ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
35 : 18

وَدَخَلَ جَنَّتَهُۥ وَهُوَ ظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ قَالَ مَآ أَظُنُّ أَن تَبِيدَ هَٰذِهِۦٓ أَبَدٗا

Каапыр адам бактарын ыймандуу шеригине көргөзүү үчүн аны менен багына кирди. Ал каапырлыгы жана суктануу менен өзүнө зулумдук кылып мындай деди: “Бул көрүп турган бактарды көрктөнтүп турган себептерди кылганым үчүн бактар эч качан куурап жок болбойт деп ойлоймун”. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 18

وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةٗ وَلَئِن رُّدِدتُّ إِلَىٰ رَبِّي لَأَجِدَنَّ خَيۡرٗا مِّنۡهَا مُنقَلَبٗا

Ошондой эле кыямат да болбойт. Бул жашоо ушинтип уланып тура берет деп ойлоймун. Эгерде кыямат болот дей турган болсок, анда кайра тирилгенимден кийин бул бактарымдан да жакшы сыйлыктарга жетсем керек. Мен бул дүйнөдө бай болгонум акыретте да бай болууга далил болот. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 18

قَالَ لَهُۥ صَاحِبُهُۥ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَكَفَرۡتَ بِٱلَّذِي خَلَقَكَ مِن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ سَوَّىٰكَ رَجُلٗا

Ага анын ыймандуу шериги ал айткан сөздөрдөн кайтарып: “Сенин түпкү атаң Адамды топурактан жараткан Жаратуучуга каапыр болдуңбу? Ал сени бел суудан жаратып кийин эркек кылып койбодубу? Сенин дене-мүчөлөрүңдү түз кылып толук кылбадыбы? Бул нерселерди кылган Жаратуучу сени кайра тирүлтүүгө да Кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 18

لَّٰكِنَّا۠ هُوَ ٱللَّهُ رَبِّي وَلَآ أُشۡرِكُ بِرَبِّيٓ أَحَدٗا

Бирок мен сен айткан сөздү айтпаймын. Мен: “Ал Аллах менин Раббим. Бизге жакшылыктарын берген жакшылык Ээси. Ага cыйынууда эч кимди шерик кылбаймын” – деп айтамын. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 18

وَلَوۡلَآ إِذۡ دَخَلۡتَ جَنَّتَكَ قُلۡتَ مَا شَآءَ ٱللَّهُ لَا قُوَّةَ إِلَّا بِٱللَّهِۚ إِن تَرَنِ أَنَا۠ أَقَلَّ مِنكَ مَالٗا وَوَلَدٗا

Сен мени бала-чакасы аз жана жарды деп ойлосоң, багыңа кирген кезде: “Аллахтын каалаганы... Ким болсо да Аллахтын жардамы менен гана күч-кубатка ээ болот. Аллах каалаганын кылат жана Ал күчтүү” – деп айтпайт белең? info
التفاسير:

external-link copy
40 : 18

فَعَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يُؤۡتِيَنِ خَيۡرٗا مِّن جَنَّتِكَ وَيُرۡسِلَ عَلَيۡهَا حُسۡبَانٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَتُصۡبِحَ صَعِيدٗا زَلَقًا

Аллах мага сенин багыңдан да жакшы сыйлыктарын берет деп үмүт кыламын. Сенин багыңа Аллах асмандан бир балээ жиберип койбосун. Ошондо эч бир өсүмдүк өспөгөн жана буттар тайган такыр жерге айланат. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 18

أَوۡ يُصۡبِحَ مَآؤُهَا غَوۡرٗا فَلَن تَسۡتَطِيعَ لَهُۥ طَلَبٗا

Же болбосо жериңдин суусу кетип какыраган жерге айланып ал жерден эч качан сууга да жете албайсың. Суусу кеткен жер кургап жок болот. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 18

وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِۦ فَأَصۡبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيۡهِ عَلَىٰ مَآ أَنفَقَ فِيهَا وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُشۡرِكۡ بِرَبِّيٓ أَحَدٗا

