ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
28 : 18

وَٱصۡبِرۡ نَفۡسَكَ مَعَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ رَبَّهُم بِٱلۡغَدَوٰةِ وَٱلۡعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجۡهَهُۥۖ وَلَا تَعۡدُ عَيۡنَاكَ عَنۡهُمۡ تُرِيدُ زِينَةَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَا تُطِعۡ مَنۡ أَغۡفَلۡنَا قَلۡبَهُۥ عَن ذِكۡرِنَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ وَكَانَ أَمۡرُهُۥ فُرُطٗا

Эрте менен жана кечинде Раббисине ибадат кылып дуба кылган жана Аллахтан сурап дуба кылган адамдар менен дайыма бирге бол. Байлар менен жана чоң адамдар менен бирге отурууну каалап, ибадат кылган адамдарды карабай койбогун. Жүрөктөрүн мөөрлөп Бизди эстөөдөн бейкапар кылып койгон адамдарга баш ийбегин. Алар жаныңдан кедейлерди кетирип салууңду буйрушту жана Раббисине баш ийүүдөн напсиси каалаган нерсени ээрчүүнү өйдө коюшту. Алардын иш-аракеттери пайдасыз болду. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 18

وَقُلِ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَن شَآءَ فَلۡيُؤۡمِن وَمَن شَآءَ فَلۡيَكۡفُرۡۚ إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلظَّٰلِمِينَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمۡ سُرَادِقُهَاۚ وَإِن يَسۡتَغِيثُواْ يُغَاثُواْ بِمَآءٖ كَٱلۡمُهۡلِ يَشۡوِي ٱلۡوُجُوهَۚ بِئۡسَ ٱلشَّرَابُ وَسَآءَتۡ مُرۡتَفَقًا

Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн жүрөктөрү капилетте калган адамдарга айткын: “Мен алып келген нерсе акыйкат. Ал Аллахтан келген. Мен өзүм ойлоп тапкан эмесмин. Силер мага ыймандууларды кууп жибер деп айткан сөзүңөргө жооп бербеймин. Кимиңер бул акыйкатка ыйман келтирүүнү кааласаңар, анда ыйман келтирсин. Ал сооп-сыйлыгына жеткенде сүйүнөт. Кимиңер каапырлыкты кааласаңар, анда каапыр боло берсин. Аны күтүп турган азапка түшкөндө анын жаны ооруйт. Чындыгында Биз каапырлыкты тандап өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга дубалдар менен тосуп турган отту даярдап койдук. Алар андан качып кете алышпайт. Алар чаңкагандыктан суу сурашканда аларга кир толгон майга окшогон ысык ичимдик берилет. Аларга берилген ичимдик кандай жаман ичимдик! Ал чаңкоону кетирбейт. Кайрадан чаңкоону күчөтөт. Алардын терилерин күйгүзгөн оттун жалыны азайбайт. Алар түшкөн тозок жайы кандай жаман жай! info
التفاسير:

external-link copy
30 : 18

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجۡرَ مَنۡ أَحۡسَنَ عَمَلًا

Аллахка ыйман келтирип жакшы иш-аракеттерди кылгандарга улуу сыйлыктар бар. Чындыгында Биз жакшы иш кылгандардын ишин текке кетирбейбиз. Алардын сыйлыктарын эч бир кемитбей толук кылып беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 18

أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ جَنَّٰتُ عَدۡنٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُ يُحَلَّوۡنَ فِيهَا مِنۡ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٖ وَيَلۡبَسُونَ ثِيَابًا خُضۡرٗا مِّن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۚ نِعۡمَ ٱلثَّوَابُ وَحَسُنَتۡ مُرۡتَفَقٗا

Ыйман келтирген жана жакшы иш-аракеттерди кылгандардын түбөлүк турган жайлары бейиш болот. Алардын үйлөрүнүн алдынан бейиштеги тунук дарыялары агып турат. Алар алтындан болгон билериктерди тагынышат жана жашыл жибектен калың-жука кийимдерди кийишет. Пардалар менен жасалган сөөрүлөрдө сүйөнүп олтурушат. Алардын сыйлыгы кандай жакшы сыйлык. Алар турган жана жашаган бейиш кандай жакшы жай. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 18

۞ وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلٗا رَّجُلَيۡنِ جَعَلۡنَا لِأَحَدِهِمَا جَنَّتَيۡنِ مِنۡ أَعۡنَٰبٖ وَحَفَفۡنَٰهُمَا بِنَخۡلٖ وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُمَا زَرۡعٗا

О, пайгамбар! Аларга эки кишинин окуясын мисал катары айтып бер: “Бирөөсү каапыр, экинчиси ыймандуу эле. Каапырдын эки багы бар болчу. Ал эки бакты курма дарак менен тоскон элек. Анын ичине ар кандай бак-даракты жана эгин-зарды өстүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 18

كِلۡتَا ٱلۡجَنَّتَيۡنِ ءَاتَتۡ أُكُلَهَا وَلَمۡ تَظۡلِم مِّنۡهُ شَيۡـٔٗاۚ وَفَجَّرۡنَا خِلَٰلَهُمَا نَهَرٗا

Ал эки бак курмадан, жүзүмдөн жана эгинден толук түшүмдүү болуп кемитпей берип турган. Ал эки бакты суугаруу жеңил болуу үчүн ал экөөсүнүн ортосунан дарыя агыздык. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 18

وَكَانَ لَهُۥ ثَمَرٞ فَقَالَ لِصَٰحِبِهِۦ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَنَا۠ أَكۡثَرُ مِنكَ مَالٗا وَأَعَزُّ نَفَرٗا

Бул эки бактын ээсинде мал-мүлктөрү жана башка мөмө-жемиштери көп эле. Ал ыймандуу шеригин азгырып таасир берүү үчүн ага мындай деп айтты: “Менде сага караганда мал-мүлкүм көп, сенден да кадырлуумун жана туугандарым да күчтүү”. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• فضيلة صحبة الأخيار، ومجاهدة النفس على صحبتهم ومخالطتهم وإن كانوا فقراء؛ فإن في صحبتهم من الفوائد ما لا يُحْصَى.
Жакшы адамдар менен бирге жүрүүнүн артыкчылыгы. Алар кедей болушса да алар менен бир болууга аракеттенүү. Анткени алар менен бирге болууда көптөгөн пайдалар бар. info

• كثرة الذكر مع حضور القلب سبب للبركة في الأعمار والأوقات.
Аллахты жүрөк менен эстеп зикир кылуу – өмүрдүн жана убакыттын берекелүү болушуна себеп болот. info

• قاعدتا الثواب وأساس النجاة: الإيمان مع العمل الصالح؛ لأن الله رتب عليهما الثواب في الدنيا والآخرة.
Сыйлыктын жана ийгиликтин негизги эрежеси – ыйман келтирүү менен жакшы иштерди кылуу. Анткени Аллах ушул эки эрежеге бул дүйнөнүн жана акыреттин сыйлыгын койду. info