүрүштү. Качан алар эки деңиздин кошулган жерине жеткенде жол азыкка деген балыгын унутуп коюшту. Аллах ал балыкты тирилтип, ал жер алдындагы жолдор менен суу жутпастан деңизди көздөй жол таап кетти. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• عظمة القرآن وجلالته وعمومه؛ لأن فيه كل طريق موصل إلى العلوم النافعة، والسعادة الأبدية، وكل طريق يعصم من الشر.
Куран – улук, ыйык жана бүт баарын өзүнө камтыган. Анткени Куранда пайдалуу илимдерге, түбөлүк бакытка жеткирүүчү бардык жолдор жана жамандыктардан сактаган бардык ыкмалар камтылган. info

• من حكمة الله ورحمته أن تقييضه المبطلين المجادلين الحق بالباطل من أعظم الأسباب إلى وضوح الحق، وتبيُّن الباطل وفساده.
Акыйкатты жалган менен жокко чыгаргандардын жана талашып тартышкандардын барлыгы – акыйкаттын ачыкка чыгышына, жалгандын билинишине түрткү болгон чоң себептерден болуп эсептелет. Бул Аллахтын даанышмандуулугунан жана ырайымдуулугунан. info

• في الآيات من التخويف لمن ترك الحق بعد علمه أن يحال بينه وبين الحق، ولا يتمكن منه بعد ذلك، ما هو أعظم مُرَهِّب وزاجر عن ذلك.
Аяттарда акыйкатты билип туруп таштаган адамдарга эскертүүлөр айтылды. Аллах алар менен акыйкаттын ортосуна тосмо коет. Ошондон кийин акыйкатка жете албай калышат. Мындан өткөн коркунуч кемсинтүү барбы. info

• فضيلة العلم والرحلة في طلبه، واغتنام لقاء الفضلاء والعلماء وإن بعدت أقطارهم.
Илимдин, аны үйрөнүү үчүн сапар кылуунун жана алыста болсо да аалымдар менен жолугууга ашыгуунун артыкчылыгы. info

• الحوت يطلق على السمكة الصغيرة والكبيرة ولم يرد في القرآن لفظ السمك، وإنما ورد الحوت والنون واللحم الطري.
Аятта келген “хуут (кит)’ деген сөз кичине жана чоң балыкка колдонулат. Куранда “самак (балык)” деген сөз келген эмес. Куранда балык деген сөз “хуут”, “нуун”, “ал-лахм ат-торий” деген сөздөр менен келет. info