Ошентип ыймандуу адам айткандай эле болду. Каапырдын багындагы мөмөлөрдү балээ каптады. Бакты тургузган жана жүзүмдүн шактары илинген устундар кулады. Акырында каапыр адам багын тургузууга кетирген күчү жана текке кеткен акчалары үчүн катуу кейип өкүнүп алаканын жайып отуруп калды. Ал: “Аттиң! Жалгыз Раббиме гана ыйман келтиргенимде кана! Сыйынуумда Ага эч кимди шерик кылбай сыйынганымда кана!” – деп айтып отурду. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 18

وَلَمۡ تَكُن لَّهُۥ فِئَةٞ يَنصُرُونَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَمَا كَانَ مُنتَصِرًا

Ал каапырга түшкөн балээни тоскон анын адамдары да болбоду. Ал убагында адамдары менен мактанып жаткан эле. Анын адамдары болгондо да Аллахтын жиберген балээсинен тосо алышпайт эле. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 18

هُنَالِكَ ٱلۡوَلَٰيَةُ لِلَّهِ ٱلۡحَقِّۚ هُوَ خَيۡرٞ ثَوَابٗا وَخَيۡرٌ عُقۡبٗا

Мына ушундай абал Аллахтын жардам берген убагы. Ал Өзүнүн ыймандуу жакын адамдарына жакшы сыйлыктарды эселеп көбөйтүп берет. Ошондой эле аларга аягы жакшы бүткөн натыйжа берет. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 18

وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَآءٍ أَنزَلۡنَٰهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَٱخۡتَلَطَ بِهِۦ نَبَاتُ ٱلۡأَرۡضِ فَأَصۡبَحَ هَشِيمٗا تَذۡرُوهُ ٱلرِّيَٰحُۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ مُّقۡتَدِرًا

Оо, пайгамбар! Бул дүйнөгө азгырылган адамдарга дүйнөнүн тез өтүп кетүүсүн мисал келтиргин. Бул дүйнөнүн мисалы Биз асмандан жаадырган жамгырдын суусу сыяктуу. Ал жамгыр суусу менен жерден ар кандай өсүмдүктөр өнүп чыгып бышып жетилет. Андан кийин өсүмдүктөр сынып майдаланып шамал аларды ар жакка учуруп жок кылат. Жер кайрадан өз абалына келет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Ал каалаган нерсесин калтырат. Каалаган нерсесин жок кылат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• على المؤمن ألا يستكين أمام عزة الغني الكافر، وعليه نصحه وإرشاده إلى الإيمان بالله، والإقرار بوحدانيته، وشكر نعمه وأفضاله عليه.
Мусулман адам каапырдын байлыгынын алдында өзүн кор тутпаш керек. Ага наасатын айтып Аллахка ыйман келтирүүгө, Анын жалгыздыгын моюнга алууга жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылууга багыттоосу зарыл. info

• ينبغي لكل من أعجبه شيء من ماله أو ولده أن يضيف النعمة إلى مُولِيها ومُسْدِيها بأن يقول: ﴿ما شاءَ اللهُ لا قُوَّةَ إلَّا بِاللهِ﴾.
Ким өзүнүн мал-мүлкүнөн же бала-чакасынан аны суктандырган нерсени көрсө, анда ал жакшылыкты берген Затка аны таандык кылып «Муну Аллах каалады, Ал гана чыныгы күч-кубат Ээси» деп айтуусу зарыл. info

• إذا أراد الله بعبد خيرًا عجل له العقوبة في الدنيا.
Эгерде Аллах пендесине жакшылык кааласа, анда ага бул дүйнөдө эле жазасын эртелетип берет. info

• جواز الدعاء بتلف مال من كان ماله سبب طغيانه وكفره وخسرانه.
Байлыгы аны чектен ашууга, каапырлык кылууга түрткөн адамдын мал-мүлкү жок болсун деп дуба кылуу уруксат. info